Үй-интернат (инвалиддер үйү): нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Ден-соолук на Категория:Ден соолук
м Bot: Migrating 1 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q4200512 (translate me)
 
9-сап: 9-сап:
[[Категория:Социология]]
[[Категория:Социология]]
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Ден соолук]]

[[ru:Инвалидный дом]]

11 март 2013, саат 11:45 учурдагы соңку нуска

Үй-интернат (инвалиддер үйү) — социалдык камсыздандыруунун жардамга жана такай багууга муктаж болгон инвалиддер, майып балдар жана улгайгандар жашоочу мекемеси.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-интернаттын бир нече түрү: инвалиддер жана улгайгандар үчүн; психоневрологиялык (психика-нерв оорусу менен ооругандар үчүн), кем акыл, майып балдар үчүн, сокур, дүлөй жана дудук балдар үчүн иштейт. Улгайган жана майып болгон кишилер мамлекет эсебинен жашайт, андан башка белгиленген пенсиянын 10%ин, Улуу Ата Мекендик согуштун инвалиддери жана персоналдык пенсионерлер 25%ин алышат. Көз айнек, угуу аппараты жана башкалар акысыз берилет, жасалма тиш салуу да акысыз жүргүзүлөт. Үй-интернатка кабыл алууну социалдык камсыздандыруу органы чечет.
Арыз жашаган жери боюнча райондук социалдык камсыздандыруу бөлүмүнө берилет. Ага терапевт, офтальмолог, дермато-венерологдун медициналык корутундусу, психика-неврологиялык жана кургак учукка каршы диспансерлердин справкасы; ичеги ооруларына анализ тапшырган справка тиркелет. Үй-интернатка карылар, инвалиддер — өзүнүн, балдар ата-энесинин макулдугу боюнча гана кабыл алынат. Мында медициналык жардамдын бардык түрү көрсөтүлөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8