Сүлүктү: нускалардын айырмасы

м r2.7.2+) (робот кошту: tr:Sülüklü
(Айырма жок)

21 март 2013, саат 23:18 учурдагы нуска

Отурукташкан жай
Өлкө Кыргызстан
Координаттар 39°56′ с. ш. 69°34′ в. д.HGЯO
Мэр Абдузакир Ибрагимов
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1868
Аянты 17,33 км²
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 20 725 адам (2009-жыл)
Улуттук курамы кыргыздар, өзбектер, татарлар, орустар
Диний курамы ислам, христиан, атеистер
Сандык идентификаторлор
Сүлүктү (Кыргызстан)

Сүлүктү — Кыргызстандын түштүгүндөгү Баткен облусуна караштуу шаар.

Географиялык орду

Сүлүктү шаары Түркстан тоо кыркасынын түндүк (тескей) тарабында дениз денгээлинен 1380 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Баткен облусунун борбору Баткен шаарынан 150 чакырымдай батышыраакта жайгашкан. Кыргызстандын ордо шаары Бишкектен 950 чакырымдай түштүк-батышта орун алган.

Шаар Сүлүктү темир жол тармагына кошулган. Ал Тажикстандын Пролетарск бекетине да жалгашат. Бул темир жолунун 9 чакырымдайы Тажикстандын аймагында, ал эми калган 38 чакырымы Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Сүлүктү шаарынын аймагында үч бекет (Товардык, Макаевка, Чыгыш - Восточная) жайгашкан. Азыркы күнд бул темир жол тармагы иштебейт.

Климаты

Сүлүктү шаарынын климаты мелүүн келет. Кышкы мезгили анча узак эмес, жаз жана күз мезгилдери акыркы он жылда жаанчыл болуп калды, ал эми жайкы мезгил болсо - кургак жана ысык.

Кыскача тарыхы

Сүлүктү тургун жай катары байыркы доордо эле негизделген. 1940-жылы шаар макамын алган. 1918-жылы Совет бийлиги орнотулган. 1999-жылдан тартып Кыргызстандын Баткен облусуна карайт, ага чейин Кыргызстандын Ош облусуна карап келген.

Өнөр жайы

Сүлүктү аймагы эзелтеден көмүр казуу жайы катары маалым. Ал эми 1868-жылдан тартып көмүр кеңири масштабда өндүрүлө баштаган.

Калкы

2009-жылга карата Сүлүктү шаарында 20, 7 миң тургун жашайт.[1] Калк саны ага чейин (Совет доорунда) алда канча көп болчу. Негизги калк - кыргыздар жана өзбектер. Алардан тышкары орустар, тажиктер, татарлар, айрым кавказдык этностор, украиндер, сыгандар, лөлүлөр, немистер жана башка этностордун өкүлдөр.

Эскертмелер

Шилтемелер