Асранкулов Аман Бөрүбаевич

Википедия дан

Асранкулов Аман Бөрүбаевич (1939, Фрунзе – 1998) – живописчи. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1964), Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун (1969) бүтүргөн. 1970-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. 1976-ж. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн председатели болуп шайланган. Асранкуловдун чыгармачылыгын көбүнчө сюжеттик-тематикалык жана портрет жанры түзгөн. Асранкуловдун полотнолорунун каармандары (Социалдык Эмгектин Баатыры С. Тешеев, милициянын ага сержанты К. Мырзаев ж. б.) курч мүнөздүү жана турмушта активдүү позицияны ээлейт. Асранкулов өзүнүн алдына койгон тематикалык маселелерди эмоционалдуу чечмелейт (мис., “Тамекичилер”, “Теңтуштар”, 1973; “Тамеки пресстөөчүлөр”, 1980). Асранкуловдун эмгектери Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталууда. Асранкулов Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1