70 508
edits
м (r2.7.3) (робот кошту: ru:Джамантау) |
м (Робот: Автоматизированная замена текста (-Ысыккөл +Ысык-Көл & -Алатоо +Ала-Тоо & -Теңиртоо +Теңир-Тоо)) |
||
Жумгал, Кырка тоо - Ички
Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ойкайың тоолорунун тескей беттери тик жана кыска, күнгөй жагы жазы жана жантайынкы. Киндик, Карамойнок, Сандык тоолорунуку, тескерисинче, капталдары айдөөш. Тоодон Батыш жана Чыгыш Каракол сууларынын куймалары агып түшөт. Карамойнок, Ойкайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 км2 ). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан континенттик; абанын Орточо темп-расы январда– 11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Тоо этектеринде айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 мге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 мде шалбаалуу талаа (бетеге дүйүм чөптөр), бир аз жерин токой; 2800–3300 мде альп шалбаасы, шалбаалуу талаа; 3300 мден жогору шагыл таштуу, аска-зоокалуу субнивалдык нивалдык-гляциалдык зона жатат. Жайыт.
|