Сепсис: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот кошту: uk:Сепсис
м Робот: изменение Категория:Ден-соолук на Категория:Ден соолук
15-сап: 15-сап:
== Колдонулган адабияттар ==
== Колдонулган адабияттар ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
{{Перевести|pl|}}


[[Category: Медицина]]
[[Категория:Медицина]]
[[Category: Ден-соолук]]
[[Категория:Ден соолук]]

{{Перевести|pl|}}


[[ar:إنتان]]
[[ar:إنتان]]

12 декабрь 2012, саат 10:24 учурдагы нуска

Сепсис ((илгерки грек. σῆψις — чирүү, кандын бузулушу, жалпы ириңдүү инфекция, ириңдүү кан) — бир жердин инфекция очогунан ириңдетүүчү микробдун кан жана лимфа жолдоруна өтүп, андан оорулуунун бардык тканы менен органдарына жайылуучу жалпы инфекциялуу оору.

Сепсистин булагы

Булганган жараат же ар кандай ириңдүү жаралар (чыйкан, сыздоок, флегмона жана башкалар) Сепсистин булагы болуп эсептелет. Ымыркай баланын киндигинин ириңдеши Сепсиске алып келет. Төрөгөндөн кийин жатын көңдөйүнүн ириңдеши төрөттөн кийинки Сепсисти пайда кылат (к. Төрөттөн кийинки оорулар). Сепсисти көбүнчө стафилококк, стрептококк, айрым учурда пневмококк, гонококк, ичеги микробдору жана башкалар козгойт.

Сепсистин өөрчүшү

Сепсистин өөрчүшүнө ириңдетүүчү микробдордун оору пайда кылуу жөндөмдүүлүгү, ошондой эле арыктоо, витамин жетишсиздиги же кандайдыр бир оорунун натыйжасында организмдин коргонуу күчүнүн начарлашы түрткү болот.

Сепсистин оор формасы

Сепсистин оор формасында канда микроб көбөйүп, анын тиричилик аракеттеринен пайда болгон уу заттар кызыл кан денечелерин (эритроциттерди) бузат. Бул учурда дене ысыйт (39—40° С), чыйрыгат, тердейт. Кээде тери саргайып, кызыл бүдүрлөр чыгат. Бара-бара интоксикация күчөп, өлүм коркунучу туулат.

Сепсистин жеңил формасы

Сепсистин жеңил түрлөрүндө канда микроб көбөйбөй, алар кан агымы менен ар кайсы орган менен ткандарга жетип, ал жерде көптөгөн жаңы ириңдүү очокторду пайда кылат. Бул учурда сепсис көпкө созулуп улам жаңы ириң очогу пайда болгондо оорулуунун абалы начарлап, ириң жарылганда же операция жолу менен жарып тазалаганда абалы оңолуп турат.

Сепсисти дарылоо

Сепсисти дарылоо ооруканада гана жүргүзүлөт.

Сепсисти алдын алуу

Алдын алууда ар кандай ириңдүү процесстерде (ириңдүү жараат, сыздоок, флегмона, көбүргөн) өз убагында врачка кайрылуунун мааниси чоң. Айрыкча бир жер ириңдеп турганда жалпы абалдын начарлашын (дене ысып, чыйрыгуу) байкаганда сак болуу керек. Кырсыктан сактануунун, эгерде терини сыйрып же чийип алса, аны өз убагында тазалап, таңуунун мааниси чоң. Төрөт үйүндө төрөгөн аялды жана ымыркай баланы кароодо, асептика эрежелерин туура сактоо сепсисти алдын алат .

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 Калып:Перевести