Difference between revisions of "Ботулизм"

Jump to navigation Jump to search
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
'''Ботулизм''' (латынча botulus – колбаса) – ботулис микробу бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып, катуу кармаган оору. Ботулизмдин козгогучтары жаратылышта кеңири таралган жана анаэробдук шартта жашап, споралары айлана-чөйрөдө өтө чыдамдуу. Инфекциянын булагы жаныбарлар. Алардын ичегисинде көбөйгөн бацилла заң менен сыртка чыгып, айлана-чөйрөнү булгайт. Киши оорунун козгогучтары менен булганган тамак-аш аркылуу (чала бышкан эт, балык, колбаса, ар түрдүү консерваланган тамак) жугузуп алат. Ботулизмдин жашылча (бадыраң, кызылча, баклажан жана башка), жер-жемиш, козугарын жана башка өсүмдүктөрдөн үй шартында консерваланган азыктардан болгон түрү коркунучтуу. Себеби жылчыксыз жабылган идиштеги, таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөгү козгогучтар анаэробдук шартта тез көбөйөт. Бул тамак-ашты жегенде кишилер ууланат. Уу ичегиге тез сиңет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 1 жумага чейин. Ал адатта булганган тамакты жегенден 12–24 сааттан кийин капыстан башталат. Оорулуу алсызданат, башы айланып ооруйт, денеси ысып, кусат, оозу жана эрини кургайт, суусайт, ичи өтөт же катат, уйкусу качат, нерв системасы жабыркагандыктан, парез жана паралич (шал) белгилери, көзгө кош көрүнүү байкалат. Көз жапкагы жабылып (птоз), карек чоңоёт, аба жетпей деми кыстыгат, муунат, денеси көгөрүп, 23 сутканын ичинде өлүмгө учурашы мүмкүн. Ботулизмдеги алгачкы (экстрендик) жардам: ичеги-карынды клизма аркылуу тазалоо жана тезинен канга антитоксин (кан сарысуусу) куюлат. Ботулизмди алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо, ташууда, сактоодо жана бышырууда санитария-гигиеналык эрежелерди, жашылчаларды, жер-жемиштерди үй шартында консервалоодо технологиялык талапты сактоо керек.
[[Файл:Clostridium botulinum.jpg|250px|right|thumb|Ботулизм ]]
[[Категория:МедицинаОруулар]]
'''Ботулизм''' (лат. botulus — Чучук) — ботулис микробунун уусу ([[Токсиндер|токсиндери]]) менен бузулган тамак-аштан уулануу.
 
== Ботулизмдин таралышы ==
Ботулизмдин козгогучтары жаратылышта кеңири таралган. Споралары 5 саат бою кайнатуудан да өлбөйт, тышкы чөйрөдө бир нече жылдар бою сакталат. Алар топуракта жашап, андан сууга, мөмө-жемиштерге, тамак-аш азыктарына, тоюттарга түшүп. алар менен киши жана жаныбарлардын ичегисине кирет, ал жерде көбөйөт да, заң менен кайра чыгат. Киши ботулис таякчалары же токсиндери менен булганган тамак-ашты жегенден, көбүнчө сүрсүгөн эттен, балыктан, консервадан, айрыкча үй шартында гигиеналык талаптар сакталбай жасалган тамак-аштан ууланат. Уу ичегиге тез сиңет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат.
 
== Оорудун негизги белгилери ==
 
Адатта оору булганган тамакты жегенден 12—24 сааттан кийин капысынан башталат, башы айланып, ооруйт, алсырайт, ичи ооруп, кусат, оозу кургап, суусайт, уйкусу качат. Бир нече сааттан же 1—2 күндөн кийин оорулуу жакшы көрбөй, көзүнө чыбыр ала көрүнөт, көз жапкактары салаңдайт, кареги чоңоёт. Андан кийин жутуу кыйындап, тили булдуруктайт, үнү каргылданат же такыр чыкпай калат. Дем алуу да начарлашы мүмкүн (деми кыстыгып, аба жетпегенсип, муунат).
 
Ботулизм— өмүргө өтө коркунуч келтирген дарт, ошондуктан анын алгачкы белгиси байкалар замат ооруканага жаткыруу зарыл. Негизги дарылоо чарасы — ботулизмге каршы кан сары суусун кечиктирбей куюу. Ооруну узакка дарылоо талап кылынат. Оорулуу көпкө чейин жумушка жараксыз болот. Көздүн көрүүсү көптө барып калыбына келет.
 
== Оорудун алдын алуу ==
Ботулизмдин алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо, ташууда, сактоодо жана бышырууда, анын ичинде үй шартында консервалоодо санитария-гигиеналык эрежелердин так сакталышына түздөн-түз байланыштуу.
 
Үй шартында жашылчаларды туздаган дурус. Ошондой эле консерва, колбаса, ышталган тамакты туура сактоо максатка ылайык.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Бактериялар]]

Навигация менюсу

Жеке аспаптар

Аталыштар мейкиндиги

Варианттар

Кененирээк