Мазмунга өтүү

Асексуалдулук

Википедия — ачык энциклопедия
Асексуалдулуктун желеги
Асексуалдулуктун символу

Асексуалдуулук (ошондой эле aйс-спектр же а-спектр ) — бул жыныстык каалоону сезбеген же сексуалдык каалоосу өтө төмөн болгон адамдардын аныктамасы же өзүн-өзү аныктоосу[1].

Жыныстык каалоо болгонуна карабастан, аң-сезимдүү түрдө жыныстык мамиледен кармануу асексуалдуулук болуп эсептелбейт. Асексуалдуулук кээде сексуалдык багыттын жоктугу катары, кээде болсо гетеросексуалдуулук, гомосексуалдуулук жана бисексуалдуулук сыяктуу анын бир түрү катары классификацияланат [2].

Адамзат калкынын 1% нан 1,7 % чейин өздөрүн асексуалдуу адамдар катары белгилешет[3].

Асексуалдуулук антисексуалдуулуктан айырмаланат. Асексуал адамдар менен антисексуал адамдардын ортосунда окшоштук болушу мүмкүн, бирок асексуалдуулук жыныстык катнаштын өзү жөнүндө оң же терс көз карашты билдирбейт. Ошондой эле асексуалдуулук ар дайым эле жыныстык катнашка жана/же тукум улоого физикалык жөндөмсүздүктү билдирбейт.

Асексуализмди ушул кезге чейин ориентация же сексуалдык конституция катары кароо керекпи деген талкулар жүрөт. Кээде жыныстык дисфункцияларды "асуксуалдулук" деп жаңылышат. Же алар толугу менен жыныстык каалоонун азайышы, жыныстык катнашка баргысы келбегендикти, терс тажрыйбаны, өнөктөштүн темпераментине туура келбегендиги жана башка нерселер менен чаташтырышат.[ булак көрсөтүлгөн эмес 751 күн ] Асексуалдулуктун эл аралык күнү (англ. International Asexuality Day) кээ бир өлкөлөрдө 6-апрелде белгиленет.

Асексуалдулуктун маалымдоо жумалыгы (англ. Asexual Awareness Week или Ace Week ) жыл сайын октябрдын акыркы жумасында өткөрүлөт.

Асексуализмге, салыштырмалуу, азыраак изилдөөлөр арналган. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр асексуализм гомосексуализмден же сексуалдык ориентациянын башка түрлөрүнөн кем эмес таралган деп ырасташат.

Асексуалдардын жүрүшү WorldPride 2012 де, Лондон, Улуу Британия
Асексуалдардын жүрүшү WorldPride 2017де, Мадрид, Испания

Асексуалдулук көбүнчө балалуу болууну каалоо же каалабоо менен байланыштуу эмес. Балалуу болууну каалаган асексуалдар боюна бүтүү үчүн жыныстык катнашка барышы мүмкүн, бирок ошол эле кезде жасалма уруктандырууну же асырап алууну да тандашы мүмкүн[1].

Асексуалдулук сексуалдык аракеттерден атайылап баш тартуу менен бирдей эмес (бул, өз кезегинде, анын бир гана диний формасы менен аныкталбашы керек - "бойсуздук" анты ). Көптөгөн асексуалдар социалдык басым көрүүлөрдүн таасири астында жыныстык катнашка кызыгып, өнөктөшүнүн каалоосун канааттандыруу, ырахат алуу/сексуалдык жактан бошотуу (эч кандай тартылуусу жок/андан көп маани бербестен) же тукум улоо үчүн аракет кылышат; Өз кезегинде, бардык Н<b>ике жана жыныстык мамиледен өз ыктыяры менен баш тартуу</b> асексуалдуу эмес.

Грейсексуалдуулук же боз сексуалдык (англ. gray asexuality), - сексуалдык жактан "нормалдуу" жана асексуалдык артыкчылыктардын ортосунда турган адамдардын өзгөчөлүгү. Алар маанайдын өзгөрүшүнө көбүрөөк кабылышат жана белгилүү бир жагдайларда же инсандардын айрым түрлөрүнө гана сексуалдык тартылууга дуушар болушу мүмкүн. Грейсексуалдуулук асексулдарга гана эмес, башка ориентациянын өкүлдөрүнө да мүнөздүү.

Демисексуалдуулук — бул сексуалдык идентүлүк, аныктамасында күчтүү эмоционалдык байланыш менен жыныстык каалоону камтыйт[4].

Асексуалдуу романтика - секске тартылбай туруп, адамдарды сүйүп, адамдарга романтикалык тартылууну сезе турган асексуалдуулуктун бир түрү. Мындай адамдар платондук мамилеге ээ болушат.

Асексуалдык ароманттикалык - бул ар кандай жыныстагы адамдарга сексуалдык жана романтикалык тартылуунун жоктугу.

  • Антисексуалдуулук
  • Гиперсексуалдуулук
  • Гиполибидемия
  • Демисексуалдуулук
  • Импотенция
  • Фригиддүүлүк
  • Бойдокчулук
  1. 1.0 1.1 Феномен уснувшего Эрота в современной русской культуре (асексуальность как наше будущее)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  2. Sex and Society (англ.) / Marshall Cavendish. — Marshall Cavendish, 2010. — Vol. 2. — P. 82—83. — ISBN 978-0-7614-7906-2. Архивировано 11 -январь (үчтүн айы) 2023 года.
  3. Веселко, 2020
  4. Ближе некуда: что такое демисексуальность(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).