Мазмунга өтүү

Аскер бөлүгү (тасма)

Википедия — ачык энциклопедия
Аскер бөлүгү (тасма)
РежиссеруОливер Стоун
ПродюсерАрнолд Копелсон
ЖазуучуОливер Стоун
ОператоруРоберт Бриж Ричардсон
Тартылгандар
МузыкасыЖорж Делерю
РедакторуКлэр Симпсон
СтудияHemdale Film Corporation
ЖайылтуучуOrion Pictures
Чыккан жылы19-декабрь, 1986-ж.
Узактыгы120 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$6 млн[2]
Киреше$138.5 млн (Түндүк Америка)[2]

"Аскер бөлүгү" (англ. Platoon, орус. Взвод) - 1986-жылы Оливер Стоун тарткан жана сценарийин жазган америкалык согушка каршы тасма. Катышкандар: Том Беренжер, Уиллем Дефо жана Чарли Шин. Бул тасма Оливер Стоун тарткан Вьетнамдагы согушу үчилтигинин алгачкысы. Уланды тасмалары - "4-июлда төрөлгөн" (1989) жана "Асман жана Жер" (1993).

Стоун тасма сценарийин Жон Уейндин "Жашыл баш кийимдүүлөр" тасмасында сүрөттөлгөн согуш элесине каршы чыгып, Вьетнамдагы согушта америкалык жөө аскер катары тажрыйбасына таянып жазган. "Аскер бөлүгү" Вьетнам согушунун ардагери тарткан жана жазган алгачкы Голливуд тасмасы болуп эсептелет.

"Аскер бөлүгү" 1986-жылы Оскардын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер" (Оливер Стоун), "Эң мыкты үн" жана "Эң мыкты монтаж" сыйлыктарын жеңип алган. 1998-жылы "AFI" тасманы "Жүз жыл ичиндеги жүз тасма" рейтингинде 83-орунга койгон.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Platoon. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 20 -июль (теке) 2015.
  2. 2.0 2.1 Platoon (1986). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 13 Апрель 2012.