Ассимиляция (геологияда)

Википедия дан

Ассимиляция (геологияда) [assimilatio - окшоштук, кейиптенүү] - магма менен анын айлана-чөйрөсүндөгү тоо тектердин өз ара аракеттенишүү (эрүү, эритүү, сиңирүү жана башка) процесси. Магма жогору көтөрүлгөндө, жанаша жаткан тоо тектерди жана магмага түшкөн алардын бөлүкчөлөрүн бүт же жарым-жартылай эритип, өзүнүн курамын, дагы ушул сыяктуу касиеттерин өзгөртөт. Ошондой эле жанаша жаткан тоо тектер өзгөрүүлөргө учурап, алардан жаңы тек келип чыгат. Кээде тоотектин кесек бөлүкчөлөрү магма менен аралашып, ксенолитти (чоочун ташты) пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1