Чычкан (манипулятор): нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3) (робот кошту: sa:मूषकम्
74-сап: 74-сап:
[[ro:Maus]]
[[ro:Maus]]
[[ru:Компьютерная мышь]]
[[ru:Компьютерная мышь]]
[[sa:मूषकम्]]
[[scn:Mouse]]
[[scn:Mouse]]
[[sh:Kompjuterski miš]]
[[sh:Kompjuterski miš]]

2 ноябрь 2012, саат 22:28 учурдагы нуска

ЧЫЧКАН(Mouse, Мышь) – алакан өлчөмүндөгү кичинекей киргизгич түзүлүш, аны үстөлдүн үстүндө кыймылдатуу менен экрандагы көрсөткүчтүн жылышы башкарылат. Чычканды дайыма атайын материалдан жасалган төрт чарчы жаздыктын үстүнө коюшат, чычканды жылдырганда астында баш багып турган кичине томолок (топчо) тегеренип экрандагы жылгычты (курсорду) жылдырат. Чычкандын электрондук схемдери, анын кыймылын сигналга айландырып компьютерге жиберип турат. Сигнал көрсөткүчтү чычкан жылган багытка жылдырууда пайдаланылат. Чычкан компьютерге кабел менен туташтырылат, азыркы учурда зымсыз чычкандар дагы кездешет. 1999-жылдын аягында оптосенсордук чычкандар чыгарыла баштады (сүрөттө), аларда топчо ордуна оптик сенсордук камера орнотулган жана анын жардамы менен көрсөткүч жылдырылат. Чычкандын үстүндө бир же андан көп баскычтары болот, аларды чыкылдата басуу менен менюдан тандоо, документти оңдоо жана берилиштерди бир орундан экинчи орунга же башка документке которуу сыяктуу аракеттер аткарылат. Чычкан баскычтарынын аткарган кызматтарын програмдоо жолу менен өзгөртүүгө болот. Чычкандын негизги артыкчылыгы – аны пайдалануу жеңил, бир аз тажрыйбасы бар адамдар чычкандын жардамы менен көрсөткүчтү экрандын каалаган орунуна жылдырууну тез эле үйрөнүп алат. Чычкандын үч кемчилиги бар: биринчиси, үстөлдө бош орун талап кылат, экинчиси колдонуучу чычкан менен көрсөткүчтү жылдырган же буйрукту аткарткан учурда колун баскычтоп тактасынан улам алууга туура келет, үчүнчү кемчилиги – мезгил-мезгили менен чычкандын топчосунун кирин жана чаңын тазалап туруу керек болот.

Колдонулган адабияттар

  • У.Бримкулов, А.Өмүралиев, В.Бабак, Компьютер жана интернет, Б.2004, ISBN 9967-14-014-3

Интернеттеги шилтемелер