Алай району: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м r2.6.2) (бот изменил: uz:Oloy tumani на uz:Oloy (tuman)
1-сап: 1-сап:

==''Алай району''==
==''Алай району''==


25-сап: 24-сап:
[[Category: Райондор]]
[[Category: Райондор]]



дшм


[[en:Alay District]]
[[en:Alay District]]
32-сап: 33-сап:
[[ru:Алайский район]]
[[ru:Алайский район]]
[[tr:Alay İlçesi]]
[[tr:Alay İlçesi]]
дшм[[uz:Oloy tumani]]
[[uz:Oloy (tuman)]]

4 декабрь 2012, саат 01:36 учурдагы нуска

Алай району

Алай району областтын борбору Ош шаарынан 80 км алыстыкта жайгашкан.

Чектелген райондору: Чон-Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа району. Алай районунун жалпы аянты 205274 гек. Калкынын саны 70258 адам. Борбору Гүлчө айылы.

Алай району 1928-жылдын 10-декабрында Алай – Гүлчө деген наам менен түзүлүп, азыркы Алай, Өзгөн, Совет райондорунун бир бөлүгүн камтыган. Бул райондон 1936 – жылы өз алдынча Чон-Алай жана Гүлчө райондору түзүлөт. 1956-жылы алар бириктирилип, азыркы Алай району түзүлөт. Район дениз денгээлинен 600дон 4 мин метрге чейинки бийиктикте жайгашкан.



Гүлчө эмне себептен Гүлчө деп аталган?

Илгери –илгери кара Кытай элине да өзгө журтка таанымал, адилет,акылман хан болгон экен. Кудайга канча заарлап какшаса да артында туягы жок,перзент көрбөптүр. Күндөрдүн бир күнүндө, айлардын бир айларында ошол кара Кытай ханы жер кыдырып, эл кыдырып, кыргыз жерине Алайда эс алып жүргөндө, тоо арасындагы гүл талаада айперидей кыз перзенттуу болуптур. Кудайдан мин ирет жалынып суранса да, перзент көрбөй бала жытына зар болгон хан , көз жашы төгүлө суйунуп, чон той өткөрүп, кызынын атын «Тоо – Гүлү» же »Гулшань» деп коюптур. Татынакай наристеге арнап, Кытай хан кызы төрөлгөн жерине гүл талаага ак сарай курдуруп, айланасын коргондоп, сарай ичин тайгылткан гүлбакчага айлантат.Кызы бойго жетип, артараптан жуучу келе баштайт. Бирок Гүлшанга ылайыктуу күйөө чыкпайт. Гүлшандын сулуулугу бут дүйнө жүзүнө таркайт да кыргыз элинин аксаклдары кенешип олтуруп, кызды кайда тарттырып жиберебиз деп, кытай ханына келишет. Ханга кыргыз элинин меймандостугу,кен пейилдиги, Алайдын жери, суусу, таза абасы жагып, Кызына тендеш, акылман, айкол батырын ала келишет. Гулшань ал жигитти бир көрүп жактырып калат. Кара Кытай ханы терен ойлонуп, насаатчы кенешчилери менен жалгыз кызынын оюна макул болушат. Ошентип, тогуздап токту толо мал айдап күйөө кыз ордого келет. Той күнү дасторкон жайылып, түркүн даамдар менен толот. Ошол учурда Гулшань дасторкондогу мейизден уучтап алып, оозуна салат. Мейиздин арасында уулу каракурт болгон. Каракурттун уусунан кыз заматта коз жумат. Ааламды карангылык каптап, не кытай ханы, не кудаалар эмне кылаарын билбей, оозунан алдырган куштай абдырап, ичтеринен кайгынын зили каптап олтуруп калган дешет. Гулшань мекендеген көк булуң анын атынан, тилдеги орфографиялык өзгөрүүлөрдөн кийин Гүлчө деп өзгөргөн.

Колдонулгон адабият

[http://www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo *Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004.] ISBN 9967-14-006-2


дшм