Гендер: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3) (бот изменил: es:Género (ciencias sociales) на es:Orientación psicosexual
м r2.6.8) (робот өзгөрттү: es:Género (ciencias sociales)
35-сап: 35-сап:
[[en:Gender]]
[[en:Gender]]
[[eo:Seksa identeco]]
[[eo:Seksa identeco]]
[[es:Orientación psicosexual]]
[[es:Género (ciencias sociales)]]
[[et:Sugupool]]
[[et:Sugupool]]
[[fa:جنسیت]]
[[fa:جنسیت]]

22 ноябрь 2012, саат 22:33 учурдагы нуска

Гендер

Аял жана эркекке таандык маданий уюштурулган белгилери бар жыныстын социалдык конструкциясы; Гендердик изилдөөлөрдүн негизги түшүнүгү. Гендердин антиподу болуп биологиялык жыныс (sex) эсептелет. Жыныстык айырмалардын социалдык жаратылышы көп окумуштуулар тарабынан изилденген. З. Фрейд маскулиндик жана фемининдик аныктоолорду жана маселелерди өзүнүн «Сексуалдуулук жөнүндө үч эссе» (1905) аттуу эмгегинде талдаган. Маргарет Мид өзүнүн «Үч примитивдүү коомдогу секс жана темперамент» (1935) деген эмгегинде сексуалдуулуктун биологиялык негизин жана Гендердин социалдык жаратылышын талдаган. Гендер түшүнүгүн эң алгач америкалык психоаналитик Роберт Столлер «Секс жана гендер» (1968) деген эмгегинде илимге киргизген. Столлер биологиялык аномалиялардын типтерин (гермафродиттер кызтеке), ошондой эле биологиялык нормалдуу, бирок психологиялык өзгөрүлгөн типтерди (транссексуалдар менен трансвеститтер) изилдеп, натыйжада Гендердик бирдейликтин пайда болуусу, жаралуусу адам туулгандан кийин пайда болот деген тыянак чыгарат. Жалпылап айтканда, Гендер бул социалдык конструкциянын процесси, социалдык стратификациянын системасы, биологиялык жыныстан айырмаланып, идеологиянын, практиканын, социалдык институтардын таасири аркасында өзгөрө алат.

Гендердик изилдөөлөр

Жыныс категориясын комплекс катары системалык изилдөө максатта учурдагы социомаданий окуулардын ичинен динамикалык өнүгүп жаткан жаш дисциплина. Гендер изилдөө предмети жыныстардын – эркек менен аялдардын өз ара мамилелери, алардын кандайча өнүгүүсүн, иштөөсүн жана адамдын жашоосуна таасир берүүсүн талдоо эсептелет. гендердик изилдөөнүн максаты, бул жыныс категориясын өзүнө жыныстык бирдейлик жана жыныстык айырма, жыныс аралык мамилелер, жыныстык тартип жана башка камтыган комплекс катары кароо. Гендер иизилдөө негизги теориялык булагы болуп, либералдык ой-пикир, социалисттик традиция жана психоанализ эсептелет. Либерализм менен Агартуунун дискурсунан гендердик изилдөө эмансипация, теңдик, автономдуулук, прогресс жана башка идеяларын; илимий социализм менен марксизмден – жыныс аралык мамилелерди эксплуатация жана үстөмдүк кылуунун социалдык өзгөчө механизми катары түшүнүүнү; психоанализден жыныс менен жыныстык бирдейликти социалдык жана маданий аныктоо теориясын алган. Азыркы учурда гендердик изилдөө постструктурализм, деконстукция ошондой эле башка жаңы теориялык агымдар менен тыгыз байланышта. Бирок, гендердик изилдөө бирдиктүү окуу, доктрина же система эмес. Негизги бириктирүүчү категория катары жыныс («гендер») эсептелет жана коомдун жыныстык түзүлүшүн, жыныс аралык мамилелерди адилеттүүлүк менен теңдик тарапка өзгөртүү жана башка идеяларын коргошот.
"Гендердик изилдүөөлөр" төмөнкү багыттарга бөлүнөт:

  1. Гендердик социология
  2. Гендердик психология
  3. Философиядагы гендердик көз караш
  4. Гендерндик экономика
  5. Гендердик саясат таануу
  6. Гендердик теңчилик саясаты
  7. Гендердик билгилик
  8. Гендердик билим алуу
  9. Гендердик лингвистика

Гендердик технологиялар

Жыныс институтунун жана тиешелүү жыныстык идентификациянын түзүлүшүнүн механизми, ыкмасы, жолу. Учурдагы социалдык жыныстын аныктамасынын логикасы «жыныс – дискурс – бийлик» түшүнүк-төрүнүн ажырагыс байланышын көргөзөт. Гендердик технологиялар менен дискурс өз ара байланышта: негизинде алар дискурсивдик механизмдер; алар тараптан гендердин түзүлүшүнүн баскычтары, формалары регламентацияланат жана берилет. Гендердик технологиялар гендер кантип түзүлөөрүн, жыныс кандайча идеологиянын натыйжасы болуп калгандыгын көрсөтөт. Гендердик технологиялар негизинен тил, дин, билим, тарбия берүү жана башкадан турат. Азыркы учурда булардан тышкары дизайн, искусство, мода, реклама, кино, телекөрсөтүү, массалык, маданияттын имидждик агымы жана башкалар кирет. Ушул нерселердин натыйжасында бардык адамдардын аң сезиминде «чыныгы аялдын» же «чыныгы эркектин» элеси орун алат.

Колдонулган адабияттар

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8