Тери иштетүү: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Файл:Tanned leather.JPG
1-сап: 1-сап:
[[Файл:Tanned leather.JPG|thumb|Тери иштетүү ([[Марокко]]).]]
'''Тери иштетүү''' – малдын ж. б. жаныбарлардын терисинен чарбалык, турмуш-тиричилик муктаждыктары (кийим, бут кийим, идиш-аяк, ат жадбыктары ж. б.) үчүн жарактуу материал алуу иши. Тери иштетүү эттин калдыктарынан, майдан, чел кабыктан тазалоо, анын жумшак, бекем, ийкемдүү, суу өтпөс болушуна жетишүү сыяктуу процесстерди камтып, андан булгаары же мех алынат. Тери иштетүү байыркы аңчылардын чарбалык ишмердигине байланыштуу келип чыккан. Археологиялык табылгаларга караганда жогорку палеолит мезгилинде эле тери иштетилип, эң байыркы эмгек куралдарынын бири – таш кыргычтар, ошондой эле бугу мүйүзүнөн жас.алган куралдар, сөөктөн жасалган кыргычтар, тарактар колдонулган. Алар эскимостордун Тери иштетүүдө колдонуп жүргөн куралдарына окшош. Неолит доорунда Тери иштетүүнүн химиялык ыкмалары белгилүү болгон деп болжолдоого негиз бар. Мал чарбачылыктын өнүгүшү, көпчүлүк элдерде өз алдынча кол өнөрчүлүктүн бөлүнүп чыгышы жана булгаары, мех жасоодо фабрикалык өндүрүштүн таралышы менен Тери иштетүү өркүндөгөн. Тери иштетүү чарбалык-маданий жана экол. факторлор менен шартталган аймактык, этностук өзгөчөлүктөргө ээ. Ал теринин сапатынан, иштетүүдөн алынган продукциясынын түрлөрүнөн, аны пайдалануу ыкмаларынан, айрым элдерде, Тери иштетүүнүн көптөгөн салт-жөрөлгөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүнөн көрүнөт. Тери иштетүүнү этнографиялык аспектиде иликтөө — үй жана кол өнөрчүлүк өндүрүшүнө байланыштуу. Булгаары чийки затынын негизги түрлөрү болуп уй, жылкы, кой, эчки, чочко, төө, эшек жана рептилиялардын (крокодил, жылан ж. б.) айрым түрлөрүнүн терилери эсептелет. Түндүк Азия элдери негизинен бугу терисин, бир катар Африка элдери антилопа, газел жана чөөнүн терилерин иштетишет. Айрым балыкчылык менен кесиптенишкен (Төмөнкү Амур, Сахалин ж.б.) жана деңиз жаныбарларына анчылык кылуучу элдер (чукчалар, коряктар ж. б.) балык ж. б. деңиз жаныбарларынын терисин иштетишет. Тери иштетүү процесси көпчүлүк элдерде бир катар ырааттуу процесстерди камтыйт: 1) даярдоо; 2) ийлөө; 3) кооздоп жасалгалоо. Даярдоо иштери төмөнкүлөр: 1) терини сууда кармоо - майларын тазалап, жумшартуу; 2) кыргыч аспаптардын жардамы менен чел кабыгын тазалоо. Кыргычтар ар кандай элдерде ар башка ыкма менен колдонулат. Көбүнчө чел кабыгын алардан мурда малмага салышат; 3) жүндөн арылтуу (булгаары даярдалып жатса). Ал үчүн көбүнчө акиташтын суусун же акиташы бар заттардын (куш кыгы, иттин заңы ж. б.) эриндисине чыланып жумшартылат же болбосо терилерди эт жагы менен беттештирип жыйып коюшат, ал ачып аммиак бөлүп чыгарат жана терини жумшартат; 4) жүндөн арылтуу бычак же кыргычтар, ошондой эле атайын тарак менен тароо аркылуу жүргүзүлөт. Айрым африкалык элдер кум-ташты күкүмдөп, жүндү түшүрүү үчүн пайдаланышат; 5) ашатуу же териде калган акиташты кетирүү. Терини түрдүү ачыткы кошулган массага салышат. Бул ыкма орустарда ж. б. европалык элдерде кеңири таралган; 6) пикелдөө, терини туз же кислоталардын эритмеси менен чайкоо. Ал терини жумшак, ийкемдүү кылат. Европалык өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө, Жакынкы Чыгышта кенен таралган; 7) кургатуу үйдүн ичинде же эшикте, күндө же көлөкөдө, илип же жайып атайын кергичте кургатышат. Даярдоо иштеринин натыйжасында өзгөчө сорттогу, иштетүүгө даяр тери алынат. Мисалы, пергамент, чылгый тери көптөгөн элдер тарабынан турмуш-тиричиликке, чарбалык муктаждыкка керектүү буюмдарды (кайыш кур, аттын кайыш жабдыктары ж. б.) жасоого кенири пайдаланылат. Чылгый терини иштетүүнүн өзгөчө ыкмалары бар. Адатта жыдытылган терини малдын майы менен сүрүп, тери алышат. Түштүк Азиянын бир катар элдери терини туздуу сууга кайнатып, нефти майы менен сүрүп кургатышат. Ийлөө бери болгондо неолиттен бери белгилүү. Өсүмдүктөр, минералдар, аралашма, малдын майы, альдегид менен ийлөөнү айырмалап көрсөтүүгө болот. Көпчүлүк европ. элдер үй өндүрүшү, кол өнөрчүлүк шарттарында дуб, тал кабыктарынан ж. б. алынган ийлегич кислотаны пайдаланышкан. Даярдалган териге аны себелеп, узак убыкытка чейин (кээде эки жылга чейин) атайын идишке салып коёт. Мындай себелөө ыкмасы Байыркы Египетте да колдонулган. Өсүмдүктөрдү пайдаланып ийлөөнүн дагы бир жолу – концентратты улам көбөйтүп олтуруу ыкмасы. Россияда байыркы мезгилден эле ачытылган дандын суусун пайдаланып ийлешкен. Европанын жана Азиянын көчмөн элдери тери ийлөөдө айран ж. б. сүт азыктарын кеңири колдонушкан. Ага чириген дарактын үбөлөндүлөрү, чай же балыктын бышырылган боору (алтайлыктар, хакастар ж. б.), туз (калмактар, буряттар, монголдор ж. б.) кошушкан. Бул кошулмалар менен теринин бетин шыбап, бир же эки сутка коюп коёт. Сибирдин түндүгүндөгү элдер жакынкы күнгө чейин эле өтө жөнөкөй ыкма менен тери ийлеп келишкен. Ал үчүн жаныбарлардын заарасын же ички органдарын, көбүнчө бугунун бышырылып майдаланган боорун, балыктын ичек-чабактарын (түндүк якуттар, чукчалар, коряктар, эвенктер, эвендер), бугунун мээсин (нганасандар), балыктын өтүн (селкуптар) пайдаланышкан. Терини кол менен же тебелеп ийлешип, атайын куралдарды пайдаланышкан. Андай куралдар катары металлдан же жыгачтан жасалган үбөлүктөр, эки учу сапталган ийри бычактар колдонулган. Тери ийлөөдө колдонулган куралдар да ар кайсы элде ар башкача формада болгон. Айрым элдерде тери ийлөө ритуалдык жөрөлгөлөр менен коштолгон. Мисалы, бантуларда өгүздүн терисин эркектер ритуалдык хордун коштоосунда ийлешкен. Сибирь, Африка жана Океаниянын айрым элдери ийлөө ыкмаларын билишкен эмес. Кооздоп жасалгалоо иштери тазалоо, чоюу, боёо, оюу салуу ж. б. иштерди камтыйт. Көпчүлүк элдер суу өтпөс жана чирибес үчүн териден жасалган буюмдарды ышташат. Ал үчүн атайын ыштык жасалат. Булгаарыны боёо үчүн көпчүлүк элдер адатта май, малдын майы аралаштырылган ышты (кара тус) охра же жошо (күрөң түс), ольха кабыгынын тунмасын күлгө аралаштырып (күрөң түс – якуттар, эвенктер ж.б.), анардын кабыгын (кара-күрөң түс – Түндүк Африка элдери) ж. б. пайдаланышкан. Мехти боё үчүн Россияда ж. б. европ. өлкөлөрдө ляпистин эритмесин колдонушкан. Терини ийлөө менен түрдүү сапаттагы, сорттуу булгаары алынат. Булгаарынын белгилүү сорттору: замша, юфть, лайка, сафьян. Тери иштетүү ыкмалары, эмгек куралдарынын пайда болушу, анын типологиясы этнография илими тарабынан такталып чыга элек.

[[Категория:Кол өнөрчүлүк]]
==Колдонулган адабияттар==
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9

[[Категория:Кол өнөрчүлүк]]

12 октябрь 2017, саат 21:30 учурдагы нуска

Тери иштетүү (Марокко).

Тери иштетүү – малдын ж. б. жаныбарлардын терисинен чарбалык, турмуш-тиричилик муктаждыктары (кийим, бут кийим, идиш-аяк, ат жадбыктары ж. б.) үчүн жарактуу материал алуу иши. Тери иштетүү эттин калдыктарынан, майдан, чел кабыктан тазалоо, анын жумшак, бекем, ийкемдүү, суу өтпөс болушуна жетишүү сыяктуу процесстерди камтып, андан булгаары же мех алынат. Тери иштетүү байыркы аңчылардын чарбалык ишмердигине байланыштуу келип чыккан. Археологиялык табылгаларга караганда жогорку палеолит мезгилинде эле тери иштетилип, эң байыркы эмгек куралдарынын бири – таш кыргычтар, ошондой эле бугу мүйүзүнөн жас.алган куралдар, сөөктөн жасалган кыргычтар, тарактар колдонулган. Алар эскимостордун Тери иштетүүдө колдонуп жүргөн куралдарына окшош. Неолит доорунда Тери иштетүүнүн химиялык ыкмалары белгилүү болгон деп болжолдоого негиз бар. Мал чарбачылыктын өнүгүшү, көпчүлүк элдерде өз алдынча кол өнөрчүлүктүн бөлүнүп чыгышы жана булгаары, мех жасоодо фабрикалык өндүрүштүн таралышы менен Тери иштетүү өркүндөгөн. Тери иштетүү чарбалык-маданий жана экол. факторлор менен шартталган аймактык, этностук өзгөчөлүктөргө ээ. Ал теринин сапатынан, иштетүүдөн алынган продукциясынын түрлөрүнөн, аны пайдалануу ыкмаларынан, айрым элдерде, Тери иштетүүнүн көптөгөн салт-жөрөлгөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүнөн көрүнөт. Тери иштетүүнү этнографиялык аспектиде иликтөө — үй жана кол өнөрчүлүк өндүрүшүнө байланыштуу. Булгаары чийки затынын негизги түрлөрү болуп уй, жылкы, кой, эчки, чочко, төө, эшек жана рептилиялардын (крокодил, жылан ж. б.) айрым түрлөрүнүн терилери эсептелет. Түндүк Азия элдери негизинен бугу терисин, бир катар Африка элдери антилопа, газел жана чөөнүн терилерин иштетишет. Айрым балыкчылык менен кесиптенишкен (Төмөнкү Амур, Сахалин ж.б.) жана деңиз жаныбарларына анчылык кылуучу элдер (чукчалар, коряктар ж. б.) балык ж. б. деңиз жаныбарларынын терисин иштетишет. Тери иштетүү процесси көпчүлүк элдерде бир катар ырааттуу процесстерди камтыйт: 1) даярдоо; 2) ийлөө; 3) кооздоп жасалгалоо. Даярдоо иштери төмөнкүлөр: 1) терини сууда кармоо - майларын тазалап, жумшартуу; 2) кыргыч аспаптардын жардамы менен чел кабыгын тазалоо. Кыргычтар ар кандай элдерде ар башка ыкма менен колдонулат. Көбүнчө чел кабыгын алардан мурда малмага салышат; 3) жүндөн арылтуу (булгаары даярдалып жатса). Ал үчүн көбүнчө акиташтын суусун же акиташы бар заттардын (куш кыгы, иттин заңы ж. б.) эриндисине чыланып жумшартылат же болбосо терилерди эт жагы менен беттештирип жыйып коюшат, ал ачып аммиак бөлүп чыгарат жана терини жумшартат; 4) жүндөн арылтуу бычак же кыргычтар, ошондой эле атайын тарак менен тароо аркылуу жүргүзүлөт. Айрым африкалык элдер кум-ташты күкүмдөп, жүндү түшүрүү үчүн пайдаланышат; 5) ашатуу же териде калган акиташты кетирүү. Терини түрдүү ачыткы кошулган массага салышат. Бул ыкма орустарда ж. б. европалык элдерде кеңири таралган; 6) пикелдөө, терини туз же кислоталардын эритмеси менен чайкоо. Ал терини жумшак, ийкемдүү кылат. Европалык өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө, Жакынкы Чыгышта кенен таралган; 7) кургатуу үйдүн ичинде же эшикте, күндө же көлөкөдө, илип же жайып атайын кергичте кургатышат. Даярдоо иштеринин натыйжасында өзгөчө сорттогу, иштетүүгө даяр тери алынат. Мисалы, пергамент, чылгый тери көптөгөн элдер тарабынан турмуш-тиричиликке, чарбалык муктаждыкка керектүү буюмдарды (кайыш кур, аттын кайыш жабдыктары ж. б.) жасоого кенири пайдаланылат. Чылгый терини иштетүүнүн өзгөчө ыкмалары бар. Адатта жыдытылган терини малдын майы менен сүрүп, тери алышат. Түштүк Азиянын бир катар элдери терини туздуу сууга кайнатып, нефти майы менен сүрүп кургатышат. Ийлөө бери болгондо неолиттен бери белгилүү. Өсүмдүктөр, минералдар, аралашма, малдын майы, альдегид менен ийлөөнү айырмалап көрсөтүүгө болот. Көпчүлүк европ. элдер үй өндүрүшү, кол өнөрчүлүк шарттарында дуб, тал кабыктарынан ж. б. алынган ийлегич кислотаны пайдаланышкан. Даярдалган териге аны себелеп, узак убыкытка чейин (кээде эки жылга чейин) атайын идишке салып коёт. Мындай себелөө ыкмасы Байыркы Египетте да колдонулган. Өсүмдүктөрдү пайдаланып ийлөөнүн дагы бир жолу – концентратты улам көбөйтүп олтуруу ыкмасы. Россияда байыркы мезгилден эле ачытылган дандын суусун пайдаланып ийлешкен. Европанын жана Азиянын көчмөн элдери тери ийлөөдө айран ж. б. сүт азыктарын кеңири колдонушкан. Ага чириген дарактын үбөлөндүлөрү, чай же балыктын бышырылган боору (алтайлыктар, хакастар ж. б.), туз (калмактар, буряттар, монголдор ж. б.) кошушкан. Бул кошулмалар менен теринин бетин шыбап, бир же эки сутка коюп коёт. Сибирдин түндүгүндөгү элдер жакынкы күнгө чейин эле өтө жөнөкөй ыкма менен тери ийлеп келишкен. Ал үчүн жаныбарлардын заарасын же ички органдарын, көбүнчө бугунун бышырылып майдаланган боорун, балыктын ичек-чабактарын (түндүк якуттар, чукчалар, коряктар, эвенктер, эвендер), бугунун мээсин (нганасандар), балыктын өтүн (селкуптар) пайдаланышкан. Терини кол менен же тебелеп ийлешип, атайын куралдарды пайдаланышкан. Андай куралдар катары металлдан же жыгачтан жасалган үбөлүктөр, эки учу сапталган ийри бычактар колдонулган. Тери ийлөөдө колдонулган куралдар да ар кайсы элде ар башкача формада болгон. Айрым элдерде тери ийлөө ритуалдык жөрөлгөлөр менен коштолгон. Мисалы, бантуларда өгүздүн терисин эркектер ритуалдык хордун коштоосунда ийлешкен. Сибирь, Африка жана Океаниянын айрым элдери ийлөө ыкмаларын билишкен эмес. Кооздоп жасалгалоо иштери тазалоо, чоюу, боёо, оюу салуу ж. б. иштерди камтыйт. Көпчүлүк элдер суу өтпөс жана чирибес үчүн териден жасалган буюмдарды ышташат. Ал үчүн атайын ыштык жасалат. Булгаарыны боёо үчүн көпчүлүк элдер адатта май, малдын майы аралаштырылган ышты (кара тус) охра же жошо (күрөң түс), ольха кабыгынын тунмасын күлгө аралаштырып (күрөң түс – якуттар, эвенктер ж.б.), анардын кабыгын (кара-күрөң түс – Түндүк Африка элдери) ж. б. пайдаланышкан. Мехти боё үчүн Россияда ж. б. европ. өлкөлөрдө ляпистин эритмесин колдонушкан. Терини ийлөө менен түрдүү сапаттагы, сорттуу булгаары алынат. Булгаарынын белгилүү сорттору: замша, юфть, лайка, сафьян. Тери иштетүү ыкмалары, эмгек куралдарынын пайда болушу, анын типологиясы этнография илими тарабынан такталып чыга элек.

Колдонулган адабияттар