Super.kg: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Сайттын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына шилтеме тузотулдү
м Коюулган баракчада кабыл алуу жок Undo revision 234036 by Umut (talk)
62-сап: 62-сап:
* [http://super.kg SUPER.KG Официалдуу сайты]
* [http://super.kg SUPER.KG Официалдуу сайты]
* [http://m.facebook.com/Super.kg.Portaly/ Фезбуктагы баракчасы]
* [http://m.facebook.com/Super.kg.Portaly/ Фезбуктагы баракчасы]
* [http://www.ok.ru/superinfos Одноклассники деги баракчасы]
* [http://m.ok.ru/super.kg.admin Одноклассники деги баракчасы]
* [https://www.instagram.com/super.kg_official/ Инстаграмдагы баракчасы]
* [http://instagram.com/Super.info.kg Инстаграмдагы баракчасы]
* [http://m.facebook.com/SuperstanSuperkg/ Суперстан]
* [http://m.facebook.com/SuperstanSuperkg/ Суперстан]
* [http://m.facebook.com/Рекламный-отдел-superkg-390830901083420/ Жарнама кызматы SUPER.KG]
* [http://m.facebook.com/Рекламный-отдел-superkg-390830901083420/ Жарнама кызматы SUPER.KG]

26 апрель 2016, саат 19:07 учурдагы нуска

Super.KG
URL: super.kg
Урааны Маалымат маанайшат порталы!
Коммерциялыкпы? Ооба
Сайттын түрү Маалымат порталы
Катталуу Акысыз
Жеткиликтүү тилдер Кыргызча
Колдонуучулары 700 миң. (2015)
Ээси Супер Инфо
Түзгөн Кылычбек Султанов
Ачылган күнү 28 март 2006
Сервердин жайгашкан жери  Кыргызстан Бишкек
Азыркы абалы Иштейт (Активдүү)

Super.kg - Кыргызстандагы эң көп нускалуу Супер Инфо гезитинин жеке сайты.Super.kgден коомдук желеси аркылуу дос күтүп жаңы досторду табып, музыка угуп, видео көрүп, блог жазып жана алар менен башка коомдук тармактарда бөлүшсө болот.Оюндар, сурамжылоолор, форум, сүрөттөр жана башка кызыктуу баракчалар бар.Мындан сырткары сайтта коомдук жаңылыктарды онлайн режиминде Соңку кабар бөлүмү аркылуу элге жеткирилип турат,жана ошондой эле дагы бир өзгөчөлүгү менен айырмаланып.(2014 жылдын апрелинен) тарта Элдик кабар бөлүмүн киргизген. Бул бөлүмгө окурмандар күбө болгон кабарларын Ватсапп аркылуу Сүрөт же видео жиберип окурмандар менен бөлүшө алат . Жакшы кабарын эл менен бөлүшкөн окурманга SUPER.KG тарабынан белектер ыйгарылат.

Тарыхы

Сайтынын жаралуу тарыхы 2005-жылдарга барып такалат. Анткени аталган сайттын жаратуучусу, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов окурмандар менен байланышты жакшыртуу, кыргызстандыктарды гана эмес, чет жерде жүргөн мекендештерибизди да өлкөбүздөгү жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылууну көздөп, көпкө ойлонот. Акыры кыргызча сайт ачууну максат кылат да, бул оюн бир жылдан ашык бапестеп багып жүрүп, 2006-жылдын 28-мартында ишке ашырат. Ал күндөрдү сайттын жаратуучусу Кылычбек Султанов мындайча эскерет:

– Чындыгында, ал кезде сайт ачуу, болгондо да кыргызча сайт ачуу өтө кыйын эле. Эсимде, көпкө чейин бул жаатта түшүнүгү бар мыкты адис таппай кыйналгам. Долбоордун ишке ашышына жардам кылам дегендер көп эле чыккан. Бирок алардын долбоорду ишке ашыруу убактысы, ишинин сапаты мени канааттандырган эмес. Издештирип жүрүп акыры Михаил аттуу программист жигитке токтолуп, экөөбүз бири-бирибиздин оюбузду толуктап отуруп www.super.kg сайты жаралган. Көп тармактуу кыргызча сайт түзгөндөрдүн алгачкыларынан болгонум үчүн терминдерди, сөз айкаштарын которуу, аларды колдонуу жагынан жакшы эле кыйналгам. Ошол которгон терминдердин арасынан "пароль" – "сыр сөз" деген термин аябай эсимде калыптыр.

Ишимдин жыйынтыгын ойлоп, башынан эле сайттагы ар бир сөзгө, үтүр-чекитке чейин карап, жумушумду бир топ татаалдатып алган элем. Веб-портал боюнча түшүнүгүм кеңейген сайын сайттын түзүлүшүн, дизайнын жылына 3-4 жолу алмаштырган учурларым болгон. Кыйналганыма карабастан, бул иштин түйшүгүнө жамаатыбыздан 1-2 адамды гана кээде аралаштырып калганым болбосо, негизинен, 4 жылдан ашык сайт менен өзүм жалгыз алектендим. Албетте, мага сырттан адистер жардам беришчү. Кийин, 2010-жылдан тарта гана акырындан бул ишке жамаатымды аралаштыра баштадым.

Ооба, сайт жаралгандан тарта бир топ өзгөрүүлөргө учурап, жаңыланып келе жатканы талашсыз. Бүгүнкү күндө сайттын мүмкүнчүлүгү кең. Колдонуучулар жаңылык алуу менен бирге кыргыз обондорун угуп, клиптер, элдик видеолор, макалалар боюнча өз пикирлерин калтырып, форумда түрдүү темалар боюнча талкуу жүргүзүп, жылдыздарга, өлкөнүн жооптуу кызматтагы чиновниктерине, саясатчыларга суроо узатып, түз жооп ала алышат, курбу-курдаш таап жана башка кызыктарга ээ болушат.

Статистикасы

Багыт 2014 жыл 2015 жыл Жыйынтык
Порталга кирген уникалдуу окурмандар 529,646 680,908 151,262
Кароолордун саны 260 млн. 350 млн 90 млн.

Кыргыз жериндеги кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталы 2015-жылды дагы жаңы бийиктиктерди багынтуу менен ийгиликтүү жыйынтыктады. 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы кароолордун саны 90 миллиондон ашкан. Тагыраак айтканда, 2014-жылы кароолордун саны 260 миллион болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч алдыга жылып, бир жыл аралыгында 353 миллионду түздү. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, 2015-жылы порталга кирген уникалдуу окурмандардын саны 700 000ге жакындаган. Тактап айтканда, эгер 2014-жылдын декабрь айында бул көрсөткүч 529 646ны түзсө, 2015-жылдын декабрында 680 908ге жетти. Күн сайын миңдеген колдонуучу порталда "саякаттап", өзүнө кызыктуу кабарды окуп,музыка угуп, видео көрүп, талкууларга катышып, дегеле издеген кызыктарды дал ушул булактан таап жатышат. Ал эми апрель айында SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмү "Элдик кабар" рубрикасы менен толукталган. Рубрика коомдук көйгөйдү айтып, керектүү жерге жеткирүүдө калктын кол жетерлик "трибунасына" айланды. Элдин үнүн, мыйзамсыздыкты бийликке, тиешелүү мекемелерге жеткирүүгө, кубанычтуу, таң каларлык кабарлар менен бөлүшүүгө сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле бир нече жылдан бери бул маалымат-маанайшат порталы KG аймагында кыргыз тилдүү сайттардын лидери боло алса (Net.kg сайтынын көрсөткүчү боюнча), ал эми КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу ММКлардын веб-порталдарынын алдынкы ондугуна кирди жана алдыны көздөй ишенимдүү бара жатат (Mail.ru'нун көрсөткүчү). Былтыр алдынкы жыйырмалыктын ичинде болчу. Бул - Кыргыз Республикасында жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жашап-иштеп жүрүшкөн мекендештерибиздин ишенимине арзыганыдыгы. Алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз үчүн SUPER.KG ишенимдүү маалымат булагына айланып, сагыныч-жарпын жазуучу, өлкөбүздө болуп жаткан иштер менен окуялардан ыкчам кабардар болуучу, талкууга алуучу аянтчага айланганынан кабар берет.

Сыйлыктары

  • ( 2 апрель 2013 жылы)

Өлкөдө болуп жаткан спорт жаңылыктарын “Эң мыкты, туура жана так” чагылдырган ММКлар сыйланган. Иш-чара маалымат агенттиктеринин биринде болуп, сыйлыкты ЖКнын депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова тапшырган. "Улуттук идеологияны жайылтууну улуттук оюндардан башташыбыз керек",- деген Султанбекова спорт жаатында алгылыктуу иш алпарып жаткандыгы үчүн SUPER.KG порталынын “Соңку кабарлар” бөлүмүнө баалуу белек ыйгарган

Кызыктуу маалыматтар

  • Учурда сайтта болжол менен 700 миңге жакын колдонуучу бар. Бул сан күн сайын өсүп турат.
  • Форумда баш-аягы 415 112 билдирүү бар.(2011 жылдагы эсеп боюнча)
  • 2011-жылы ЮСАИД уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана "M-Vector" компаниясынын сурамжылоосу менен www.super.kg сайты, Кыргызстандагы гезиттерге таандык сайттардан кирүүчүлөрүнүн саны боюнча алдыңкы орунга чыккан.
  • 2011-жылы "Супер-Инфо" гезитинин жамааты жана www.super.kg сайтынын колдонуучулары биргеликте бак тигип, "Достук багы" деп аташкан.

Шилтемелер