Дүйшө Атаев

Википедия дан
Атаев, Дүйшө‎»‎ барагынан багытталды)

Атаев Дүйшө (1905, Жумгал району, Түгөл айылы — 1942, түрмөдө өлгөн) — мамлекеттик партиялык ишмер.
1927-жылдан КПССтин мүчөсү. Ата-энесинен эрте ажырап, кулактарга жалданып иштеген.
1924— 26-ж. Бишкек айыл чарба техникумунда окуган, 1927-жылдан комсомолдун Талас кантондук комитетинде иштеп, кийин САКУга (Ташкен) тапшырган. Аны 1932-ж. бүтурүп, ошол жерде аспирантурада калтырылган.
1933—37-ж. Ташкен марксизм-ленинизм институтунун угуучусу, 1937—38-ж. Кыргызстан КП БК (б)нын Республика агартуу үйүндө кабинет башчысы жана окутуучу, 1938—39-ж. Кыргызстандын Радиокомитетинин төрагасы, Кыргызстан КП БК(б)нын басма сез бөлүмүнүн башчысы, Кырмамбаста башкы редактор, директордун орун басары, директору, 1940-ж. марттан Кыргызстан КП БК(б)нын пропаганда жана агитация боюнча катчысы, ошол эле мезгил¬де 1940-жылдын ноябрынан “Коммунист” журналынын редактору болуп иштеген.
1942-ж. Мартта Советтик Армиянын катарына чакырылгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган жана дароо эле саясий жалаа менен камакка алынган. Ошол эле жылы түрмөдө каза болгон. 1956-ж. акталып, 1957-ж. партиялуулугу калыбына келтирилген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.