Ассам тоосу

Википедия дан

Ассам тоосу, Шиллонг (тайлардын бир уруусу ахомдон - «жеңилгис») - Индиянын түндүк чыгышындагы тайпак тоо. Узундугу 350 кмдей. Бийиктиги 1961 м. Капталдары өрөөн-капчыгайлуу. Жер шарындагы жаан-чачын эң көп жааган жерлердин бири, анда жаан-чачындын орточо өлчөмү 12 миң мм (Черапунжи). Нымдуу тропик токою, бадалдар ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1