Алдашев Абдулхай Алдашевич: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
5-сап: 5-сап:
"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Илимпоз]]
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Биология]]
[[Категория:Зоология]]

20 сентябрь 2012, саат 06:48 учурдагы нуска

Алдашев Абдулкай Алдашевич (1918, Жети-Өгүз району, Ак-Кочкор айылы) — советтик фармаколог, котормочу. Кыргыз айыл чарбаинститутун бүтүргөн (1939). Ветеринария илимдеринин доктору (1965), профессор (1966), Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу. Кыргыз ССРинин эмг. сиң вет. врачы (1974). 70-жылдардын башында Б. М. Юнусалиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн «Манас» эпосунун канондук текстин орус тилине сапмасап которуу үчүн котормочулардын конкурсун өткөрүүгө (К. К. Юдахин менен бирге) жетекчилик кылган. Редакциялык совет тандап алган 120 000 сап котормонун 115 000 сабын (5000 сапты К. К. Юдахин менен бирге) Абдулкай Алдашевич илимий талапка ылайык иретке салып терминдерди орусча так берүүгө жетишкен.
Абдулкай Алдашевич катышкан жана редакциялаган сапмасап котормонун негизинде «Манас» эпосунун илимий басылышы «СССР элдеринин эпостору» деген серияда Москвадан ишке ашырылып жатат. Орус тилине көркөм которулуп жаткан «Манас» үчилтигиннн «Семетей» жана «Сейтек» бөлүмдөрүнүн сапма-сап котормосунун 30 000 сабы да Абдулкай Алдашевичке таандык. Абдулкай Алдашевич эки 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, «Кызыл Жылдыз», эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4