Дайыр Асанов

Википедия дан
Асанов Дайыр‎»‎ барагынан багытталды)

Асанов Дайыр - (30. 5. 1922-ж. т., Нарын облусу, Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы) - Советтер Союзунун Баатыры (1943), генерал-майор (1994). Ульяновскидеги танкалык окуу жайын (1945), Ташкендеги танкисттердин жогорку окуу жайын (1947), Москвадагы В. И. Ленин атындагы аскердик-саясий академияны (1956) бүтүргөн. 1941-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-жылдан Жогорку Башкы Командованиенин 11-артиллериялык жарып өтмө дивизиясына 31-жеңил артиллериялык бригадасынын 1208-истребителдик танкага каршы артиллериялык полкунда наводчик ж-а замбирек командири болгон. Пятницк кыштагында (Харьков облусу, Чугуев району) үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка менен чабуулунун мизин кайтарууда ал немецтердин 8 танкасын ж-а 6 бронетранспортерун жок кылган. 1945-ж. танк взводунун рота командири, 1958-62-ж. Кыргыз ССР Аскер комиссариатынын саясий бөлүмүндө пропагандист, 1962-70-ж. Токмок шаардык, 1970-84-ж. Бишкек шаарынын Ленин райондук аскер комиссары, 1985-жылдан КРнын офицер кесибине даярдоочу атайын мектеп-интернатынын директору, аскер окуу жайынын начальниги болуп иштеген. 2001-жылдан Бишкек шаардык согуш, эмгек жана куралдуу күчтөрүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы. Д. Асанов «Военно-патриотическое воспитание молодежи» (Ф., 1976), «Ради жизни на земле» (Б., 2002), «Святой долг и призвание командира» (Б., 2006) аттуу эскерүү китептердин автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1951-55) депутаты. Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине 2005-ж. Асановдун ысмы ыйгарылган. Ленин, эки 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, 4 Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы «Манас» ордендери ж-а медалдар менен сыйланган.

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1