Difference between revisions of "Садырбаев, Дооронбек"

Jump to navigation Jump to search
м (Робот: изменение Категория:Персоналия на Категория:Инсандар)

'''Садырбаев, Дооронбек''' ([[1939]] - [[28 май]] [[2008]]) - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери.

== Өмүрү таржымакалы ==
Дооронбек Садырбаев [[Кыргызстан]]дын түштүгүндө, азыркы [[Жалал-Абат]] облусунун [[Ноокен]] районундагы [[Апыртан]] айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда)1940-жылы туулган. Аны урматтап "Доке" деп кайрылышаар эле. Анын классташтарынын бири кыргыздын коомдук ишмерлеринин бири [[Абдуразак Султанов]] болгонун Доке өзү эскергени бар. Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болгон. Ал он төрткө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1 орто мектебине кирген. Ал жерде ынтымактуу окушкан, себеби: ар улуттун өкүлдөрү окуган. Мектеп жашында ал жакшы окуган жана орус-өзбек тилдерин жакшы өздөштүргөн. Ошентип 1957-жылы орто мектепти аяктаган. Кийин Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаары) Медициналык институтка окууга тапшырган.
Академик [[Иса Ахунбаев]] сыяктуу илимпоздордун дарсын уккан. 1958-жылы [[Москва]]дагы [[Кыргызстан]]дын маданиятынын он күндүгүнө (декадасына) студенттик хордун өкүлү катары катышкан. Болочокку жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен да мединститута окуп жүрүп таанышкан.
==Эмгек жолу==
== Эмгек жолу ==
Студент кезинен эле режиссердук жана кино өнөрү менен "ооруп" калган. 4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссердук ишке орношкон. [[Муратбек Рыскулов]], [[Жамал Сейдакматова]], [[Бакен Кыдыкеева]] сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган. Дубляжда (тасмаларды которууда) [[Вячеслав Тихонов]], Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык "лөктөрдүн" үнүнүн котормосун Доке окуп жүрчү экен. Анын эскергенине караганда, бул иш ага дурус маяна табууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл эркиндик алууга өбөлгө түзгөн. Ал режиссердук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган. Бул тасма жазуучу [[Чыңгыз Айтматов]]дун "Кылым карытаар бир күн" романындагы бир окуяга негизделип тартылган. Ал өз замандаштары [[Төлөмүш Океев]] жана [[Болот Шамшиев]]дин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болду.

==Эмгектеринин котормолору==
Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - «Ситцевый бумеранг» аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган. Кыргыз акыны [[Алыкул Осмонов]] туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан. 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча "Песня памяти")даярдаган.

2,419

edits

Навигация менюсу