Difference between revisions of "Федченко Алексей Павлович"

Jump to navigation Jump to search
no edit summary
м (Робот: изменение Категория:Персоналия на Категория:Инсандар)
 
'''Федченко Алексе́й Па́влович'''  (19-февраль 1844 — 1873), орус окумуштуусу, биолог, географ, саякатчы, Орто Азияны изилдөөчү катары белгилүү. Өзгөчө кыргыздар жашаган Памир аймагын, Алай өрөөнүн терең изилдеген окумуштуу болгон. Батыш илими үчүн Алай тоо кыркасын ачкан окумуштуу. Анын атын учурда Памирдеги мөңгү алып жүрөт (В.Ф.Ошанин жетектеген экспедиция ачкан мөңгү, 1878-ж). 1861-1871 жж. Орто Азиянын этнографиясы, географиясы, фаунасы, флорасы боюнча бай материалдарды жыйнаган.  Анын негизги эмгектери энтомологияга жана паразитологияга арналган. А.П.Федченко 1844-ж. Иркутск (айрым маалыматтарда азыркы Барнаул шаарында) туулган. Ата-энесинин колдоосу астында Иркутскидеги гимназиядан билим алат. Атасы каза болгондон соң, энесин алып Москва шаарына келет да Москва университетинин физика-математика факультетинин жаратылышты таануу бөлүмүнө өтөт. Студент учурунда ботаника менен алектенип, агасы менен Россиянын түштүк райондоруна саякатка чыккан. Энтомологияга кызыккан А.П.Федченко университетте “Этнография, табигый илимдер жана антропологияны сүйүүчүлөр Коомун” негиздейт. Бул анын илим чөйрөсүнө кеңири аралашканга шарт түзгөн болучу. Илимдин кандидаты наамына ээ болгон А.П.Федченко 1864-ж. (университетти аяктагандан соң) Николаев институтуна окутуучу болуп кирет. 1868-ж. “Этнография, табигый илимдер жана антропологияны сүйүүчүлөр Коомунун” мүчөлөрүн Россия империясы жаңыдан басып алган Түркестан кызыктыра баштайт. 1868-ж. жаңыдан үй бүлө курган А.П.Федченко жубайы менен Түркестанга келип 1871 ж. чейин туруп калышат. Ушул мезгилдин аралыгында Зеравшан өрөөнүнө, Самарканддын айланасына, тоолуу Тажикстанга, Искандеркөлгө, Жизакка, Жогорку Зеравшанга, андан соң Кар-Кум чөлүнө саякат жасашкан эле. Түркестандагы жүрүш мезгилдеринде А.П.Федченкону өзгөчө Памирдин сырдуу дүйнөсү кызыктырган. 1871-ж. Кокон хандыгынын аймагына саякат учурунда Алай өрөөнүнө түшүп, андан ары Алай тоо кыркаларын ачкан. 1872-ж. Бүткүлроссиялык политехникалык көргөзмөдө Орто Азиядан алынып келинген бай экспонаттар коюлуп, көрүүчүлөрдүн жана адистердин назарына сунуш этилген. Россиядан келген илимпоздордун тобу 1873-ж. алгач Францияга, андан соң Германияга келишип, тоо кыркаларына чыгуу сырын жана техникасын (ыкмасын) үйрөнүү үчүн машыга башташат. Машыгуунун биринде 29 жаштагы А.П.Федченко капысынан каза табат. Анын атактуу “Путушествие в Туркестан” аттуу эмгеги белгилүү. А.П.Федченконун эмгектери илим үчүн азыр да өз маанисин жогото элек.
ФЕДЧЕНКО Алексей Павлович (1844, Иркутск – 1873, Альп тоолору Монблан мөңгүсү) – орус табият таануучусу, Орто Азияны изилдөөчү. <br>
 
==Билими==
==Адабияттар==
1864-ж. [[Москва]] мамлекеттик университетин бүтүргөн.<br>
 
==Ишмердүүлүгу==
* Азатьян А. А. А.&nbsp;П.&nbsp;Федченко&nbsp;— географ и путешественник.&nbsp;— М.: Географгиз, 1956.
[[Заравшан]], [[Фергана,]]
* Леонов Н.&nbsp;И.&nbsp;Алексей Павлович Федченко.&nbsp;— М.: Наука, 1972.
[[Алай]] өрөөндөрүн, Кызылкум чөлүн, [[Түштүк Теңиртоону]] изилдеген. Биринчилерден болуп [[Гисар-Алай]] тоо
* Леонов Н. Впервые в Алай. Путешествие А.П.Федченко в 1871 году. — М.: Детгиз, 1951.
системасынын картасын түзгөн. Ф-нун Түштүк Кыргызстанга жасаган саякаты боюнча жазган каттары м-н
 
макалаларынан (1869–71) ордодогу бийлик үчүн күрөш, ферганалык (сохтук) кыргыздардын оор абалы жөнүндөгү
маалыматтарды табууга болот. 1871-ж. Ф. Ворухтан кайтып келатып, Алай тоо кыркаларынын түндүк-батышы
м-н, [[Сох]] дарыясынан өтүп, [[Исфайрамга]], андан ары Теңизбай ашуусу аркылуу Ф. ушуга чейин европалык
окумуштуулардан эч ким көрө элек Алай тоо кыркаларына көтөрүлгөн. Алай кырка тоосу деп Ф. атаган. Бул
аталыш азыркы күнгө чейин сакталып келе жатат. Окумуштуу Теңизбай ашуусунан түштүк-чыгыш тарапта
абдан чоң чоку (Ленин чокусу) бар экенин көргөн. Теңизбай ашуусунан ашып түшүп, Ф-нун отряды Алай
өрөөнүнүн флорасын ж-а фаунасын изилдеген. Алай өрөөнүнөн Кичиалай өрөөнүнө өтүп, Акбууранын
жогорку агымы м-н Ош, Өзгөн, [[Анжиян]], [[Наманган]] аркылуу [[Ташкенге]] келген. Ф. түзгөн Теңиртоо-нун жана
Памирдин орографиялык схемалары белгилүү немис географы [[А.Гумбольддун]] түзгөн схемасынан
айырмаланып, так түзүлгөн, Орто Азиянын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө бай маалымат
калтырган.<br>
==Эмгектери==
Ф-нун негизги эмгектери ал өлгөндөн кийин «Түркстанга саякат»(«Путешествия в Туркестан»)
деген ат м-н басылып чыккан. Памирдеги эң чоң тоо мөңгүсүнө Ф-нун ысмы берилген.<br>
==Колдонулган адабияттар==
Кыргыз тарыхынын энциклопедисы Б,2003
 
*[[Каратаев, Олжобай Кубатбекович|О. Каратаев]]​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015
[[Категория:Инсандар]]
 
[[Категория:Инсандар]] [[Категория:Георгаф]] [[Категория:Саякатчы]] [[Категория:Биолог]]
13,397

edits

Навигация менюсу