Плазмидалар: нускалардын айырмасы
Automated import of articles |
(Айырма жок)
|
11 октябрь 2012, саат 07:39 учурдагы нуска
Плазмидалар - клеткада автономиялуу хромосома менен байланышпаган туруктуу абалда жашоого жөндөмдүү генетикалык элементтер, тукум куучулуктун хромосомадан тышкаркы шарты. П. термини Дж. Ледерберг тарабынан 1952-ж. сунуш кылынган. Хромосома менен биригүүгө жөндөмдүү плазмиданы эписома деп аташат. П-га клеткалык органоиддердин (митохондриялар, пластидалар) генетикалык аппараты, ошондой эле алардын клеткаларынын тиричилиги үчүн абдан зарыл эмес чиркелүү топтору кирет. Бактериялык П. - шарттардын жетилиши (фертилдүүлүк) (F-шарты), колициногендик (Col-шарты), дары заттарына туруктуулук (R-шарты) шарттары, профагдар жана башка көбүрөөк изилденген. Мисалы, F-шарты, кээ бир Col жана R-шарттары клеткаларга конъюгация процессинде гендерди өткөрүп берүү жөндөмдүүлүгү ж-дө маалымат берет. Col - шарттары бактериоциндерди жаратат (продуциялайт), R - шарттары клетканы сульфаниламиддик препараттарга же антибиотиктерге туруктуулугун жогорулатат. Көпчүлүк П-дын молекулалык салмагы 106-108 барабар, ДНКнын эки тизмектүү шакек түрүндөгү молекуласы. Алар тирүү клеткаларда кеңири таралган ж-а генетикалык изилдөөлөрдө (өзгөчө генетикалык инженерияда чоочун ДНКларды ташуучу ар кандай молекулалардын негизги курамдык бөлүктөрү катары) көп колдонулат. П. аркылуу аныкталуучу бактериялардын дары препараттарына туруктуулугун жоюу жолдорун издөө да абдан актуалдуу.