Difference between revisions of "Кош бойлуулук"

Jump to navigation Jump to search
м
r2.7.3) (робот кошту: or:ଗର୍ଭାବସ୍ଥା; косметические изменения
м (r2.7.3) (робот кошту: or:ଗର୍ଭାବସ୍ଥା; косметические изменения)
Жатын бир кыйла чоңоёт, баланын ордуна кан жеткирүүчү кан тамырлар көбөйүп, дем алуу тереңдейт, жүрөктүн жыйрылуу жөндөмү күчөп, маанилүү органдарга, жатынга канды тез жеткирет. Бөйрөк эненин гана эмес, түйүлдүктүн да зат алмашуу продуктусун бөлүп чыгаргандыктан күчөп иштейт, кан көбөйүп, кан тамырлар кеңеет, газ алмашуу күчөйт. Ушуга байланыштуу кош бойлуу аялдын организминде органдар менен системалардын кадимкидей иштешин камсыздоо жана түйүлдүктүн өөрчүшүнө жагымдуу шарт болуу үчүн керектүү азык зат менен кычкылтек көбүрөөк талап кылынат.
 
Бойго бүткөндөн кийинки алгачкы жумаларда кош бойлуу аялдын ден соолугу жана жүрүш-турушу түйүлдүктүн андан ары өөрчүшү жана болочок баланын ден соолугу үчүн чоң мааниге ээ. Кош бойлуунун түрдүү оорулар ([[Кургак учук|кургак учук]], [[Сасык тумо|сасык тумо]], [[Кызыл жүгүрүк|кызыл жүгүрүк]], [[Бадам сымал без|ангина]], [[Кант диабети|кант диабети]], аз кандуулук, боор, бөйрөк, жүрөк-кан тамыр системасы жабыркаса жана башка) менен ооруп калышы, туура эмес тамактануусу, догдурдун уруксатысыз дарыларды кабыл алуу, тамеки тартуу, алкоголь ичкиликтерин ичүү кош бойлуулукка жана түйүлдүккө чоң зыян келтирет. Эгер аялдын организминде кандайдыр өзгөрүүлөр болсо кош бойлуулук кабылдап, аял адегенде кусуп, көңүлү чөгөт, кийинчерээк кан басымы көтөрүлүп, ак шишик басат (к. Талгак). Мындай кабылдоодон бойдон түшүп калышы, ара төрөө, өлүү төрөө мүмкүн.
 
Кабылдаган кош бойлуулук жана түйүлдүктүн өөрчүшүнүн бузулушу, балдардын өлүү төрөлүшүнө же төрөлгөндөн кийин эрте өлүп калышына, ошондой эле бир жашка чейинки балдардын оорукчан болушуна алып келет. Кош бойлуулукту кабылдоодон алдын алуу үчүн аялдар этек кири келбей калганда догдурга эрте кайрылуусу тийиш.
 
== Колдонулган адабияттар ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория: Ден-соолук]]
[[Категория: ДарыгерликДен-соолук]]
[[Категория: МедицинаДарыгерлик]]
[[Категория: Ден-соолукМедицина]]
 
[[af:Swangerskap]]
[[no:Svangerskap]]
[[oc:Prensa]]
[[or:ଗର୍ଭାବସ୍ଥା]]
[[pam:Pangabuktut]]
[[pl:Ciąża człowieka]]
6 290

edits

Навигация менюсу