"Казактар" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

Jump to navigation Jump to search
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
'''Казактар''' – улут, Казакстан Республикасынын жергиликтүү калкы. РФ, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан (42,6 миң киши), Украина, Тажикстан, ошондой эле Кытай, Моңголия, Түркия, Иран, Афганстанда да жашашат. Жалпы саны 12 млн киши, анын ичинде Казакстанда 2014-жылга карай болжол менен 11 245 миң. Казак тилинде сүйлөшөт. Ислам динин тутушат. 1925-ж. чейин Казактар кыргыз-кайсактар деп жаңылыш аталып келген. Казактардын этностук негизине Казакстан жана Орто Азия аймагында жашаган жергиликтүү жана көчмөн уруулар (сак, усун, алан, түргөш, карлук, огуз, кыпчак, кидан, найман, керей ж. б.), ошондой эле моңголдор зор таасир тийгизген. Б. з. 1-миң жылдыгынын 1-жарымында Казакстан аймагында хунн жана түрк тилдүү уруулардын миграциясына байланыштуу түрктөштүрүү процесси жүргөн. Казактардын өзүнчө калк болуп калыптанышына 13-кылымда башталган моңгол чапкыны көп тоскоолдук кылган. Чыңгыз-хан өлгөндөн кийин 13-кылымдын ортосунда Казактар Алтын Ордо мамлекетине караган. 14-кылымдын аягы-15-кылымдын башында Алтын Ордо кулап, анын ордуна Ногой ордосу, Өзбек хандыгы орногон. 15-16-кылымда бирде өзбек, бирде казак аталып жүрүп, 15-кылымдын 50-жылдарынан «казак» деген этностук аталыш пайда болгон. 15-кылымдын 2-жарымында Казак хандыгы түзүлүп, Казактар элинин калыптануусу аяктаган. Казак эли үч жүздүккө бөлүнгөн. Улуу жүзгө (Жети-Суу) сары үйсүн, дуулат, каңды, албан, суан, жалайыр, чапырашты, очокту, ысты, сиргели уруулары; Орто жүзгө (Борбордук Казакстан) аргын, найман, кыпчак, кереит, уак, коңурат уруулары; Кичүү жүзгө (Батыш Казакстан) жети уруу (кердери, керейит, табын, тама, жагалмайлы, төлө, рамадан), али уулу (кара кезек, кара сакал, кете, төрт кара, шөмекей, шекти) жана бай уулу (адай, жаппас, алаш, байбакты, малкар, бериш, таз, эсен-темир, тана, кызыл курт, шеркеш, ысык) ж. б. уруулары кирет. Казактар 19-кылымдын 60-жылдарында Россиянын курамына (1731-ж. Кичүү жүз, 1740-ж. Орто жүз жана Улуу жүз Казактарынын жарымы) кирген. Казактар мал чарба жана дыйканчылык менен кесиптенишип, боз үй (түштүгүндө бийик, түндүгүндө жалпак чамгарактуу), таштан, камыштан же жыгачтан тургузулган боз үй сымал үйдө (шошала, тошала), ошондой эле жер төлөлөрдө жашашкан. Казактардын салттык кийими негизинен төө жүнүнөн, ошондой эле кой жүнү, кийиз жана булгаарыдан даярдалган. Эркектер тик жакалуу көйнөк, багалеги кенен ыштан жана бешмант, чапан, башына топу, калпак, тебетей, тумак кийип, белине кур курчанган. Улгайган аялдар ак же күңүрт, жаштары ачык түстүү көйнөк кийип, башына кыздар шөкүлө, улгайгандары элечек кийишип, кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары.
[[image:Cossack Mamay 1st half of 19th c.jpg|thumb|250px|Украин казак Мамай]]
[[Категория:Улут]]
 
[[Категория:Дүйнө элдери]]
Казактар - азат адамдар, Казакстанда, Украинада вэ Орусияде.
==Колдонулган адабияттар==
 
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
== Тарыхы ==
 
[[image:Қыпшақ_даласы.png|thumb|250px|left|Кыпчак даласы - казактардын жыр]]
 
[[image:Михайло-Дерегус-Тарас-слухає-кобзаря.jpg|thumb|250px|Басыбайлы украин ауыл казактар (олар ортасында - кішкене [[Тарас Шевченко]]) кобзарьне (кобызшыны) тыңдалар, XIX г.]]
 
[[image:Kubanskie Kazaki.jpg|thumb|right|Кубань казактар - [[Украина]] далалардан кетеген казактар]]
 
 
== Казактар (калкы) ==
 
[[Казактар_(калкы)]] - бер калкы Казакстанда.
 
[[en:Cossacks]]
[[kk:Казактар]]
[[ru:Казаки]]
[[tt:Казаклар]]
[[uk:Козаки]]

Навигация менюсу