Үсөнгазы Асаналиев

Википедия дан
Асаналиев, Үсөнгазы‎»‎ барагынан багытталды)

Асаналиев Үсөнгазы [1934-ж. т, Жети-Өгүз району, Шалбаа (азыркы Тилекмат) айылы] — геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1971), профессор(1979), Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги (1993; мүчө, 1979), Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги (1992), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1957-ж. ФПИни бүткөн. 1958—74-ж. Кыргыз ССР геология башкармасынын геология чалгындоо партиясында геолог, Кыргыз ССР ИАнын геология институтунда аспирант, кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы. 1974—93-ж. ФПИде (1993-жылдан Кыргыз техникалык университетте) илимий иштер боюнча проректор, 1993-жылдан Кыргыз тоо-кен-металлургия институтунун ректору. Асаналиев түстүү, сейрек жана баалуу металлдардын жер кыртышында чекме жол менен пайда болгон кендерин изилдөөчү илимий багыттын өкүлү. Анын илимий изилдөөлөрү негизинен эки багытта жүргүзүлгөн. Биринчиси — Теңир-Тоодогу коргошун, цинк, жез, вольфрам, күмүш, алтын, пирит, барит, флюорит кендеринин геологиясын изилдөөгө, экинчиси — түстүү, сейрек жана баалуу металлдардын, ошондой эле колчедан, барит, флюорит жана целестиндин стратиформ (чекме) кендеринин жер кыртышында пайда болуу жана жайгашуусунун жалпы закон ченемин аныктоого арналган. Ал стратиформ кендеринин издөө критерийлери менен алдын ала айтуу методикасын иштеп чыгып, түстүү, сейрек жанаб аалуу металлдардын стратиформ кендеринин пайда болушуна негизделген жалпы классификациясын алгач сунуш кылган.

Илимий эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Литология и рудоносность девонских и ниже-каменноугольных отложений Срединного Тянь-Шаня. — Фр.: 1974;
  • Закономерности размещения стратиформных месторождений Тянь-Шаня. — Фр.: 1984;
  • Месторождения цветные и редких металлов в карбонатных формациях. — М.: 1988;
  • Справочное пособие по стратиформным месторождениям. — М.: 1990;
  • Стратиформные месторождения цветных, редких и благородных металлов, — Б.: 1991.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1986-ж. Асаналиевге жана башка илимпоздорго «Түстүү металлдардын стратиформ кендери жана генезиси» аттуу илимий эмгектердин цикли үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1995). Асаналиев 150 илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография), 3 окуу китебинин (кен геологиясы боюнча) автору. Анын редакциясы менен 20 илимий эмгектин жыйнагы жарыяланган. СССРдин кендерин чалгындоонун отличниги (1984), Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1984).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1