Айсалкын Асанова

Википедия дан
Асанова Айсалкын‎»‎ барагынан багытталды)

Асанова Айсалкын (26. 12. 1945-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тамга айылы) экономист, экономика илимдеринин доктору (1990), профессор (1992). Москва жеңил өнөр жай технологиялык институтунун инженер-экономика факультетин бүткөн (1967). 1969-72-ж. Г. И. Плеханов атындагы Москва эл чарба институтунда асппрантурада окуган. 1972-жылдан КУУнун экономпка факультетинде окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, 1999-жылдан Менеджмент жана бизнес борборунун директору. 100дөн ашуун илимий эмгектердин автору. Аларда негизинен рыноктук экономикалык мамилелердин татаал процесстери, рынок экономикасы шартында өнөр жай, финансы жана банк системасын өнүктүрүү, экономиканы, менеджментти жана маркетингди мамлекеттик жөнгө салуу маселелери каралган. Эмгектери: Денежно-кредитная политика и банковская система. Б., 2000; Реформа экономического образования в Кыргызской Республпке. Б., 1993; Проблемы налогооблажения в Кыргызстане. Б., 1998.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1