Магнитометр: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
8-сап: 8-сап:


== Колдонулган адабияттар ==
== Колдонулган адабияттар ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.


[[Категория:Физика]]
[[Категория:Физика]]

15 ноябрь 2016, саат 09:41 учурдагы соңку нуска

Магнитометр (гр. magnetis — магнит жана ...метр) — заттардын маг­ниттик касиетинин жана магнит талаа­сынын мүнөздөмөлөрүн өлчөөчү при­бор.

Ал аныкталуучу чоңдуктарга жа­раша түрдүүчө болот. Мис., талаанын чыңалышы эрстедметр, талаанын ба­гыты инклинатор же деклинатор, та­лаанын градиенти градиентометр менен өлчөнөт. Тар мааниде Магнитометр — талаанын чыңалышьш. багытын жана градиенипн өлчөгүч прибор.


Квант Магнитометр — ядролук магниттуу резонанска, электрондук парамагниттуу резонанска, сырткы магнит талаадагы ядронун же электрондун магнит моментинин эркин прецессиясына ж. б. квант эффектисине негизделген прибор. Өтө өткөргүчтүү квант Магнитометри өтө откөргүчтөрдөгү квант эффектилерине негизделген. Гальваномагниттүү Магнитометр Ло­ренц кучунун аракетинен магнит талаасында кыймылдоочу электр заряддарынын траекторияларынын ийрилениш кубулушу боюча иштейт. Иштөө принциби жанa сезгичтиги түрдүүчө болгон Магнитометр геофизикада, космос физикасында, машит-химияда, биофизикада, дефектосконияда жанa автоматиканын башкаруу каражаттарынын эле­менти катары колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.