Астана: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
29-сап: 29-сап:
|таблицадагы коом = |ички бөлүнүшү = 3 аймак<br />(Алмата, Сарыарга, Эсил)
|таблицадагы коом = |ички бөлүнүшү = 3 аймак<br />(Алмата, Сарыарга, Эсил)
|башчысынын түрү = Аким (чин){{!}}Аким
|башчысынын түрү = Аким (чин){{!}}Аким
|башчысы = [[Тасмагамбетов, Имангали Нургалиевич|Имангали Нургалиевич Тасмагамбетов]] (2008-жылдан)
|башчысы = [[Әсет Исекешеев]]
|негизделген күнү = 1830-жыл
|негизделген күнү = 1830-жыл
|биринчи белгиленген = 1830-жыл
|биринчи белгиленген = 1830-жыл

10 декабрь 2017, саат 15:58 учурдагы нуска

Орусча
Астана
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Казакстан
Координаттар 51°11′ с. ш. 71°24′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 3 аймак
(Алмата, Сарыарга, Эсил)
Аким Әсет Исекешеев
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1830-жыл
Биринчи белгиленген 1830-жыл
Аянты 722 км²
Климатынын түрү кескин континенттик
Калкы
Расмий тили Казак тили
Калкы 743 014[1] адам
Этнохороним астаналык
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +7 7172
Почта индекси 010000
Расмий сайты http://www.astana.kz
 (казак.)  (орус.)
Астана (Казакстан)

Астана (1961-ж. чейин Aкмолинск, 1961-92-ж. Целиноград, 1992-98-ж. - Aкмоло) – Казакстан Республикасынын борбор шаары (1997-жылдын). Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, Ишим дарыясынын боюнда, Казак Сараркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 345,6 миң (2005). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1830-ж. Aкмоло чебинин ордунда отурукташкан. 1832-жылдан Aкмоло станицасы, 1863-жылдан округдук шаар, 1868-жылдан Aкмоло уездинин борбору. Ташкен ж-а Бухарадан Россияга, Чыгыш Кытайдан Сибирге кеткен кербен жолунун маанилүү пункту болгон. 1920-36-ж. Кыргыз (Казак) ACCРинин курамындагы губерниянын (1920-28), округдун (1928-30) республикага баш ийген райондун (1930-32), Караганда облусундагы райондук (1932-39), 1965-97-ж. облустун борбору болгон. 1939-жылдан Aкмоло облусунун, дың жерлерди өздөштүрүүдө крайдын административдик борбору болуп, экономикалык ж-а саясий абалы тез өсө баштаган. 1998-жылдан азыркыдай аталат. 1990-жылдын аягынан шаардын борбордук бөлүгүндө (япон архитектору К. Курокаванын генералдык долбоору б-ча) курулуш иштери жүргүзүлгөн; алар: парламент ж-а өкмөт үйү, президенттин резиденциясы, «Караотель» турак жай комплекси, «Aль-Фараби» ж-а «Самал» кичи райондору, Конгресс-холл, «Евразия» соода борбору, Ишим дарыясындагы көпүрө ж-а дарыянын сол жагында бийиктиги 97 м келген «Aстана-Байтерек» монументи. Aнда диаметри 22 м айнек шар орнотулган. Металл шардын каркасы 3 кабат түстүү айнек м-н капталган. Ал Казакстан Республикасынын 10 жылдыгына арналган көрүнүктүү монументтик курулуш.

Астана - Казакстандын маданий борбору. 28 ЖОЖ (филиалдары м-н), анын ичинен техникалык университет (1933-жылдан), С. Сейфуллин атынагы агрардык институту (1957), Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (1998; Москва мамлекеттик университетинин филиалы), медицина (1964), музыка (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепканалары: Президенттик маданий борборунуку, Борбордук шаардык, А. Гайдар атындагы балдар китепканалары ж. б. А. Кастеев атындагы искусство (1935), азыркы искусство (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), музыкалык драма (1991), улуттук опера ж-а балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар. Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казак айыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» АКсы, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары, эмерек өндүрүшү бар.

  1. Численность населения РК по областям, городам и районам