Усман ибну Аффан: нускалардын айырмасы
Automated import of articles |
м Kgbek moved page Осмон to Усман ибни Аффан |
(Айырма жок)
|
28 март 2014, саат 12:53 учурдагы нуска
Осмон - (ар. Усман ибн Аффан) Мухаммед пайгамбардын төрт «шайланма» халифинин бири. Абубекрден кийинки халифа. Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы. Күлсүн (Гүлсүм) деген кызын ушул адамга берген. Халиф Осмондун тушунда мамлекетте ич ара күрөш күчөгөн, киши колдуу болуп өлгөн. Мусулмандардын ыйык китеби «Куран-и Керимди» тери, ташка жазылгандарын, ар кимдин оозунан жыйнап, аны редакциялап (түздөп, калыпка салып) чыккан. Азыркы колдонуп жүргөн ыйык китебибиз «Куран-и Керим» ошол бойдон сакталууда. Халифа Осмондун өз колу менен жазылган «Куран-и Керим» азыр Ташкенттеги муфтияттын китепканасында сакталуу.
Колдонулган адабияттар
- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4