Айтматов Чыңгыз Төрөкулович: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
27-сап: 27-сап:
'''Чыңгыз Төрөкулович Айтматов''' (1928-2008) - [[кыргыз тили|кыргыз]] жана [[орус тили|орус]] тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, [[Кыргыз ССРи|Кыргыз ССРнин]] эл [[жазуучу|жазуучусу]] (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.
'''Чыңгыз Төрөкулович Айтматов''' (1928-2008) - [[кыргыз тили|кыргыз]] жана [[орус тили|орус]] тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, [[Кыргыз ССРи|Кыргыз ССРнин]] эл [[жазуучу|жазуучусу]] (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.


== балалык==
== коток==
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов [[1928]]-жылы 12-[[декабрь|декабрда]] азыркы [[Кыргыз Республикасы|Кыргыз Республикасынын]] Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы [[СССР]]дин [[РСФСР]]инин [[Кыргыз АССРи]]нин [[Талас кантону]]нда болчу.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов [[1928]]-жылы 12-[[декабрь|декабрда]] азыркы [[Кыргыз Республикасы|Кыргыз Республикасынын]] Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы [[СССР]]дин [[РСФСР]]инин [[Кыргыз АССРи]]нин [[Талас кантону]]нда болчу.



17 декабрь 2012, саат 15:35 учурдагы нуска

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Чыңгыз Төрөкулович Айтматов
Туулган жылы: 1928-жылы 12-декабрь 1928-жыл
Туулган жери: Шекер айылы, Талас,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Кайтыш болгон жылы: 10-июнь 2008-жыл (79 жашында)
Кайтыш болгон жери: Нюрнберг, Бавария, Германия
Ишмердүүлүгү: прозаик
Жанры: роман, повесть

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.

коток

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.

Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.

Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.

90-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.

2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.

Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.

Чыгармачылыгы

Айтматов адабиятты бала чагынан сүйгөн, ал эми студенттик күндөрүндө адабиятка болгон кызыкчылыгы андан да катуу боло баштайт. Мына ошондой күндөрдүн биринде Айтматов орус адабияты менен аябай достошот. Ал орус жазуучуларынын "Полктун уулу" ("Сын полка") жана "Ак кайың" ("Белая берёза") деген чыгармаларын басмакана менен макулдашпай туруп, кыргыз тилине которот. Бирок бул чыгармалар эчак эле которулуп калгандыктан Айтматовдун котормолору жарык көрбөй калат. Бирок ал өзүнүн жазуучулук ишин ошол повесттерди которуу менен баштадым деп эсептейт. Студент кезинде гезиттерге өзүнүн чакан макалаларын, очерктерин жарыялап жүрөт.

1952-жылдан баштап анын "Ашым", "Газетчи Дзюо", "Кайракта", "Сыпайчы", "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аңгемелери жарык көрө баштаган.

Окуусун аяктагандан кийин (1953) Айтматов зоотехник болуп иштейт. Мына ошол кезде ал өз чыгармаларын жаза баштайт. 1956-1958-жылдары жогорку адабий курстарды аяктаган.

Ошентип, курстарды аяктагандан кийин "Адабий Кыргызстан" журналынын редактору болуп иштеп калат. Андан кийин беш жылдай "Правда" гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт. Бул дагы жазуучунун чыгармачыл талантын байытууга чоң түрткү берет. СССРдин ири адабий басылмалары - "Новый мир" жана "Литературная газетанын" редколлегиясынын мүчөсү, "Иностранная литература" журналынын редактору болгон, чыгармачыл союздарга жетекчилик кылган.

"Москвадагы эки жылдык окуу мага, мурунку зоотехникке, көптөгөн жакшы нерселерди алып келди. Теориялык жактан эле эмес, ошондой эле практикалык жактан - биздин семинарлар Жогорку курстардагы талкуулар мен үчүн абдан жакшы чыгармачыл мектеп болуп берди", -дейт Айтматов.

Ч.Айтматовго анын дүйнөнүн көптөгөн элдеринин тилдерине которулган Жамийла повести дүйнөлүк атак-даңк алып келген. 1963-жылы "Тоолор жана талаалар баяны" жыйнагы үчүн Айтматов Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Жазуучунун чыгармалары, анын 60-80-жылдардагы "Бетме-бет", "Кызыл жоолук жалжалым", "Бото көз", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Жаныбарым, Гүлсары!", "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повесттери, "Кылым карыткан бир күн", "Кыямат", "Кассандра тамгасы", "Тоолор кулаганда" ("Түбөлүк колукту") романдары маданий маанидеги дүйнөлүк окуяга айланып, Чыңгыз Айтматовду ХХ жүз жылдыктын акырындагы XXI жүз жылдыктын башталышындагы залкар жазуучулардын бири, рухий турмушту эң татаал абалында чагылдырууга жөндөм-шыгы жеткен жаңы типтеги сүрөткер катары таанытты.

Анын китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган.

2012-жылы жазуучунун кызы Ширин атасынын 1970-жылдары жазылган "Жер жана Флейта" деген романын калемгердин иш болмосунон таап чыкканын коомчулукка угузду.

Махабат айдыңында

Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында махабат баяндалат. Чындыгында, окурмандарынын жүрөгүнө жеткен ал махабаттар ой-кыялдан гана жарала калган эмес. “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу китебинде Чыңгыз Айтматов: “Жашырганда не? Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу...”- деп жазат.

Журналист Жаныбек Жанызак “Айтматовдун айымдары” аттуу китепче жазып, ал китепче калкка кеңири тарап кеткен. Жазуучу буга жооп кылып жогоруда аты аталган китебинде: “Уруксатсыз бирөөнүн жандүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. Мейли, өзүнө ылайык көрсө, жаза берсин. Кайсы жазмакердин каламына тоскоол болмок элек”- дейт да, кебин улай: “Керез – алгачкы жубайым. Жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам Нагима маркум экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду”

«Манас» жана Айтматов

«Манас» эпосу профессионал жазуучулар үчүн жеке эле драматургия жаатында гана эмес, прозада, поэзияда көркөм булак болуп келүүдө. Прозада биринчи кезекте Ч. Айтматовдун эстетикалык ишмердүүлүгү өзгөчөлөнүп турат. Атактуу жазуучу улуу эпосту изилдеп, пропагандалап гана тим болбостон, анын сюжетин, идеяларын, көркөм каражаттарын чыгармаларында өтө билгичтик, чеберчилик менен пайдаланды.

К. Асаналиев мындай дейт: «Манас» Айтматовдун «көркөм акыл-зээнинде кандайдыр бир айрым үзүндүлөрү, кээ бир белгилери менен эмес, барыдан мурда синкреттик искусствонун улуу туундусу катары, өзүнчө бир бүткөн система катары жашайт».

«Манас» эпосун айтуу учурунда кунт коюп «манасчыдан угуп отуруп, ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдин көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойсуң» дейт Айтматов эпос жонундо[1].

Эс тутум

2011-жылдын 30-августунда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабына Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду.

Анын ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков баштаган өлкө жетекчилери, Орусиянын президентининин администрациясынын жетекчиси Сергей Нарышкин, элчилер, коомчулук өкүлдөрү катышты.

Колодон жасалган, бийиктиги 3 метр болгон айкел Орусияда жасалган.

Чыгармалары

  • 1952 - "Гезитчик Дзюйо" (аңгеме), "Мы идём дальше" (аңгеме)
  • 1953 - "Сыпайчы" (аңгеме)
  • 1954 - "Ак жаан" (аңгеме), "На богаре" (аңгеме)
  • 1955 - "Асман көпүрө" (аңгеме), "Түнкү сугат" (аңгеме)
  • 1956 - "Трудная переправа" (аңгеме)
  • 1957 - "Бетме-бет" (повесть)
  • 1958 - "Жамиля" (повесть), "Лицом к лицу" ("Бетме-бет" повестинин котормосу), "Соперники" (аңгеме)
  • 1961 - "Верблюжий глаз" (аңгеме), "Тополёк мой в красной косынке" (повесть), "Биринчи мугалим" (повесть)
  • 1962 - "Первый учитель" ("Биринчи мугалим" повестинин котормосу)
  • 1963 - "Саманчынын жолу" (повесть), "Повести гор и степей" ("Тополёк мой в красной косынке", "Жамиля", "Первый учитель", "Верблюжий глаз" повесттери кирет), "Материнское поле ("Саманчынын жолу" повестинин котормосу)
  • 1964 - "Красное яблоко" (аңгеме)
  • 1966 - "Прощай, Гульсары" (повесть)
  • 1968 - "Атадан калган туяк" (аңгеме), "Жаныбарым Гүлсары" ("Прощай, Гүлсары" повестинин котормосу)
  • 1970 - "Белый пароход" (повесть)
  • 1972 - "Солдатёнок" ("Атадан калган туяк" аңгемесинин котормосу), "Свидание" (аңгеме)
  • 1973 - "Фудзиямадагы кадыр түн" (пьеса)
  • 1975 - "Ранние журавли" (повесть), "Манас атанын ак кар, көк музу" (очерк)
  • 1977 - "Пегий пёс, бегущий краем моря" (повесть)
  • 1980 - "Кылым карытар бир күн" (роман)
  • 1986 - "Плаха" (роман)
  • 1996 - "Кассандранын эн тамгасы" (роман)
  • 1998 - "Встреча с одним бахаи" (Фейзолла Намдар менен болгон сүйлөшүү)
  • 2006 - "Тоолор кулаганда" (роман)

Сыйлыктары

  • 1958 - "Эмгектеги артыкчылыгы" медалы менен сыйланган.
  • 1962 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган.
  • 1963 - "Повести гор и степей" деген китеби үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон.
  • 1967 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган.
  • 1968 (август айында)- Кыргыз ССРинин эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген.
  • 1968 (ноябрь айында) - "Жаныбарым, Гүлсары" повести үчүн Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.
  • 1971 - Ленин ордени менен сыйланган.
  • 1974 - Н.К.Крупская атындагы медаль менен сыйланган.
  • 1975 - "Манас атанын ак кар,көк музу" очерки үчүн "Огонек" журналынын сыйлыгы ыйгарылган.
  • 1976 - "Эрте келген турналар" аттуу повести үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
  • 1977 - "Ак кеме" повести жана ал боюнча жазылгал көркөм фильмдин сценарийи үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
  • 1978 - Ленин ордени жана "Орок жана Балка" алтын медалы менен сыйланган; Социалисттик эмгектин Баатыры" деген * наам ыйгарылган.
  • 1979 - "Эрте келген турналар" жана "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт" аттуу чыгармаларындагы терең гуманизм жана адам улуулугунун духун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын көркөм коомчулугу 1-сыйлыгын ыйгарышкан.
  • 1980 - Италияда "Эрте келген турналар" жана "Дениз бойлой жорткон Ала дөбөт" чыгармалары үчүн эл аралык "Этрурия" сыйлыгы тапшырылган.
  • 1983 - "Кылым карытар бир күн" романы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган.
  • 1984 - "Элдердин достугу" ордени менен сыйланган.
  • 1987 (май айында) - Польшадагы балдардын сунушу боюнча ойлонуп табылган "Жылмаюу" ордени ыйгарылган.

Чыгармалары тууралуу

Ак жаан

Бул аңгеме Ч. Айтматовдун адабият дүйнөсүнө жаңыдан аяк салып, өз жолун, өз темасын издеп жүргөн жылдардагы алгачкы аңгемелеринен. Буга чейин орусча "Кыргызстан" альмонахына(Номер2) эки аңгемеси: "Газетчик Дзюйо" жана "Ашым" 1952-жылы жарыяланган.

"Ак жаан" адегенде "Советтик Кыргызстан" журналына (азыркы "Ала-Тоо" журналы) 1954-жылкы сегизинчи санына басылган. Туура беш жыл өткөндөн кийин Айтматовдун алгачкы кыргызча китеби "Обонго" {Фрунзе, Кыргызмамбас,1959}, андан кийин "Саманчы жолу" жыйнагына кирген {Фрунзе, Кыргызмамбас,1963},

Айтматовду эскерүү

Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Асан Жакшылыков Айтматовду эскерип, "Чыңгыз Айтматовго аза баллада" деген балладасын жараткан[2].

Кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн отличниги Асанбекова Айым Талгатбековна "Жылдыз өчпөйт" эскерүү ырын жазган. 2009-жыл.

2011 жылы 30 августта Кыргызстандын борбор шаарында Ала-Тоо аянтында эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

  • Обон: Повесть жана аңгемелер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1959. - 192 б.
  • Биринчи мугалим: Повесть. - Б.: Кыргызокуупедмамбас, 1953. - 75 б.
  • Саманчынын жолу: Повесттер жана аңгемелер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1963. - 320 б.
  • Атадан калган туяк: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1970. - 26 б.
  • Атадан калган туяк: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1971. - 26 б.
  • Түнкү сугат: Аңгеме. - Ф.: Кыргызстан, 1975. - 42 б.
  • Жамийла: Повесть. - Ф.: Кыргызстан, 1977. - 92 б.
  • Биринчи мугалим: Повесттер жана аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1978. - 314 б.
  • Гүлсарат: Повесттер. - Ф.: Кыргызстан, 1978. - 644 б.
  • Делбирим: Повесттер, аңгемелер, драма. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 608 б.
  • Эрте келген турналар: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1981. - 152 б.
  • Бугу-эне: Жомок. - Ф.: Мектеп, 1982. - 21 б.
  • Үч томдон турган чыгармалар жыйнагы: 1 - 2-т. - Ф.: Кыргызстан, 1982.
  • Үч томдон турган чыгармалар жыйнагы: 3-т. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 427 б.
  • Чыпалак бала: Жомок. - Ф.: Мектеп, 1985. - 24 б.
  • Ак кеме: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1986. - 160 б.
  • Биз дүйнөнү жаратабыз, дүйнө бизди жаратат: Макалалар, маектешүүлөр, сүйлөгөн сөздөр. - Ф.: Кыргызстан,1988. - 400 б.
  • Кыямат: Роман. - Ф.: Адабият, 1988. - 352 б.
  • Жетинин бири. «Кыямат» романынан үзүндү. - Ф.: Адабият, 1989. - 16 б.
  • Кайрылып куштар келгенче: Аңгеме. - Б.: Шам, 1995. - 20 б.
  • Кассандра тамгасы: Роман. Которгон М.Төлөмүшев. / Соңку сөзүн жазган А.Акматалиев. - Б.: Кыргызстан, 1996. - 254 б.

Беш томдон турган чыгармалар жыйнагы.

  • 1-том: Повесттер, аңгемелер. - Б.: Шам, 1999. - 432 б.
  • 2-том: Повесттер. - Б.: Шам, 1999. - 496 б.
  • 3-том: Роман, повесттер. - Б.: Шам, 1999. - 520 б.
  • 4-том: Роман, аңгемелер. - Б.: Шам, 1999. - 452 б.
  • 5-том: Роман, драма, публицистикалар. - Б.: Шам, 1999. - 560 б.
  • Ч.Айтматов, М.Шаханов. Аскада калган аңчынын ыйы. – Б.: Учкун, 2001. – 414 б.=== Орус тилинде ===Лицом к лицу: Сборник рассказов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 111 с.
  • Рассказы. – М.: Сов. писатель, 1958. – 160 с.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Правда, 1959. - 43 с.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Гослитиздат, 1960. – 71 с.
  • Джамиля: Повести и рассказы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1961. - 316 с.
  • Повести гор и степей. – М.: Гослитиздат, 1961. – 70 с.
  • Джамиля: Повесть. – Вологда: 1962. – 71 с.
  • Джамиля: Повести и рассказы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 316 с.
  • Рассказы: В двух книгах. – М.: Учпедгиз, 1952. – 201 с.
  • Джамиля; Первый учитель; Материнское поле: Повести. – М.: Мол. гвардия, 1963. – 508 с.
  • Повести гор и степей. – М.: Сов. писатель, 1963. – 314 с.
  • Тополек мой в красной косынке: Повесть. – М.: Знание, 1964. – 112 с.
  • Материнское поле: Повесть и рассказы. - Ф.: Кыргызстан, 1964. – 459 с.
  • Джамиля: Повести. – М.: Худож лит., 1965. – 366 с.
  • Материнское поле: Повести и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 460 с.
  • Повести гор и степей. – М.: Мол. гвардия, 1965. – 366 с.
  • Повести гор и степей: В 3-х кн. – М.: Просвещение, 1965.
  • Джамиля: Повести. – М.: Худож. лит., 1966. – 427 с.
  • Материнское поле: Повести, рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 460 с.
  • Материнское поле: Повесть. – М.: Сов. писатель, 1967. – 134 с.
  • Первый учитель; Джамиля; Тополек мой в красной косынке: По-вести. – М.: Дет. лит., 1967. – 206 с.
  • Повести. - М.: Известия, 1967. - 480 с.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – М.: Мол. гвардия 1967. – 295 с.
  • Прощай, Гульсары!: Повести и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 569 с.
  • Первый учитель: Повесть. – М.: Дет. лит., 1968. – 93 с.
  • Повести и рассказы. – М.: Мол. гвардия, 1970. – 558 с.
  • Первый учитель: Повесть. – М.: Дет. лит., 1971. – 64 с.
  • Повести гор и степей. – М.: Худож. лит., 1971. – 223 с.
  • После сказки («Белый пароход»). – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 620 с.
  • Джамиля: Повести. – М.: Дет. лит., 1971. – 142 с.
  • После сказки («Белый пароход»). – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 620 с
  • Солдатенок: Рассказ. – Ф.: Мектеп, 1974. – 18 с.
  • Повести. – М.: Дет. лит., 1976. – 221 с.
  • Ранние журавли: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 96 с.
  • Ранние журавли: Повести. – М.: Мол. гвардия, 1976. – 112 с.
  • Пегий пес, бегущий краем моря; Ранние журавли. – М.: Сов. писа-тель, 1977. – 215 с.
  • Повести. – М.: Худож. лит., 1977. – 80 с.
  • В соавторстве с землею и водою: Очерки, статьи, беседы, интервью. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 408 с.
  • Первый учитель: Повести. – М.: Дет. лит., 1978. – 191 с.
  • После сказки («Белый пароход»). - Ф.: Кыргызстан, 1978. - 620 с.
  • Ранние журавли: Повести. – М.: Мол. гвардия, 1978. – 527 с.
  • В соавторстве с землею и водою: Очерки, статьи, беседы, интервью. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 408 с.
  • Повести. - М.: Худож. лит., 1979. – 339 с.
  • Повести. - М.: Правда, 1979. – 368 с.
  • Ранние журавли: Повести. – М.: Известия, 1979. – 734 с
  • Солдатенок: Рассказы. – Ф.: Мектеп, 1979. – 160 с
  • Белый пароход: Повесть. – М.: Дет. лит., 1980. – 350 с.
  • Белый пароход: Повести. М.: Сов. писатель, 1980. – 159 с.
  • Повести гор и степей. – М.: Худож. лит., 1980. – 239 с.
  • Белый пароход: Повесть. – Л.: Лениздат, 1981. – 200 с.
  • Буранный полустанок: Роман. – М.: Сов. писатель, 1981. – 303 с.
  • Буранный полустанок: Роман. – М.: Мол. гвардия, 1981. – 303 с.
  • И дольше века длится день: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1981. – 296 с.
  • Собрание сочинений: В 3-х т. – М.: Мол. гвардия, 1982.
  • Буранный полустанок. - М.: Худож. лит., 1982, – 112 с.
  • Ранние журавли; Пегий пес, бегущий краем моря; И дольше века длится день. – Л.: Лениздат, 1982. – 480 с.
  • Избранное: Роман, повести. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 592 с.
  • Баллада о первом учителе. – М.: Радуга, 1983.– 120 с.
  • Мать-олениха: Легенда (из повести «Белый пароход»). – Ф.: Мектеп, 1983. – 24 с.
  • Повести. - Новосибирск: Зап.-Сиб. кн. изд-во, 1983. – 191 с.
  • Материнское поле: Повести. – Киев: Вэсэлка, 1984.
  • Материнское поле; Прощай, Гульсары! – М.: Дет. лит., 1984. – 224 с.
  • Первый учитель. – М.: Дет. лит., 1984. – 94 с.
  • Ранние журавли: Повести, рассказ. – Киев: Рад. школа, 1984.
  • Ранние журавли: Повести и рассказы. – Ф.: Мектеп, 1984. – 496 с.
  • Солдатенок: Рассказ. – Ф.: Мектеп, 1984. – 24 с.
  • Красное яблоко: Рассказы. – Ф.: Мектеп, 1985. – 160 с.
  • Мальчик с пальчик: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1985. – 24 с.
  • Материнское поле. – Кишинев: 1985.
  • Первый учитель: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 100 с.
  • Повести и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 608 с.
  • Эхо мира: Повести, рассказы, публицистика. – М.: Правда, 1985 – 527 с.
  • И дольше века длится день. – М.: Известия, 1986. – 430 с.
  • Плаха. И дольше века длится день: Романы. - Рига: Лиесма, 1986. – 605 с.
  • Буранный полустанок. Люди наших дней: Романы. – М.: Сов. писа-тель, 1987. – 606 с.
  • Легенда о птице Доненбай: Из романа «И дольше века длится день». – Ф.: Мектеп, 1987. – 32 с.
  • Плаха: Роман. – М.: Мол. гвардия, 1987. – 300 с.
  • Плаха: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1987. - 320 с.
  • Плаха: Роман. – Алма-Ата: Жалын, 1987. – 572 с.
  • Свидание с сыном: Рассказ. – Ф.: Мектеп, 1987. – 24 с.
  • Синеглазая волчица: Отрывок из романа «Плаха». - Ф.: Мектеп, 1987. - 96 с.
  • Шестеро и седьмой: Отрывок из романа «Плаха». - Ф.: Мектеп, 1987. - 16 с.
  • Синеглазая волчица: Отрывок из романа «Плаха». – 2-е изд. – Ф.: Мектеп, 1988. – 93 с.
  • И дольше века длится день; Плаха; Пегий пес бегущий краем моря: Романы, повесть. - Ф.: Кыргызстан, 1988. – 656 с.
  • Джамиля: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 76 с.
  • Белое облако Чингизхана (Повесть к роману). Повесть. – «Знамя» № 8, 1990.
  • И дольше века длится день (Белое облако Чингисхана);
  • Лицом к лицу: Романы, повесть. – Б.: Гл. ред. КСЭ, 1991. – 478 с.
  • Ода величию духа: Диалоги: [Пер. с яп.] / Чингиз Айтматов, Дайсаку Икэда. – М. : Прогресс, 1994.
  • Тавро Кассандры. (Из ересей XX века): Роман. – «Знамя» №12, 1994.
  • Тавро Кассандры: Избранные произведения. – Москва: ЭКСМО, 1995.
  • Собрание сочинений в 7 томах. - Москва, 1998. Составитель и редактор акад. Р.Рахманалиев.
  • Том 1: Повести. – 464 с.
  • Том 2: Повести. – 417 с.
  • Том 3. И дольше века длится день: Роман. – 432 с.
  • Том 4. Плаха: Роман. Восхождение на Фудзияму: Пьеса; Ночь воспоминаний о Сократе: Драма.
  • Том 5. Тавро Кассандры: Роман. Ода величию духа: Диалоги. Джамиля. Свидание с сыном: Повесть, рассказ. – Б.: Шам, 1999. – 106 с.
  • Том 6: Рассказы. Плач охотника над пропастью (исповедь на исходе века).
  • Том 7. Статьи. Выступления. Эссе. Диалоги.

Башка элдердин тилдеринде

  • Джамиля: Повести и рассказ. – Алма-Ата: Казгосиздат, 1959. – 120 с. – каз.
  • Джамиля: Рассказы. – Улан-Удэ: Бурят. кн. изд-во, 1960. – 179 с. – бурят.
  • Джамиля: Повесть. – Таллин: Газетно-журн. изд-во, 1960. – 46 с. – эст.
  • Джамиля: Повесть. – Баку: Детюниздат, 1961. – 54 с. – азерб.
  • Джамиля: Повесть. – Горно-Алтайск: Кн. изд-во, 1961. – 111 с. – ал-тайск.
  • Джамиля: Повесть. – Вильнюс: Гослитиздат, 1961. – 91 с. – лит.
  • Джамиля: Повесть. – Душанбе: Нашрдав точик, 1961. – тадж.
  • Мелодия (Джамиля): Повесть. – Горно-Алтайск: Кн. изд – во, 1961. – 111 с. – алтайск.
  • Джамиля: Повесть. – Ташкент: Гослитиздат, 1961. – 87 с. – узб.
  • Джамиля: Повесть. – Киев: Гослитиздат, 1961. – 49 с. – укр.
  • Джамиля: Повесть. – Абакан: Хакаскнигоиздат, 1961. – 96 с. – хакас.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Изд - во лит. на иностр. яз., 1962. – 208 с. – еврейск.
  • Джамиля: Повесть. – Минск: Госиздат, 1962. – 98 с. – белорус.
  • Джамиля: Повесть. – Нукус: Каракалпакгиз, 1962. – 92 с. – каракалпак.
  • Джамиля: Повесть. – Рига: Латвиягосиздат, 1962. – 13 с. – лат.
  • Джамиля: Повесть. – Казань: Татаргосиздат, 1962. – 88 с. – татар.
  • Джамиля: Повесть. – Кызыл: Тувкнигоиздат, 1962. – 61 с. – тув.
  • Джамиля: Повесть. – Махачкала: Дагкнигоиздат, 1963. – 72 с. – авар.
  • Джамиля: Повесть. – Уфа: Башкиркнигоиздат, 1963. – 63 с. – башкир.
  • Джамиля: Повесть. – Ф.: Киргизгосиздат, 1963. – 51 с. – дунг.
  • Джамиля: Повесть. – Ашхабад: Туркменгосиздат, 1963. – 120 с. – туркмен.
  • Повести гор и степей. – Тбилиси: Литература да Хеловнеба. – 227 с.– груз.
  • Повести гор и степей – Тбилиси Сабчота сакартвело, 1963. – 287 с. – груз.
  • Повести гор и степей. – Вильнюс: Гослитиздат, 1963. – 271 с. – лит.
  • Верблюжий глаз. - Повести и рассказы. – Рига: Латвиягосиздат,1964. – 313 с. – лат.
  • Джамиля: Повесть. - Кишинев: Картя молдавеняскэ, 1964. – 304 с. – молдав.
  • Первый учитель. – Чебоксары: Чувашгосиздат, 1964. – 272 с. – чуваш.
  • Повести гор и степей. – Горно-Алтайск: Кн. изд-во, 1954. – 218 с. – алтайск.
  • Повести гор и степей – Алма-Ата: Казгослитиздат, 1964. – 490 с. – каз.
  • Повести гор и степей. – Киев: Молодь, 1964. – 208 с. – укр.
  • Тополек мой в красной косынке: Повести. – Ташкент: Гослитиздат, 1964. – 340 с. – узб.
  • Верблюжий глаз: Повести. – Баку: Азербайджангосиздат, 1965. – 252 с. – азерб.
  • Жемчужина Ала-Too. - Душанбе: Нашрдав точик, 1965. – 47 с. – тадж.
  • Материнское поле. - Душанбе: Ирфон, 1965. - 464 c. - тадж.
  • Материнское поле: Повесть. – Махачкала: Дагкнигоиздат, 1965. – 141 с. – лакск.
  • Материнское поле: Повесть. – Рига: Лиесма, 1965. – 143 с. – лат.
  • Материнское поле: Повесть и рассказы. – Ташкент, 1965. – 301 с. – узб.
  • Первый учитель: Повесть. - Нукус: Каракалпакгосиздат, 1965. – 72 с. – каракалпак.
  • Первый учителъ: Повесть. – Кызыл: Тувинкнигоиздат, 1965. – 64 с. – тув.
  • Повести. - Казань: Татаргосиздат, 1965. – 314 с. – татар.
  • Три повести. - Ереван: Айастан, 1965. – 284 c. - армян.
  • Верблюжий глаз: Повести. – Якутск: Якуткнигоиздат, 1966. – 272 с. – якут.
  • Материнское поле: Повесть и рассказы. Вильнюс: Вага, 1966. – 244 с. – лит.
  • Материнское поле: Повесть. – Киев: Днипро, 1967. – 295 с. – укр.
  • Материнское поле; Прощай, Гульсары!: Повести. – Таллин: Ээстилраамат, 1967. – 259 с. – эст.)
  • Первый учитель: Повести гор и степей. – Киев: Вэсэлка, 1967. – 229 с. – укр.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – Рига: Лиесма, 1967. – 228 с. – лат.
  • Верблюжий глаз. - Повести и рассказ. – Таллин: Эстонгосиздат, 1968. – 263 с. – эстон.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – Ереван: Айастан, 1968. – 251 с. – арм.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – Душанбе: Ирфон, 1968. – 255 с. – тадж.
  • Джамиля: Роман. – Вильнюс: Изд-во о-ва слепых Литов. ССР, 1969. – лит.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть - Баку: Гянджлик, 1969. – 261 с. – азерб.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – Ташкент: Изд – во худож. лит., 1969. – 207 с. – узб.
  • Тополек мой в красной косынке: Повести. – Ташкент: Изд - во ху-дож. лит., 1969. – 542 с. – узб.
  • Белый пароход – Таллин: Периодика, 1971. – 117 с. – эст.
  • После сказки: Повести, рассказы. – Рига: Лиесма, 1971. – 183 с. – лат.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – Минск: Беларусь, 1971. – 174 с. – бе-лорус.
  • Тополек мой в красной косынке: Повесть. – Махачкала: Дагкнигоиздат., 1971. – 153 с. – даргин.
  • Джамиля: Повесть. – Махачкала: Дагкнигоиздат, 1972. – 77 с. – даргин.
  • Первый учитель: Повесть. - Таллин: Ээсти раамат, 1972. – 74 с. – эст.
  • Повести гор и степей. – Киев: Молодь, 1972. – 459 с. – укр.
  • После сказки. – Рига: Лиесма, 1972. – 183 с. – лат.
  • Прощай, Гульсары: Повесть. – Махачкала: Дагкнигоиздат., 1972. – 258 с. – авар.
  • Прощай, Гульсары: Повесть. – Горно-Алтайск: Алт.кн. изд-во, 1972. - 169 с. – алтайск.
  • Белый пароход. После сказки: Повести. – Тбилиси: Мерани, 1973. – 185 с. – груз.
  • Белый пароход: Повести и рассказы. – Алма-Ата: Жазушы, 1973. – 328 с. – каз.
  • Белый пароход (Когда стихает сказка): Повесть. - Вильнюс: Вага, 1973. – 204 с. – лит.
  • Белый пароход (После сказки). – Таллин: Изд-во лит. и искусства, 1973. – 167 с. – эст.
  • Джамиля: Повесть. – Махачкала: Даг.книго издат, 1974. – 67 с. – кумык.
  • Первый учитель: Повесть. – Минск: Маст. лит., 1974, – белорус.
  • Джамиля: Повесть. – Киев: Днипро, 1975. – 78 с. – укр.
  • Первый учитель: Повесть. – Тбилиси: Ганатмба, 1975. – 62 с. – груз.
  • Солдатенок: Рассказ. – Рига: Лиесма, 1974. – 30 с. – лат.
  • Белый пароход (После сказки). – Таллин: Ээсти раамат, 1976. – 240 с. – эст.
  • Первый учитель: Повести. – Киев: Вэсэлка, 1976. – 351 с. – укр.
  • Повести. - Казань: Татар. кн. изд-во, 1976. – 320 с. – татар.
  • Белый пароход: Повесгь. - Ереван: Советакан грох, 1977. – 175 с. – арм.
  • Белый пароход. Ботогоз: Повести. – Ташкент: Еш гвардия, 1977. – 206 с. – узб.
  • Прощай, Гульсары!: Повести и рассказы. – Алма-Ата: Жазушы, 1977. – 336 с. – каз.
  • Ранние журавли: Повесть. – Алма-Ата: Жалын, 1977. – 128 с. – каз.
  • Солдатенок. – Таллин: Ээсти раамат, 1977. – 18 с. – эст.
  • Избранные произведения в 2-х т. – Ташкент: Изд-во лит. и искусства, 1978. – узб.
  • Белый пароход; Прощай, Гульсары!: Повести. – Душанбе: Ирфон.–304 с. – тадж.
  • Джамиля: Повести и рассказы. – Алма-Ата: Жазушы, 1978. – 452 с. – каз.
  • Пегий пес, бегущий краем моря; Ранние журавли: Повести. – Киев: Днипро, 1978. – 159 с. – укр.
  • Прощай, Гульсары!; Первый учитель: Повести. – Элиста: Калм. кн. изд-во, 1978. – 206 с. – калм.
  • Ранние журавли: Повесть. – Рига: Лиесма, 1978. – 154 с. – лат.
  • Солдатенок: Рассказ. – Ереван: Советакан грох, 1978. – 12 с.
  • Легенда о рогатой матери – оленихе. – Алма-Ата: Жалын, 1979.
  • Пегий пес, бегущий краем моря. – Алма-Ата: Жалын, 1979. – 109 с. – каз.
  • Пегий пес, бегущий краем моря: Повесть. – Таллин: Ээсти раамат, 1979. – 104 с. – эст.
  • Первый учитель: Повести. - Алма-Ата: Жазушы, 1979. – 134 с. – уй-гур.
  • Прощай, Гульсары!: Повести. - Нукус: Каракалпакстан, 1979. – 430 с. – каракалпак.
  • Ранние журавли: Повесть. – Махачкала: Даг.книго издат, 1979. – 119 с. - кумык.
  • Ранние журавли: Повесть. – Вильнюс: Вага, 1979. – 177 с. – лит.
  • Ранние журавли: Повести. – Киев: Молодь, 1979. – 286 с. – укр.
  • Избранное. - Рига: Звайгзне, 1980. – 245 с. – лат.
  • Белый пароход. - Баку: Язычы, 1980. - 228 с. – азерб.
  • Повести гор и степей. - Киев: Дняпро, 1980. – 509 с. – укр.
  • Ранние журавли: Повесть. – Ашхабад: Магарыф, 1980. – 92 с. – туркм.
  • Избранное. – Минск: Юнацтва, 1981. –254 с. – белорус.
  • Белый пароход: Повести. – Кишинев, 1981. – молд.
  • Первый учитель; Верблюжий глаз; Белый пароход. – Ташкент: Укитувчи, 1981, – 222 с. – узб.
  • Повести. – Ташкент: Укитувчи, 1981. – 221 с. – узб.
  • Повести гор и степей. – Ташкент: 1981. – 610 с. – урду.
  • Прощай, Гульсары! - Ташкент, 1981. - хинди.
  • Ранние журавли. – Таллин: Ээсти раамат, 1981. – 152 с. – эст.
  • Белый пароход. – Ашхабад: Туркменистан, 1982. – 216 с. – туркм.
  • И дольше века длится день. – Рига: Лиесма, 1982. – 302 с. – лат.
  • Материнское поле: Повести. – Барнаул: Алт. кн. изд – во, 1982. – 208 с.
  • Пегий пес, бегущий краем моря. – Тбилиси: Накадули, 1982. – 132 с. – груз.
  • Пегий пес, бегущий краем моря. – Рига: Лиесма, 1982. – лат.
  • Повести. – Элиста: Калм. кн. изд-во, 1982. – 256 с. – калм.
  • Ранние журавли. – Нукус: Каракалпакстан, 1982. –436 с. – каракалпак.
  • Ранние журавли. – Ташкент: Узб. кн. изд-во, 1982. – каракалпак.
  • Ранние журавли. - Ташкент: Изд-во лит. и искусства, 1982. – 278 с. – узб.
  • Сочинения в 2 - томах: Т. 1–2. – Киев: Днипро, 1983. – укр.
  • Буранный полустанок. – Вильнюс: Вага, 1983. – 334 с. – лит.
  • И дольше века длится день; Пегий пес, бегущий краем моря. – Ере-ван: Советакан грох, 1983. – арм.
  • И дольше века длится день: Роман. – Тбилиси: Мерани, 1983. – груз.
  • И дольше века длится день. - Вильнюс: Лит. кн. изд-во, 1983. – лит.
  • И дольше века длится день. - Таллин: Ээсти раамат, 1983. – эст.
  • Первый учитель. – Сыктывкар: Коми. кн. изд-во, 1983. – 38 с. – коми.
  • Произведения: В 2-х т. – Киев: Днипро, 1983. – укр.
  • Свидание с сыном. – Таллин: Ээсти раамат, 1983. – 23 с. – эст.
  • Солдатенок: Рассказ. – Алма-Ата: Жалын, 1983. – 19 с. - каз.
  • Белый пароход: Повесть. - Душанбе: Маориф, 1984. – 134 с. – тадж.
  • Белый пароход: Повести. – Уфа: Башкир. кн. изд-во, 1984. – 495 с. – башкир.
  • Материнское поле: Повести. – Киев: Вэсэлка, 1984. – 326 с. – укр.
  • Пегий пес, бегущий краем моря: Повесть. – Ташкент: Изд-во лит. и искусства, 1984. – 75 с. – узб.
  • После сказки («Белый пароход»); Джамиля: Повести. – Махачкала: Дагпедучпедгиз, 1984. – 165 с. – лакск.
  • Ранние журавли. – Киев: Рад. шк., 1984. – 300 с. – укр.
  • Буранный полустанок. – Душанбе: Ирфон, 1985. – тадж.
  • Материнское поле: Повести. – Кишинев: Лиг. артистикэ, 1985. – 560 с. – молд.
  • Белый пароход. – Тбилиси: Накадули, 1986. – 350 с. – груз.
  • Буранный полустанок: Роман. – Алма-Ата: Жалын, 1986. – каз.
  • Первый учитель; Ботогоз; Белый пароход: Повести. – Ташкент: Укитувчи, 1986. – 222 с. – узб.
  • Буранный полустанок; И дольше века длится день: Романы. - Минск: Мастац. лит., 1987. –230 с, – белорус.
  • И дольше века длится день: Роман. – Вильнюс: Вага, 1987. – 333 с. – лит.
  • Материнское поле: Повесть. – М.: Прогресс, 1956. – 255 с. – тамильск.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Изд-во лит. на иностр. яз., 1959. – 87 с. - англ.
  • Джамиля. Лицом к лицу: Повести. – Варшава: Пол. гос. ин-т печати, 1959. – 87 с. – пол.
  • Джамиля: Повесть. – Париж: 1959. – 111 с. – фр.
  • Баллада о первом учителе. – М.: Изд-во лит. на иностр. яз., 1960. – 11 с. – фин.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Изд-во лит. на иностр. яз., 1960. – 102 с. - исп.
  • Джамиля: Повесть. – Варшава, 1960. – 92 с. – пол.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Изд-во лит. на иностр. яз., 1960. – 131 с. - урду.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Изд-во лит. на иностр. яз., 1960. – 128 с. - хинди.
  • Джамиля: Повесть. - М.: Изд-во лит. на иностр. яз., 1961. – 128 с. - араб.
  • Джамиля: Повесть. – Будапешт, 1961. – 200 с. – венгер.
  • Джамиля: Повесть. – Рим: Медуза, 1961. – итал.
  • Джамиля: Повесть. – Берлин, 1961. – 79 с. – нем.
  • Джамиля: Повесть. – Женева: Форфер, 1961. – 83 с. – нем.
  • Джамиля: Повесть. – Лиссабон: Португалия Эдитора, 1961. – 79 с. – португал.
  • Джамиля: Повесть. - Братислава: Изд-во словенской худож. лит.,1961. – 87 с. – словацк.
  • Джамиля: Повесть. – Прага, 1961. – 91 с. – чеш.
  • Джамиля: Повесть. – София: Нар. младеж., 1962. – 59 с. – болг.
  • Джамиля. Повесть. – Бухарест, 1962. – 213 с. – рум.
  • Тополек мой в красной косынке: Повесть. – Бухарест, 1962. – 204 с. – рум.
  • Баллада о первом учителе. - М.: Изд-во лит. на иностр. яз., 1963. – 99 с. – исп.
  • Баллада о первом учителе. – М.: Изд-во лит. на иностр. яз., 1963. – 118 с. – хинди.
  • Верблюжий глаз: Повесть. – Братислава, 1963. – 123 с. – чеш.
  • Джамиля: Повесть. – Бухарест, 1963. – 144 с. – рум.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Изд-во лит. на иностр. яз., 1963. – 128 с. – хинди.
  • Джамиля: Повесть. – Братислава, 1963. – 80с. – чеш.
  • Тополек мой в красной косынке: Повесть. – Прага: 1963. – чеш.
  • Баллада о первом учителе. - М.: Прогресс, 1964. – 330 с. – араб.
  • Баллада о первом учителе. – М.: Прогресс, 1964. – 91 с. – голланд.
  • Верблюжий глаз; Джамиля; Тополек мой в красной косынке: По-вести. – Улан-Батор, 1954. – 199 с. – монг.
  • Золотой след снопов («Материнское поле»). - Берлин: Культура и фортшпритт, 1964. – 364 с. – нем.
  • Джамиля: Повесть. – София: Нар. просвета, 1964. – болг.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Прогресс, 1964. – 87 с – нем.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Изд-во лит. на иностр. яз. 1964. – 208 с. – тамильск.
  • Короткие рассказы. – М.: Прогресс, 1964. – 396 с. – англ.
  • Любовь Джамили: Повесть. – Белград: Культура, 1964. – 260 с. – югосл.
  • Материнское поле: Повесть. - М.: Прогресс, 1964. – 161 с. – персид.
  • Повести гор и степей. – София: Нар. младеж, 1964. – 278 с. – болг.
  • Тополек мой в красной косынке; Первый учитель: Повести. – Белг-рад: Дневник, 1964. – 117 с. югос.
  • Баллада о первом учителе. – М.: Прогресс, 1965. – 106 с. – суахили.
  • Джамиля: Повести. – М.: Прогресс, 1965. – 94 с. – суахили.
  • Джамиля: Повесть. - М.: Прогресс, 1965. – 112 с. – хинди.
  • Материнское поле: Повесть. – М.: Прогресс, 1965. – 197 с. – араб.
  • Материнское поле: Повесть. – Бухарест: 1965. – 144 с. – рум.
  • Повести гор и степей. – М.: Прогресс; Стокгольм: Интернационал Ревю, 1965. – 301 с. – швед.
  • Баллада о первом учителе: Повесть. – М.: Прогресс, 1966. – 97 с. – сингальск.
  • Баллада о первом учителе: Повесть. – М.: Прогресс, 1966. – 104 с. – хаус.
  • Баллада о первом учителе; Материнское поле: Повести. – М.: Прог-ресс, 1966. – 392 с – япон.
  • Материнское поле: Повесть. – М.: Прогресс, 1966. – 190 с. – телугу.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Прогресс, 1967. – 103 с. – гуджарати.
  • Материнское поле: Повесть. – М.: Прогресс, 1967. – 205 с. – корейск.
  • Первый учитель: Повести. – М: Прогресс, 1967. – 143 с.– корейск.
  • Прощай, Гульсары! – София: Нар. культура, 1967. – 167 с. – болг.
  • Первый учитель: Повесть. – М.: Прогресс, 1968. – 104 с. – телугу.
  • Прощай, Гульсары! – Берлин: Культура и фортшпритт, 1968. – 215 с. – нем.
  • Повести гор и степей. - М.: Прогресс, 1969. – 359 с. – англ.
  • Прощай, Гульсары!: Повести. – М.: Прогресс, 1969. – 400 с. – пер.
  • Тополек мой в красной косынке: Повести. – М.: Прогресс, 1969. – 520 с. – амхар.
  • Баллада о первом учителе: Две повести. – М.: Прогресс, 1970. – 330 с. – араб.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Прогресс, 1970. – 101 с. – телугу.
  • Повести гор и степей. - М.: Прогресс, 1970. – 287 с. – исп.
  • Прощай, Гульсары! - М.: Прогресс, 1970. – 316 с. маоамлам.
  • Материнское поле: Повесть. – М.: Прогресс, 1971. – 107 с. – араб.
  • Прощай, Гульсары!: Повести. – М.: Прогресс, 1971. – 165 с. – араб.
  • Джамиля: Повести. – М.: Прогресс, 1972. – 243 с. – сингальск.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Прогресс, 1972. – 208 с. – тамильск.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – М.: Прогресс, 1972. – 416 с. – та-мильск.
  • Избранное. – М.: Прогресс, 1973. – 263 с. – хинди.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Прогресс, 1973. – 47 с. – нем.
  • Повести гор и степей. – М.: Прогресс, 1973. – 280 с. – англ.
  • Баллада о первом учителе: Две повести. – М.: Прогресс, 1974. – 330 с. – араб.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Прогресс, 1974. – 106 с. – перс.
  • Материнское поле: Повесть. – М.: Прогресс, 1974. – 161 с. – перс.
  • Повести гор и степей. – М: Прогресс, 1974. – 280 с. – исп.
  • Тополек мой в красной косынке: Повесть. – М.: Прогресс. 1974. – 143 с. – хауса.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Прогресс, 1975. – 47 с. – нем.
  • Тополек мой в красной косынке: Повести. – М.: Прогресс, 1975. – 52 с. – амхар.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Прогресс, 1976. – 141 с. – амхар.
  • Прощай, Гульсары! – М.: Прогресс, 1976. – 462 с. – араб.
  • Прощай, Гульсары!: – Повесть. – М.: Прогресс, 1976. – 329 с. – пенд-жаб.
  • Повести гор и степей. – М.: Прогресс, 1977. – 289 с. – англ.
  • Ранние журавли: Повесть. – М.: Прогресс, 1977. – 156 с. – перс.
  • Баллада о первом учителе. – М.: Прогресс, 1978. – фин.
  • Белый пароход: Повесть. – Ташкент: Прогресс, Ташк. отд-ние,1978. – 284 с. – урду.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Прогресс, 1978. – 106 с. – пенджаби.
  • Повести гор и степей. – М.: Прогресс, 1978. – 635 с. – серб., хорв.
  • Джамиля. М.: Прогресс, 1979. – 99 с. – телугу.
  • Повести гор и степей. – М.: Прогресс, 1979. – 466 с. – бенгали.
  • Прощай, Гульсары! - М.: Прогресс, 1979. – 366 с. – кашмири.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – М.: Прогресс, 1979. – 334 с. – непал.
  • Прощай, Гульсары! – М.: Прогресс, 1979. – 361 с. – ория.
  • Тополек мой в красной косынке. – М.: Прогресс, 1979. – 135 с. – суахили.
  • Баллада о первом учителе. – М.: Прогресс, 1980. – 114 с. – дари.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – М.: Прогресс, 1980. – 279 с. – гол.
  • Прощай, Гульсары! – М.: Рус. яз., 1980. – 280 с. – пол.
  • Белый пароход; Пегий пес, бегущий краем моря. – М.: Прогресс, 1981. – 268 с. – перс.
  • Повести гор и степей – М.: Прогресс, 1981. – 479 с. – маратхи.
  • Повести гор и степей. – Ташкент: Прогресс, 1981. – 393 с.
  • Прощай, Гульсары! – Ташкент: Прогресс, 1981. – 228 с. – хинди.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Радуга, 1983. – 208 с. – тамил.
  • И дольше века длится день. – М.: Прогресс, 1983. – словац.
  • Материнское поле: Повесть. – М.: Радуга, 1983. – 173 с. – телугу.
  • Повести. – М.: Радуга, 1983. – 295 с. – араб.
  • Ранние журавли. – М.: Радуга, 1983. – 91 с. – англ.
  • Джамиля; Повести гор и степей. – М.: Радуга, 1984. – 270 с. – вьет.
  • Джамиля: Повесть. – М.: Радуга, 1984. – 125 с. – канадс.
  • Джамиля: Повесть. - М.: Радуга, 1984. – 117 с. – хинди.
  • Материнское поле: Повесть. – М.: Радуга, 1984. – 423 с. – тамил.
  • Джамиля: Повесть. - М: Радуга, 1985. – 47 с. – нем.
  • Первый учитель: Повесть. – М.: Радуга, 1985. – 394 с. – гуджарати.
  • Прощай, Гульсары!: Повесть. – М.: Радуга, 1985. – 147 с. – тамил.
  • Ранние журавли: Повесть. - М.: Радуга, 1985. – 108 с. – перс.
  • Первый учитель: Повесть. - М.: Радуга, 1986. – 108 с. – хинди.
  • Плаха: Роман. – Финляндия: Нэ-Кирьет, 1986. – фин.
  • Джамиля: Повесть. – Ташкент: Радуга, Ташк. отд-ние, 1987. – бенгали.

Колдонулган адабияттар

Сырткы шилтемелер

  1. "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
  2. Кутбилим гезити. 2008-жыл 20-июнь. 7-бет.