Астрономиялык саат

Википедия дан
Астрономиялык саат (Прага).

Астрономиялык саат– өтө жогорку тактыктагы саат, термелүү маятниги убакыттын бир калыптагы шкаласын берет.

1657-ж. Х. Гюйгенс жогорку тактыктагы астрономиялык сааттын системасын биринчи түзгөн. Сааттын маятнигинин термелүү мезгили маятниктин узундугуна жана анын аймагындагы абанын тыгыздыгына көзкаранды болгондуктан, маятниктин өзөгү өз ара туташтырылган бир нече бөлүмдөн жасалат. Температуранын жогорулашы менен маятниктин бир бөлүгү кысылат, жалпысынан маятниктин узундугу өзгөрбөйт. Маятникке атмосфералык басым таасир тийгизбес үчүн абанын басымын азайтып, жел кирбегендей чаптап бекитилет.

Астрономиялык саат Жердин титиреши жана башка термелүүлөрдүн таасири тийбесин үчүн атайын тереңдетилген жайда сакталат. Азыркы астрономиялык сааттарга суткалык жүрүшү 5•10­4секга чейин болгон маятниктүү саат, суткалык жүрүшү 10­8секдай болгон квант сааты жана кварц сааты кирет.

Кошумча макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек, Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов.