Биз тобу: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
19-сап: 19-сап:
[[Файл:Впарп.jpg|400px|thumbnail|left|"Биз" тобунун концерти]]
[[Файл:Впарп.jpg|400px|thumbnail|left|"Биз" тобунун концерти]]
"Биз" тобунун шакирттери көп болгон: ырчы айымдар, мырзалар жана топтордон "Таалай элеси", "Кеңеш" топтору. Үйлөнүү-үлпөт тойлордо Кыргызстанда эле эмес, Кытайдагы кыргыздар да "Той тамаша", "Ак көйнөк кийген бийкеч" аттуу чыгармаларын көп колдонушат. Ошол ырларга шайкеш "Лейлек", "Классташтар", "Ыйлай, ыйлай" аттуу чыгармалары элдин сүйүүсүнө татыган.

== Колдонулган булактар ==
[http://www.super.kg/article/?article=19187 "Супер-Инфо"] гезити

24 март 2014, саат 11:54 учурдагы нуска

"Биз" тобу

Калыптанышы жана алгачкы курамы

Бул топ алгач 1988-жылы Политехникалык институтунун атынан кароо конкурстарда катыша баштайт. 1989-жылы кыргыз тилин өркүндөтүү боюнча атайын чыккан мыйзам кыргыз тилинде ырдаган "Биз" тобуна окшогон коллективдерге чоң түрткү болот. Ошол чыккан мыйзамдан кийин "Биз" тобунун алгачкы курамына институттун ректораты атайын бөлмө бөлүп берет. Алгачкы курамында Бактияр Токторов, Насиридин Жуманов, Алмаз Кудайбердиев, Улан Исканов жана Ильяз Машабаевдер болгон.

Алгачкы кадамдар

1990-жылы январь айында белгилүү тележурналист Мыктыбек Арстанбектин чакыруусу менен КТР аркылуу элге биринчи "Баластан" жана "Жоогазын" аттуу ырлары менен таанылган. Ошол жылы өтө популярдуу болуп турган "Мыскыл жана тамаша" көрсөтүүсүнүн жаңы жылдык программасына тартылууга уруксат берилет. Биринчи чоң сахнага Жаныбек Алыкулов алып чыккан. 1991-жылы Политехникалык институтунун студенттик тобу белгилүү тележурналист Бакыт Букаевдин "Жаштык ыры" теледолбоорунун алгачкы катышуучуларынан болушуп, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татып байге жеңип алышкан. Эстрадалык топ катары биринчи концерти 1992-жылы 1-апрелде "Алдамчы күнүң менен, периштем" деген ат менен мурдагы Кыз-келиндер институтунун салтанат залында студенттерге коюлган.

Биринчи альбому

"Биз" тобунун солисти - Бактияр Токторов "Ыйлай, Ыйлай" ырын "Супер-Инфо" гезитинин "Супер концерт - 2013" концертинде аткарууда

Белгилүү обончу Марат Алыбаев жетектеген улуттук филармония астындагы "Таазим" эстрадалык тобунун чоң жардамы менен бир айдан ашык даярданышып, КТРдин үн жазуу студиясында "Биз" тобунун биринчи музыкалык альбому жаралат. Бул күн расмий түрдө 1992-жылынын 29-апрели болуп саналат. Альбом "Периштем" деп аталып, "Периштем", "Сагынам", "Жоогазын", "Айперим", "Себелеп", "Таң чолпон жылдызы", "Студентка кыз", "Алия" жана "Айнура" деген аталыштардагы тогуз ырдан турган.

Биринчи ийгилик

1992-жылдын 4-5-июнь күндөрү борборубуздагы улуттук филармонияга эки күнгө уюштурулган "Биз" тобунун "Ак жол сага, периштем" аттуу концерти аншлаг менен өтүп, биринчи ийгилиги жүз берет. Суроолор боюнча эки жумадан кийин кайра эки күн ошол эле жерде концерт уюштурулат. Кайрадан элдин аягы үзүлбөй филармониянын эшиги талкаланып, туруп көргөнгө да орун калбай калган. Бул жөнүндө массалык маалымат каражаттары көпкө чейин жазып да, айтып да келген. Ошол жылдан баштап "Биз" тобунун ырлары бардык жерлерде жаңыра баштаган. Суроолор боюнча "Биз тобу" Кыргызстандын бардык шаар жана райондорунда болушуп, эл көп жерлерде, стадиондордо концерттери коюлган. Ош шаарында 11 күн күнүнө 3 сеанстан жайкы цирктин имаратында өткөнү азыркыга чейин көпчүлүктүн эсинде. Элдин талабына жараша жылына жаңы ырлардан турган "Периштем 2, 3, 4, ..., 14" музыкалык альбомдору элге тартууланып жакынкы жылдарда алыскы коңшу өлкөлөргө да гостролдору арбын болгон.

Шакирттери

"Биз" тобунун концерти

"Биз" тобунун шакирттери көп болгон: ырчы айымдар, мырзалар жана топтордон "Таалай элеси", "Кеңеш" топтору. Үйлөнүү-үлпөт тойлордо Кыргызстанда эле эмес, Кытайдагы кыргыздар да "Той тамаша", "Ак көйнөк кийген бийкеч" аттуу чыгармаларын көп колдонушат. Ошол ырларга шайкеш "Лейлек", "Классташтар", "Ыйлай, ыйлай" аттуу чыгармалары элдин сүйүүсүнө татыган.

Колдонулган булактар

"Супер-Инфо" гезити