Аскерий укук
Аскерий укук – КР Куралдуу Күчтөрүн түзүү тармагында, аскерлердин жашоо-турмушун жана ишмердигин уюштурууда коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин жыйындысы. А. у. укуктун комплекстүү тармагы болуп эсептелет, анткени, ал салттуу тармактардагы (административдик, жарандык, эмгектик, кылмыш-жаза ж. б.) ченемдер менен бирге атайын аскердик-укуктук актыларды да өз ичине камтыйт. А. у. КР Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлүшүнүн принциптери менен ченемдерин; аскерлерди башкаруунун негиздерин; КР Куралдуу Күчтөрүн өздүк курам менен жабдуунун жана аскер кызматын өтөөнүн тартибин; аскерлерди уюштуруунун жана материалдык жана акча каражаттары менен камсыз кылуу тартибин; командирлердин (начальниктердин) тартиптик бийлигин жана аскерлердин тартибин чыңдоонун негиздерин; аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдик берүүнүн, бааракы жана жөлөк пулдарды чектөөнүн маңызын жана тартибин;КР Куралдуу Күчтөрүндөгү аскер кызматкерлеринин жана жарандык персоналдардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |