Ассемблер тили

Википедия дан
Ассемблер тилиндеги Motorola MC6800 баракчасы (солдо адрестер жана машиналык коддор эсептөөнүн он алтылык тутумунда баштапкы программанын коду, ассемблер менен эсептелинип жана жалпыланган,оңдо программанын тексти мнемоникалык нускамасы, белгилери, буйрукчул көрсөтмөлөрү, туюнтмалары жана түшүндүрмөлөрү менен)

Ассемблер тили (англ. assembly language), автокодпрограммалоонун жөнөкөй тили. 1:1 түрүндөгү автокод кеңири таралган, анда тилдин негизги элементи сандуу эсептегич машина (СЭМ) тилине которгондо, өзүнчө командага айланат. СЭМ тутумунда мүмкүн болгон ар кандай программаны 1 :1 түрүндөгү автокоддун жардамы менен түзүүгө болот. 1:1 түрүндөгү автокод менен программалоо СЭМ тилинде программадоого окшош, ыңгайлуу жана ишти үч эсе дээрлик тездетет. Автокодго берилген алгоритм программа-транслятордун жардамы менен СЭМ программасына айландырылат. Автоматтык программалоонун көп тутумунда программалоонун башка тилинен СЭМ кодуна которгондо, автокод орто аралык тилдин милдетин аткарат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.