Уакари: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү

22-сап: 22-сап:
==Ургаачылары 3 жашында тазга айланат==
==Ургаачылары 3 жашында тазга айланат==
Булардын түксүз кызыл бети ден соолуктун индикатору катары кызмат өтөйт. Эгер бетинин өңү бозоруп, күлгүн тартып, шишип калса, анда бул анын калтыратма оорусуна чалдыккандагы белгиси. Мындай беттүү ургаачыларды эркектери карабайт. Ургаачылары 2 жылда бир гана жолу тууйт. Балдары көбүнчөсү кургакчыл мезгилде, октябрь-ноябрь айларында жарыкка келет. Бирок кээде башка айларда туулуп калгандары да болот. Баланы курсакта көтөрүү 6 айга созулат. Туулгандан 3-5 айга чейин эмчек эмишет да, андан кийин аз-аздан мөмө жегенге өтүшөт. Эмчектен 2 жашка барып чыгышат. Балдарынын дамамат апасынын жүнүнө жабышып алып жүргөндөрүн көрүүгө болот. Ургаачылары 3 жашка чыкканда баштарындагы болор-болбос түгү түшөт. Бул жыныстык жактан жетилүүнүн белгиси. Эркектери ургаачыларына караганда кеч жетилет.

==Адамдардын ачылышы==
==Адамдардын аңчылыгы==
Адамдардын аңчылык кылуусу, токойлордун барган сайын кыйылуусу бул маймылдардын адам бара элек аймактарга качуусуна себеп болууда. Кээ бир индей уруулары уакаринин адамга окшоштугу үчүн аңчылык кылышпайт. Бирок Перуну байырлаган индей уруулары анын эти үчүн аң уулашат. Туристтерге маймылдын башын сатып оокат кылгандары да бар. Балдарын кармап келип, колго үйрөтүшүп, үй жандыгына айлантып да алышат. Баласынан айрылган айрым ургаачылар күйүттөн улам эч нерсе жебей, ичпей ачкадан өлүп калышат. Бул жагынан адамдардын энелерине көбүрөөк окшош.

30 декабрь 2015, саат 20:28 учурдагы соңку нуска

Уакари
Таз баш Уакари
Илимий классификация
дүйнөсү: Айбантар
тиби: Хордалуулар
классы: сүт эмүүчүлөр
түркүмү: Төрт бутуулар
тукуму: Маймыл сымалдуулар
уруусу: Маймыл
түрү: Уакари

Уакари же Какажао, какайо, (лат. Cacajao) — Маймыл сымалдуулар тукуму Pitheciinae, уруусу (лат. Platyrrhini). Уакаринин башкы өзгөчөлүгү – бети жайык, ачык кызыл түстө жана түгү жок, ал эми башы таз. Жашаган жери – Түштүк Американын түндүк-батыш жагындагы тропиктик, жамгыр абдан көп жаачу токойлор. Тагыраак айтканда, Бразилия, Түштүк Колумбия жана Перунун чыгышы.

Мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бойлорунун бийиктиги 54-57 сантиметрге, салмактары 2,9-3,5 килограммга чейин жетет. Куйругунун узундугу 14-19 сантиметрди түзөт. Кулактары адамдардыкына окшош. Уакари ич ара майда түрлөргө бөлүнөт. Андыктан айрымдарынын узун, самсаалаган жүнүнүн өңү көгүш-боз болсо, кээлериники саргыч, кызгылт-күрөң. Тамактарында сакалга окшоп түк өсөт. Ооздорунда 36 тиш болот. 30-50дөн, ал тургай жүзгө чейин топтошуп жашашат жана топту күчтүү эркеги башкарат. Негизинен, мөмөлөр менен азыктанышат. Аз өлчөмдө гүлдөрдү, дарактардын жалбырактарын жана курт-кумурскаларды да жешет. Жамгыр сезону кезинде тамакты дарактардын өйдө жагынан издеп калышат. Кургакчылыкта жерге түшкөн мөмөлөр, өсүмдүктөрдүн даны менен да тамактанууга туура келет. Эртең менен тамак издеп аз-аздан бөлүнүп кетишкени менен, кечки убак баары бир жерге чогулушат. Жашоосунун көбү даракта өт­көндүктөн, жоон бутактарда 4 буттап басып, дарактан даракка се­кирип, чоң аралыкты өтө алат. Се­кирүү жагынан булар шамдагай гимнасттарга окшоп кетет. Бири-бири менен үн чыгарып байланышат. 600 гектарга чейинки аралыктын ичинде гана нары-бери которулуп жашап, андан ары алыс кетишпейт. Ачуусу катуу келгенде кызыл беттери ого бетер кызарып кетет. Болжол менен 6-8 жылга чейин жашашат.

Ургаачылары 3 жашында тазга айланат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булардын түксүз кызыл бети ден соолуктун индикатору катары кызмат өтөйт. Эгер бетинин өңү бозоруп, күлгүн тартып, шишип калса, анда бул анын калтыратма оорусуна чалдыккандагы белгиси. Мындай беттүү ургаачыларды эркектери карабайт. Ургаачылары 2 жылда бир гана жолу тууйт. Балдары көбүнчөсү кургакчыл мезгилде, октябрь-ноябрь айларында жарыкка келет. Бирок кээде башка айларда туулуп калгандары да болот. Баланы курсакта көтөрүү 6 айга созулат. Туулгандан 3-5 айга чейин эмчек эмишет да, андан кийин аз-аздан мөмө жегенге өтүшөт. Эмчектен 2 жашка барып чыгышат. Балдарынын дамамат апасынын жүнүнө жабышып алып жүргөндөрүн көрүүгө болот. Ургаачылары 3 жашка чыкканда баштарындагы болор-болбос түгү түшөт. Бул жыныстык жактан жетилүүнүн белгиси. Эркектери ургаачыларына караганда кеч жетилет.

Адамдардын аңчылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]