Difference between revisions of "Wikipedia:Добуш берүү"

Jump to navigation Jump to search
 
== Wikipedia аталышын кыргызчалаштыруу боюнча долбоор ==
 
==Жыйынтыктоочу Бүтүм==
1. '''Уикипедия аталышынын Викикипедия деп алмаштырууга негиз жок.'''<br />
 
:*Аталышты алмаштырууга негизделген себеп керек. Бул – Уикипедиядагы берилген маалыматтардын текшерип алууга мүмкүн болушу керек талабына жооп берет. Катардагы макаланын аталышын же тектстте берилген сөздү өзгөртүш үчүн деле, ага негиз керек – орфографиясы туура эмес, аталыштын өзү туура эмес ж. б. у. с. Ошондон кийин гана өзгөртүүлөр жүргүзүлөт. Ушул эле эреже башка учурларда дагы иштейт.
:*Англис тилиндеги “W” тамгасынан башталган сөздөрдүн кыргызчаланыш эрежеси боюнча “В ” тамгасы колдонулушу керек экендиги тууралуу эч кандай ырасмий эрежеге, башка бир абройлуу булактарга, эмгектерге шилтеме берилген жок, же көтөрүлгөн демилге өз пайдасына жетиштүү далилдерди келтире алган жок.
:'''Жыйынтыгында, эмне үчүн “Уикипедия” жазылышы туура эмес жана аны “Википедия” вариантына алмаштыруу керек экендиги негиз тапкан жок.
:*Англис тилиндеги “W” тамгасынын башталган сөздөрдү башка тилдерде которуу учурларында сөзсүз түрдө “У” же “В” колдонулат деген так эреже жок. Тилдердин өзгөчөлүгүнө жараша “У” же “В” колдонула берет.
:'''Жыйынтык – эл аралык тажрыйбада да “У” туура эмес, “В”, же тескеринче болушу керек деген эреже табылган жок.''' <br />
 
2. '''Уикипедиянын чечимдерин анын жамааты кабыл кылат.''' <br />
 
:Ырасмий статистикага ылайык, кыргыз Уикипедиясына оңдоо кылган катышуучулардын жалпы саны - 922, жөн гана катталып койгондордун саны – 7000 чукул. Акыркы убакта, бир ай ичинде кыргыз Уикипедиясына кирип иштеп жаткандардын саны - 240 тегерегинде. 15/09/2013, Бишкек убактысы саат 07-00те жалпы добуш бергендердин саны - 14. Бул бир ай ичинде кирип иштеп жаткан кыргыз уикипедиячыларынын 6% жакынын гана түзөт. 14 добуш бергендин ичинен, “Википедия” аталышына 7 киши добуш берди, “Уикипедия” аталышы – 7.
:'''Добуш берүүгө кыргыз уикипедиячыларынын кызыгып катышпаганы, көтөрүлгөн маселенин актуалдуулугу эместигин көргөздү. Жыйынтык – демилге кыргыз жамаатынын колдоосуна ээ болгон жок. '''
 
3.'''Добуш берүү соңуна чыкты. Тема жабылды'''
:Демилге канааттандырылган жок жана экинчи каралбайт.
:Бүтүм учурдагы Кыргыз Уикипедиясынын администраторлорунун кеңешинде кабыл алынды. Жарыялаган--[[Колдонуучу:Chorobek|Chorobek]] ([[Колдонуучунун баарлашуулары:Chorobek|talk]]) 01:01, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2013 (UTC)
 
----
 
 
'''Көңүл буруңуздар!'''</br>
13 406

edits

Навигация менюсу