Мазмунга өтүү

Асылбаш, урук

Википедия дан

Асылбаш уругу - баргы, солто урууларынын курамдарындагы уруктар[1]. Этнотопоним.

С.М. Абрамзон солтодогу Асылбаш уругу адигине уруулук тобунан келип киргендигин белгилейт[2]. Бул пикирди баргы уруусундагы (Адигине уруулук тобу) Асыл баш этнониминин параллели да ырастайт. Адигине бийден Баргы бий, андан Сансыз, андан Ардай, Ардайдан Асылбаш, андан Асан, Сарай, Тантабар, Койсары.Асандан Райымбек, Саты.Тантабардан Доскулу андан Токто.Токтодон Кудайменде, Кенже баатыр, Дорбобаш баатыр, Менсейит, Кочок.Кудаймендеден Нышаа баатыр, Элтузор, Калча.Кенже баатырдан Чортон, Чиркей, Темиржан, Каракуш, Кубат.Менсейиттен Тулоке баатыр, Шамаке, Ото, Ниязкул.Кочоктон Толон, Туломот.Токтонун Дорбобашы кыргыз-калмак согушунда далай эрдиктерди корсоткон баатыр киши болгон экен.Дорбобаш баатыр жонундо Бала Айылчы, Белек Солтоноев, Сапарбек Закиров сыяктуу тарыхчы,санжырачылар жазышкан.Койсарыдан Койлон андан Сасман, Сартек.Сасмандан Карача.Сартектен Тагайча.Асылбаштын небереси Нышаа баатыр калмак-кыргыз согушунда чон эрдиктерди корсоткон экен. 1758-жылы Нышаа баатыр баштаган кыргыз элчилери Кытай императоруна элчилик сапар менен барып келген.Асылбаштын дагы бир баатыры Кенже баатыр калмактар менен болгон согуштун жигердуу катышуучусу.Кенже баатыр солтонун бийи Кошой менен куда соок болгон Кенженин кызы Жакшылык Кошойдун уулу Жамансарт бийдин байбичеси болуп,ал экоонон торолгон балдар Эсенаман, Тулоберди, Борубай. Нышаанын небереси Байзак оз заманынын мыкты баатырларынын бири болгон.Байзак баатыр солтонун бийи Чолпонкулдун куйоо баласы болгон. Асылбаш - Сокулук районундагы айыл аталышы катары маалым[3].

  1. Абрамзон, 107.
  2. Абрамзон, 1960, Т. IV, 24.
  3. СГНК, 1988, 54.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]