Стирол: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Automated import of articles
 
м Chaoborus moved page Стирол - to Стирол
(Айырма жок)

8 сентябрь 2017, саат 00:00 учурдагы нуска

Стирол - фенилэтилен, винилбензол, этинилбензол, С6Н5СН = СН2 ароматтык углеводород. Мол. масс. 104,14, жагымдуу жыты бар, түссүз суюктук, балкып эрүү t 30,63°С, кайноо t 145,2°С, тыгызд. 0,906г/см3 (28). С. метанол, этанол, ацетон, эфир, углеводород жана анын галоген туундулары уксус к-тасы менен аралашат. С. көптөгөн органикалык  заттар жана полистирол жана башка полимерди эритет. Орг. заттар термикалык деструкциясынан, натуралдык газды пиролиздөөдөн алынат. О. эле крекингден алынган заттар, таш көмүр жана күрөң көмүрлөр чайырларында кездешет. Лаб-яда фенилэтанолду дегидратациялоодон алынса, өнөр жайында негизинен суунун буусунун агымында темир-магний же хром-цинк катализаторлору катышуусу менен этилбензолду 500°С дегидратациялоодон алынат. Жеңил окистенет, галогенди кошуп алат, ар түрдүү мономерлер менен полимерлешет жана сополимерлешет. Полимерлешүү бөлмө темп-расында жүрөт (кээде жарылуу м-н), ошондуктан аны сактаганда антиоксидант менен стабилдештирүү керек (мисалы, трет-бутил-пиро-катехин, гидрохинон м-н). Негизинен полистирол, бутадиен-стирол каучуктарын, полиэфир чайырларын өндүрүүдө колдонулат. С. дивинилбензол менен сополимери ион алмаштыруучу чайыр катарында кызмат кылат. Андан лактар даярдалат.

Колдонулган адабияттар