Иван Крылов: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Иван Андреевич Крылов''' - Орус элинин улуу тамсилчиси. Ал 1769-жылы 13-февралда офицердин үй-б..."
 
м Робот: изменение Категория:Персоналия на Категория:Инсандар
3-сап: 3-сап:
Кырылов И.А. Квартет:Тамсилдер /Котор.А.Токтогулов, Р.Шүкүрбеков. -Ф.:Мектеп, 1987.
Кырылов И.А. Квартет:Тамсилдер /Котор.А.Токтогулов, Р.Шүкүрбеков. -Ф.:Мектеп, 1987.
Крылов Иван Андреевич //Кыргыз Совет Энциклопедиясы.- Ф., 1978. Т.3.<br>
Крылов Иван Андреевич //Кыргыз Совет Энциклопедиясы.- Ф., 1978. Т.3.<br>
<br>
[[Category:Персоналия]]

[[Category:Дүйнө]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Category:Илим]]
[[Категория:Дүйнө]]
[[Category:Коом]]
[[Категория:Илим]]
[[Category:Европа]]
[[Категория:Коом]]
[[Category:Россия]]
[[Категория:Европа]]
[[Category:Жазуучу]]
[[Категория:Россия]]
[[Category:Орус тарыхы]]
[[Категория:Жазуучу]]
[[Category:18-кылым]]<br>
[[Категория:Орус тарыхы]]
[[Категория:18-кылым]]

12 сентябрь 2012, саат 07:28 учурдагы нуска

Иван Андреевич Крылов - Орус элинин улуу тамсилчиси. Ал 1769-жылы 13-февралда офицердин үй-бүлөсүндө туулган. Иван Крылов жаш кезинде атасы өлүп, энеси экөө турмуштун запкысын тартат. Мындай жокчулук, караңгы турмуш тамсилчинин аң-сезимин ойготуп, мыскылдуу күлкүлүү чыгармаларды жаратууга түрткү болгон. Ошентип орус элинин тамсили Иван Крылов Андреевич менен кошо төрөлдү. Өз заманындагы феодалдык турмушту, эски төрөлөрдү, жегич помещиктерди, адилетсиз өкмөттү зулум карышкырга, куу түлкүгө теңөө менен айбандардын образын адамга типтүү кылып көрсөтөт. Бул тамсили менен койду момун кишилердин образына салыштырып, ал эми карышкыр-зулум ошол мезгилдеги помещик, байларга теңеп, тамсилдеги алсыздарайым күнөөлүү-күнөөсүз болуп көрүнөт. Козу, коён, турналар канчалык жакшы кылып ак ниет болсо да, карышкыр менен түлкүдөн кордук көрүп, өлүмгө учурашат. Иван Андреевич Крылов жаш кезинен тартып Ломоносов, Сумароков, Державинден үлгү алып алардын эмгектерин көп окуйт. Ал жалаң тамсилди гана эмес драма жана поэма да жазган. Алгачкы комедияларында ("Кофе тарткыч" (1782); "Тентектер" (1788) [[крепостной] кулк-мүнөздү жана классицизмдин конондорун мазактаган. 1782-жылы Петербургга келип, 1783-жылы "Конфейница" комедиялык операсын, 1786-жылы "Филомела" трагедиясын жазган. 1789-жылы "Почта духов" жана 1792-жылы "Зритель" аттуу журнал чыгара баштап, ага өзүлөрүнүн куйкум өздүү чыгармаларын жарыялайт. 1806-жылы "Модная лавка", "Урок дочкам", "Илья-богатырь" деген пьеса жазып, бул пьесалар сахнага коюлуп жана элге жаккан. Ал эми 1809-жылы анын тамсилинин биринчи жыйнагы жарыкка чыгат. Анын тамсилдери ХIХ кылымдын башында жаралса да ушул убакка чейин маанисин жоготкон эмес. Ал 1812-жылы Петербургдагы элдик китепканага (азыркы Салтыков - Шедрин атындагы китепкана) китепканачы болуп орношуп, өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде иштейт. Иван Андреевич Крылов 1844-жылы дүйнөдөн кайткан.

Адабият

Кырылов И.А. Квартет:Тамсилдер /Котор.А.Токтогулов, Р.Шүкүрбеков. -Ф.:Мектеп, 1987. Крылов Иван Андреевич //Кыргыз Совет Энциклопедиясы.- Ф., 1978. Т.3.