Мазмунга өтүү

Асипова Нурбүбү Асаналиевна

Википедия — ачык энциклопедия

Асипова Нурбүбү Асаналиевна (1946-жылы кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган, Нарын облусу, Кочкор району) - педагогика илимдеринин доктору (1999), профессор (2001). 1964 –жылы Фрунзедеги №1 мектеп-интернатты бүтүрүп, ошол эле жылы кыргыз мамлекеттик университеттин чет тилдер факультетине тапшырып, аталган университетти 1969-жылы бүтүргөн.

Ал Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучулук кесипте 1971-жылдан баштап, 50-жылдан бери эмгектенип келе жатат. 1976-1979 жылдары Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунун астындагы аспирантураны бүтүрүп, 1980 жылы жалпы педагогика боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. 1998 жылы Алматыда докторлук диссертациясын жактагандан кийин КМУда профессор окутуучулук кесибин улантат.

Проф. Н.А. Асипова 200дөн ашык илимий–педагогикалык эмгектердин автору. Алардын ичинде 2 монография, 4 окуукитеби, 6 окуукуралы, 1 окуу программасы жана көптөгөн илимий макалалар бар, алар Россияда, Канадада, Польшада, Турцияда, Россияда жана Казакстанда жарык көргөн.

1997-жылы АЙРЕХ, 2012 Фулбрайт программаларынын гранттарын утуп алып, АКШынын Индиана, Кент Стейт университтеринде изилдөөчү, конок окутуучу катары иштеген. Учурда окумуштуунун жетекчилиги астында педагогика илиминин 25 кандидаты, 3 доктору даярдалып, Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда эмгектенип жатышат.

2007-2009-жылдары НАТОнун гуманитардык өнүгүү программасы боюнча серепчилик милдет аткарып, Кыргыз Республикасын эл аралык деңгээлде татыктуу тааныта алды.  Профессор Н.А. Асипова тарабынан кыргыз тилинде «Социалдык тарбия», «Билим философиясы жана тарыхы», “Жогорку мектептин педагогикасы”, “Окуучу жаштарды тарбиялоо жана билим берүү үн актуалдуу маселелери”, «Заманбап билим парадигмалары» ж.б. окуу куралдары жазылып, студенттер жана педагогиалык коомчулук тарабынан колдонулууда.  

Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө жетишкен ийгиликтери үчүн КР Билим   берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, КР мамлекеттик тил комиссиясыны “Кыргыз тил” төш белгиси, КР педагогдор коомунун «Педагогканын каарманы» төш белгиси менен сыйланган.

Урматтуу эже биз жубайы Асипов Салморбек менен 50 жылдан ашык жашаган мезгилинде 3 баланын, 6 неберенин, 1 чөбөрөнүн ата-энеси болушту. Көптөгөн урук-туугандар арасында кыйналганда жол көрсөткөн, жашылыкты тең бөлүшкөн, мээнеткеч жубайлар.  

Чыгаан окумуштуу-педагог өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүндө бийик ишмердик тартипти, адилеттүүлүктү жана калыстыкты бийик тутуп, инсандык жылуу мамилелерди түзүп келет. Студенттер жана эмгектик жамаатта кадыр барка ээ.  

Учурда профессор Н.А. Асипова Ж. Баласагын атындагы КУУтинде Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору катары эмгектенип келет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Ийгилик сапары - Путь к успеху:Био-библиографиялык очерк./Бишкек, 2016. -191б.ISBN 978-9967-27-964-3