Астрология

Википедия дан
Астрология.

Астрология - асмандагы жарык чыгаруучулардын, айрыкча планеталардын жайгашуусу м-н тарыхый окуялардын, адам тагдырынын ортосунда байланыш бар деген ишеним окуу. Астрология системасы Байыркы Месопотамияда, Грекияда, Индия ж-а Кытайда өнүккөн. Орто кылымда аcтpология өзгөчө ислам өлкөлөрүндө ж-а Батыш Европада белгилүү болгон. Acтpологиялык окуулар алхимия ж-а сыйкырчылык м-н тыгыз байланышта болгон. Көптөгөн астрономдор бир эле убакта эллипистика аcтpологияны өнүктүрүшүп, астролог болушкан. Acтpологиялык алдын-ала айтууга астрологиялык ж-а метеорологиялык кубулуштар, а. и. Ай ж-а Күндүн тутулушу, планета м-н жылдыздардын чыгышы ж-а батышы, планеталардын топ жылдыздарга салыштырма ж-а бири бирине карата жайгашышы негиз болот. Ар бир мындай кубулуш жерде болуучу айрым окуяны алдынала билдирүүчү өзгөчө белги катары каралган. Азыр да кээ бир өлкөлөрдүн өнүгүүсүн, келечегин «алдын ала айтуу» үчүн астролог кызматын пайдаланышат (гороскоп түзүү). Байыртан берки эклиптиканы 12 зодиак топ жылдыздарына бөлүү аcтpологиянын негизин түзөт.

Астрология боюнча Ай, Күн, Чолпон, Үркөр, Жетиген, Учуучу жылдыз, Куйруктуу жылдыз ж.б. көптөгөн асман телолору тууралуу көркөм поэтикалуу мифтерди, уламыштарды жаратышы далил боло алат. Астрология окуусу жарык чыгаруучу асман телолорунун, айрыкча планеталардын жайгашкан абалына карап туруп, башталуучу иштин аягы эмне жыйынтык менен бүтөрүн, кишинин же бүтүндөй бир элдин келечек тагдырын алдын ала айтууга негизделген. Астрологдордун ою боюнча Күн, Юпитер, Сатурн, Марс, Чолпон, Меркурий, Ай адамдардын келечек тагдырына өз таасирлерин тийгизет, жашыруун күчкө ээ болушат деген ишеничте болушкан. Астрология астрономиядан айырмаланып өз алдынча илим жана илимий багыт эмес. Кыргыздар байыртадан асман телолорунда болуп жаткан кубулуштар жана алардын сырларына кызыгышкандыгын элдик уламыштардан, дастандардан, руникалык кыргыз жазма эстеликтеринен байкоого болот. Кыргыздар жылдыздардын жайгашышына карата көчүп-конуу, сапарга чыгууну ж.б. аныкташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]