Difference between revisions of "Арча"

Jump to navigation Jump to search
1 424 byte added ,  5 жыл мурун
no edit summary
м (Bot: Migrating 57 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q25662 (translate me))
[[Файл:Jalowiec jagody1.jpg|thumb|250px]]
 
'''Арча''', - [[Латын]]ча аталышы - (juniperus), кээ бир булактарда *joini-parus* «бүчүр байлоо», ал эми кельт сөзүнөн Jeneprus — «саюучу» дегенди түшүндүрөт. Бул жалбырактарынын ийне сымал болушу менен түшүндүрүлөт. Өсүмдүктөрдүн кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийиктиги 10-12, кээде 20-30 м. Эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү; жаш өркүндөрүнүн жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт. Тобурчактары эттүү, жемишке окшош, ичинде үчтөн уругу бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы катуу, көпкө чирибейт. Арча жарыкчыл, кургакчыл, суукка чыдамдуу, тамыры терең жана жайылып өсүп, жер алдындагы сууну жана азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кыргызстанда 10 түрү өсөт.
 
== Таралышы жана [[экология]]сы ==
Бул ууруга киргендер ТұндұкТүдүк жарым шарда, Арктикадан тарта субтропикалык тоолутоолуу аймактарга чейин таралышкан. Бир гана Африкада өскөн батыш-африка арчасы (Juniperus procera), 18° түштүктө байырлайт. Көпчүлүк түрлөрү майда ареалдарды түзүшүп тоолу өлкөлөрдүн тоо системаларында бири-бирин толуктап өсұп келишет. Баарыбызга белгилүү болгон кадимки арча — Juniperus communis, чоң ареалды ээлейт.
Дарак сымал арчалар, бийиктиги 10—15 м жетет. Мындай арчалар чакан [[Токой|токойлорду]] түзүп келишет. Буларды көбүнчө [[Борбордук Азия|Борбордук Азиядан]] ([[Кыргызстан]], [[Казакстан]], [[Өзбекстан]], [[Тажикстан]] ж.б.) жана кургак чөлкөмдүү Мексикадан, ошондой эле [[Түштүк Америка|Түштүк Американын]] түштүк бөлүгүнөн жолуктурса болот. Арчанын башка түрлөрү майда бадалчалар болуп саналышат жана тоо этектерде чакан токойчолорду түзүп өсүшөт. Бойлору кичине болгон жайылып өскөн арчаларды тоо-таштуу жайлардан кезиктиребиз. Булар көбүнчө токойлодон жогору жайланышып аска тектүү кургак жайларда өсүшөт.
Арчалардын баардык түрлөрү күнөстүү жайларды сүйүүчү өсүмдүктөр, көпчүлүгү субстрат тандабайт жана ысыкка, туздуулукка, минералдык заттардын жетишсиздигине чыдамдуу келишет. Суукка чыдамдуулугу боюнча арчалар жогору турушат, кээ бир түрлөрү арктикалык зонада да өсүшөт.
 
== Арчалардын көбөйүшү ==
Уруктар менен көбөйүшөт. Бирок уруктарын сепкенден кийин бир жылда өнүп чыгышат;
Калемчелер менен көбөйүшөт;
Арчалар 600 жылга дейре жашашат. Жаратылышта калыбына келүүлөрү кыйынчылык менен жүрөт.
 
== Ботаникалык мүнөздөмө ==
Бүчүрлөрү кабырчыксыз, (Кадимки арча - Juniperus communis) кээ бир учурларда эки жагынан кичинекей жалбыракчалар менен капталган. Ал эми сөөктү арчанын (Juniperus drupacea) бүчүрлөрү көптөгөн кабырчыктар менен оролгон. Жалбырактары үч - үчтөн биригип турат, ийне сымал, учтуу келишет, узун-ланцеттүү, үстүнкү жагында үттөр менен кошо тарамыштар орун алышкан.
 
== Арчалардын тизмеги ==
 
Урууда 50 - 67 чейин түрлөр бар.
 
Урууда 50 - 67 чейин түрлөр бар. GRINВ сайтына шилтеп төмөнкү тизмеге 66 түрдү киргиздик.
{||-
|
* Juniperus angosturana R.P.Adams
* Juniperus ashei J.Buchholz — Мексика арчасы
* Juniperus maritima R.P.Adams — Примор арчасы
* Juniperus martinezii Perez de la Rosa — Мартинеса арчасы
|
* Juniperus monosperma (Engelm.) Sarg. — Бир уруктуу арча
* Juniperus monticola Martinez — Нагор арчасы
* Juniperus virginiana L. * — Виргин арчасы
* Juniperus wallichiana Hook.f. & Thomson ex Brandis — Валлиха арчасы
 
==Колдонулган адабияттар==
*“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Табият илимдери]]
1 279

edit

Навигация менюсу