Арап чөлү: нускалардын айырмасы

Википедия дан
+ Arabian Desert.jpg
м Beka777Z moved page Араб чөлү to Арап чөлү
(Айырма жок)

5 декабрь 2017, саат 08:58 учурдагы нуска

Араб чөлү.

Араб чөлү - Сахара чөлүнүн түндүк-чыгыш бөлүгү. Нил дарыясынын өрөөнү менен Кызыл деңиздин аралыгында жайгашкан. Түштүгүндө (22° түндүк кеңдикте) Нубия чөлүнө өтөт. Араб чөлүнүн басымдуу бөлүгүн таш-шагылдуу, кумдак жана акиташ тектүү платолор (хамада) ээлейт; алар батыштан чыгышты карай тепкичтенип көтөрүлөт. Кызыл деңиздин жээгинен Этбай кырка тоосу (эң бийик жери 2187 м; Шаиб-эль-Банат чокусу) аркылуу бөлүнөт. Кышында кээде анын чыгыш капталдарына Кызыл деңизден түндүк-чыгыш шамалы менен келген жамгыр жаап, кургак нуктарда суу ташкынын пайда кылат. Жер астындагы суу агымы андагы суйдаң ксерофиттик кылкан-бадал, акация, тамариск, сикомора, курма пальмасы, дум (түштүгүндө) жана башка дарак өсүмдүктөрүн жыл бою суу менен камсыз кылат. Калкы негизинен көчмөн, алардын негизги кесиби мал (эчки, кой, төө) асыроо, оазистерде дыйканчылык. Кызыл деңиздин жээгинде нефть, фосфорит кендери бар.

Колдонулган адабияттар