Астатикалык жөндөгүч

Википедия дан

Астатикалык жөндөгүч, астатикалык регулятор — жөнгө салынуучу системага сырткы таасирлерди бирдей кармап туруучу автоматтык жөнгө салгыч механизм. Жөнөкөй жөндөгүч системада суюктуктун сарпталышына (көбөйүп же азайып) жараша калкыгыч жогорулап же төмөндөп, үстүңкү же астыңкы контактка тийип турат. Натыйжада электр кыймылдаткычы ишке киришип, жапкычты ачып же жабуу менен суюктуктун агып чыгышын жөнгө салат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1