Difference between revisions of "Нур-Султан"

Jump to navigation Jump to search
no edit summary
}}
 
'''Астана''' (1961-ж. чейин Aкмолинск, 1961-92-ж. Целиноград, 1992-98-ж. - Aкмоло) - [[Казакстан Республикасы|Казакстан Республикасынын]] борбор шаары (1997-жылдын). Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, Ишим дарыясынын боюнда, Казак Сараркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 345,6 миң (2005). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар.
'''Астана''' ({{lang-kk|Астана}} — [[Казакстан]]дын борбор шаары (Бештин айынын 10, 1997-жылы), 2009-жылдвны 1-Баш оона айында калкынын саны 665,8 миңге барабар. Өлкөдөгү үч эң ири шаарлардын тизмесинде 3-чү ([[Алмата]] менен [[Чымкент]] шаарларынан кийин). Астанын мурунқу аттары - '''Акмолинск''' (1830-1961), '''Целиноград''' (1961-1992), '''Ақмола''' (1992-1998). Астана [[Ишим]] дарыянын нугунда, [[Нура]]га жакын жерде, жайгашкан.
1830-ж. Aкмоло чебинин ордунда отурукташкан. 1832-жылдан Aкмоло станицасы, 1863-жылдан округдук шаар, 1868-жылдан Aкмоло уездинин борбору. [[Ташкен]] ж-а [[Бухара|Бухарадан]] [[Россия|Россияга]], Чыгыш Кытайдан Сибирге кеткен кербен жолунун маанилүү пункту болгон. 1920-36-ж. Кыргыз (Казак) ACCРинин курамындагы губерниянын (1920-28), округдун (1928-30) республикага баш ийген райондун (1930-32), Караганда облусундагы райондук (1932-39), 1965-97-ж. облустун борбору болгон. 1939-жылдан Aкмоло облусунун, дың жерлерди өздөштүрүүдө крайдын административдик борбору болуп, [[Экономика|экономикалык]] ж-а саясий абалы тез өсө баштаган. 1998-жылдан азыркыдай аталат.
1990-жылдын аягынан шаардын борбордук бөлүгүндө (япон архитектору К. Курокаванын генералдык долбоору б-ча) курулуш иштери жүргүзүлгөн; алар: парламент ж-а өкмөт үйү, президенттин резиденциясы, «Караотель» турак жай комплекси, «Aль-Фараби» ж-а «Самал» кичи райондору, Конгресс-холл, «Евразия» соода борбору, Ишим дарыясындагы көпүрө ж-а дарыянын сол жагында бийиктиги 97 м келген «Aстана-Байтерек» монументи. Aнда диаметри 22 м айнек шар орнотулган. Металл шардын каркасы 3 кабат түстүү айнек м-н капталган. Ал [[Казакстан Республикасы|Казакстан Республикасынын]] 10 жылдыгына арналган көрүнүктүү монументтик курулуш.
 
Астана - Казакстандын маданий борбору. 28 [[ЖОЖ]] (филиалдары м-н), анын ичинен техникалык университет (1933-жылдан), С. Сейфуллин атынагы агрардык институту (1957), Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (1998; Москва мамлекеттик университетинин филиалы), [[медицина]] (1964), [[музыка]] (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепканалары: Президенттик маданий борборунуку, Борбордук шаардык, А. Гайдар атындагы балдар китепканалары ж. б. А. Кастеев атындагы искусство (1935), азыркы искусство (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), музыкалык драма (1991), улуттук опера ж-а балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар.
== Тарыхы ==
Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казак айыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» АКсы, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары, [[эмерек]] өндүрүшү бар.
 
Шаардын жайгашкан жери - кербен жолдордун өтө (стратегиялык) кирешелүү кесилиши, мурунтан бери талаадагы көчмөндөрдү өзүнө тарткан. Шаардын четинде археологтор [[коло]], эрте [[темир]] доорлоруна жана [[орто қылымдар]]га таанык артефактыларды табышкан. Эң негизги артефактылардын бири - [[Бозок (шаар)]], эрте орто кылымдардан (VII-VIII кк.) баштап [[Казак хандыгы]] дооруна (XV-XVI кк.) чейинки эстелик.
 
Шаардын пайдубалы 1830-жылы (Акмолинск атту) [[казак]] (орус дөөлөтү учурунда) сепил катары коюлган. Түптөгөн - полковник '''Федор Кузьмич Шубин''', Бородино согушунун қатышуучусу. Кийинчерек кичи сепил шаарга чейин ирилешип кеткен. 1997-жылга чейин Акмола атка ээ болгон. "''Ақмола''" сөзү казак тилинен "''Ак мүрзө''" же "''Ак мазар''" деп которулат. Шаардан 20 чакырымда ал менен бир атту жергеси, жергиликтү бийдин мүрзөсү болгон жер. Борбордун ордун алмаштыруу учурунда шаардын атын да Астанага алмаштыруу чечим кабыл алынган (анын сөзмө сөз которулушу "''башкы шаар''").
 
Казакстандын биринчи борбору [[Оренбург]] шаары (бүгүнкү күндө [[Орусия Федерациясы]]нын қурамында) болчу, кийинчирек 1925-жылы [[Кызыл-Ордо]]го которулган. 1929-жылы республиканын борбору кайрадан которулган, эми [[Алматы]]га. 1997-жылдын Үчтүн айынын 10 Астана Казакстандын борбору катары расмий түрдө жарыяланды. Астанын дүйнөлүк коомчулукка жаңы борбор катары 1998-жылдын Қулжа айынын 10 таанылган.
 
Бүгүнкү күндө Астана бул 200 чакырымдан ашкан аянты менен өтө ири шаар. 1999-жылы [[ЮНЕСКО]]нун чечими менен Астана "'''Дүйнөнүн шаары'''" наамы берилген. Борбор шаар болгондон жана "Астана - жаңы шаар" атту өзгөчө үнөмдүк (экономикалық) майдан уюштурулгандан соң шаарда бир канча жаңы-заманбап архитектурдук мекемелердин қурулуш долбору иш жүзүнө ашырыла баштаган. Калктын саны 270 миңден (1996) 600 миңге (2006) өскөн.
 
Борбор шаар наамына карабастан Казакстандын мурунқу борбору, Алмата, азыркыга чейин инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү боюнча Астанадан кем эмес. Азырқы учурда Алмата "'''Түштүк борбор'''" бейрасмий наамга ээ.
 
== Экономика ==
 
Шаардын чарбачылык өнүгүшүнө, 1931-1936-жылдары курулган Караталы атту темир жолу чоң таасирин берген. Астана борбор боло электе Казакстандагы эң ири айыл-чарба унааларды чыгарган өнөр жайы - "[[Целинсельмаш]]", жана "[[Казахсельмаш]]" (мурунқу [[СССР|КСРБ]]нин 50-жылдыгынын заводу) шамал эрозияланган аймактарга атайлашкан айыл-чарба унааларда адистенген ишканасы. Андан тышкары башка өнөр жайлар бар: "Металист", насостуқ, вагон оңдотуу жана башка унаа жана темир иштетүүчү өнөр жайлар.
 
== References ==
<references/>
{{Азия өлкөлөрүнүн борборлору}}
[[Категория:Казакстан]]
1,279

edits

Навигация менюсу