Атланта: нускалардын айырмасы
Created page with "{{Америка Кошмо Штаттарынын акимий борборлору}}" |
No edit summary |
||
1-сап: | 1-сап: | ||
'''Атланта''' - [[АКШ|АКШнын]] түштүк-чыгышындагы шаар. [[Жоржия]] штатынын административдик борбору. Калкы 433 миң (2004; [[Агломерация|агломерациясында]] 4068,8 миң). Пидмонт бөксө тоосунда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык Хартсфилд-Жексон аэропорту бар. Атланта - Түштүк АКШнын ири соода-финансы, өнөр жай борбору. Электроника, химиялык целлюлоза-кагаз өнөр жайы, автомобиль («Женерал моторс», «Форд»), «Локхид-Мартин» (авиа) заводдору, «Кока-Коланын» штаб-квартирасы (музейи м-н), авиакомпания («Дельта эйрлайнз» ж. б.) бар. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлөт. Терминус деген ат м-н 1837-ж. негизделген. 1845-жылдан Атланта аталат; 1847-жылдан шаар. Пахта сатуунун борбору болгон. 1868-жылдан штаттын борбору. [[Архитектура]] эстеликтерден Капитолий имараты (1884-1889), асман мелжиген имараттар (1929) бар. Фернбанк илимий борбору, 4 университет, технология институту, медициналык ири борборлор ж-а клиникалар иштейт. Искусство ж-а археологиялык, асем-өнөр искусство музейлери, Искусство, Президент Картер, аскерий мемориалы, М. Лютер Кинг (Нобель сыйлыгынын лауреаты) улуттук тарыхый борборлору; Панорама, Пидмонт паркы, Стон-Маунтин дүйнөдөгү эң ири тоо паркы, зоопарк бар. 1996-ж. XXVI Олимпиада оюну өткөрүлгөн. АКШдагы эң ири үстү жабык стадион курулган. |
|||
⚫ | |||
==Колдонулган адабияттар== |
|||
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1 |
|||
⚫ |
11 июнь 2015, саат 04:24 учурдагы нуска
Атланта - АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар. Жоржия штатынын административдик борбору. Калкы 433 миң (2004; агломерациясында 4068,8 миң). Пидмонт бөксө тоосунда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык Хартсфилд-Жексон аэропорту бар. Атланта - Түштүк АКШнын ири соода-финансы, өнөр жай борбору. Электроника, химиялык целлюлоза-кагаз өнөр жайы, автомобиль («Женерал моторс», «Форд»), «Локхид-Мартин» (авиа) заводдору, «Кока-Коланын» штаб-квартирасы (музейи м-н), авиакомпания («Дельта эйрлайнз» ж. б.) бар. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлөт. Терминус деген ат м-н 1837-ж. негизделген. 1845-жылдан Атланта аталат; 1847-жылдан шаар. Пахта сатуунун борбору болгон. 1868-жылдан штаттын борбору. Архитектура эстеликтерден Капитолий имараты (1884-1889), асман мелжиген имараттар (1929) бар. Фернбанк илимий борбору, 4 университет, технология институту, медициналык ири борборлор ж-а клиникалар иштейт. Искусство ж-а археологиялык, асем-өнөр искусство музейлери, Искусство, Президент Картер, аскерий мемориалы, М. Лютер Кинг (Нобель сыйлыгынын лауреаты) улуттук тарыхый борборлору; Панорама, Пидмонт паркы, Стон-Маунтин дүйнөдөгү эң ири тоо паркы, зоопарк бар. 1996-ж. XXVI Олимпиада оюну өткөрүлгөн. АКШдагы эң ири үстү жабык стадион курулган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1