Жан Кальвин: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
(Айырма жок)

14 февраль 2017, саат 13:45 учурдагы нуска

Кальвин Жан (Француз тили Ковен), 10.7.1509-27. 5.1564) - кальвинизмди негиздөөчү, реформация ишмери.

  • Ири чиркөө кызматчысынын үй-бүлөсүнөн.
  • Диний жана укук билимин алган. Л. Лютердин диний угутунун таасири менен протестантизмге ооп, 1533-ж. католик чиркөөсүнөн баш тарткан.
  • Францияда протестанттарды куугунтуктагандыктан 1534-ж. Базелге качкан.
  • 1536-ж. анын «Христиан дининдеги нускоо» деген дин окуусунун жаңы системалуу баяндамасы (адегенде латын, кийин француз тилинде) чыккан.
  • Кальвин 1541-ж. Женевага келип, өмүрүнун акырына чейин жашаган да, протестантизмдин жаңы багытын-кальвинизмди ишке ашырган.
  • Кальвиндин таасири менен женевалык магистрат чиркөө уюмунун жаңы формасын кабыл алган.
  • Кальвин католицизмге, о. эле элдик реформациячыл агымдарга каршы турган, аларды жактоочуларды кудайсыздар деп күнөөлөгөн. Анын окуусуна каршы чыккандар куугунтукталган, өлүм (өрттөө) ж. б. жазага тартылган.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.