Асфальт төшөгүч

Википедия дан

Асфальт төшөгүчавтомобиль жолун, аэродром курууда жана оңдоодо, алардын жабуусуна асфальт-бетонду жана башканы битум-минералдык аралашмаларды төшөөчү, өзү жүрүүчү жол куруу машинасы. Ал өндүрүмдүүлүгү боюнча өтө оор (300 о/с жогору), оор (150300 о/с), орто (75150 о/с) ж-а жеңил (25 о/с дан кем эмес) болуп айырмаланат. Жүрмө бөлүгүнө карата каз таман, дөңгөлөктүү жана айкалыштырылган болуп бөлүнөт. Ал автотранспорттон аралашманы кабыл алуу, аларды бөлүштүргүч айланма шилегичке жиберүү, төшөлүүчү тилкенин энине жараша жаюу, жабуунун көрүнүшүн жакшыртуу, тегиздөө жана аны тыгыздоо кызматын аткарат. Ал жумушчу шаймандары жана автоматтык башкаруу менен камсыздалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1