Астрометрия

Википедия дан

Астрометрия (астро... жана ...метрия) - астрономиянын бир бөлүмү. Ал Ааламдын мейкиндиктеги картинасын түзүү үчүн асман объектилеринин геометриялык, кинематикалык жана динамикалык касиеттерин изилдейт. Астрометрия методу асман объектилеринин параллаксын, планета жана жылдыз орбиталарын, алардын бетиндеги нерселердин өлчөмүн, жайгашышын ченейт. Астрометриянын маалыматтары астрономиянын асман механикасы, астрофизика, жылдыздар астрономиясы, геодезия жана геофизикада кеңири колдонулат. Астрометриянын негизги милдети – астрономиялык туруктуу чоңдуктардын сан маанилерин аныктоо, жылдыздардын абалын жана өздүк кыймылдарынын каталогдорун түзүү. Биздин заманга чейинки 4-кылымда эле кытай астроному Ши Шень айрым жылдыздардын каталогун түзгөн. Грек астроному Гиппарх прецессия кубулушун ачып, 1022 жылдыздын каталогун түзгөн, 15-кылымда Улугбек бул жылдыздарды кайрадан изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1