Кыргыз Ала-Тоо: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
6-сап: 6-сап:
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9


[[Категория:Кыргызстандын географиясы‎]]
[[Категория:Кыргызстандын тоолору‎]]

13 декабрь 2017, саат 21:30 учурдагы нуска

Кыргыз Ала-Тоосу — Түндүк Теңир-Тоодогу ири кырка тоо. Ысык-Көлдүн батышындагы КызылОмпол тоосунан Тараз шаарына (Казакстан) чейин кеңдик багытта созулуп жаткан ири жана татаал мегантиклиналь. Чүй ойдуңун Талас, Суусамыр, Кочкор ойдуңдарынан бөлөт. узундугу 454 км, эң жазы жери 40 км. Орточо бийиктиги 3700 м, эң бийик жери 4895 м (Аламүдүн чокусу). Чыгыш тарабында чокулары 4000 мден жогору. Түштүк капталынан Төө-Ашуунун тушунда Талас Ала-Тоосу, ЫсыкАта ашуусунун тушунда Кара-Мойнок тоосу айрылат. Суу бөлгүч кыры аскалуу, чокулары шуштугуй пирамида сымал, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Капталдары асимметриялык түзүлүштө: түштүк капталдары кыска, түндүгү жазы, айрым айрыктары 30 кмге жетет. Түндүк капталынын чыгыш бөлүгүндө адырлар (же бөлтөктөр, бийиктиги 2000 мге чейин), батыш бөлүгүндө денудациялык жайык беттер бар. Эки капталында тең капчыгай менен өрөөн көп. Ирилери: Ашмара, Чоң Кайыңды, Кара-Балта, Ак-Суу, Сокулук, Ала-Арча, Аламүдүн, Ысык-Ата, Кегети, Шамшы, Батыш жана Чыгыш Каракол жана башка Кыргыз Ала-Тоосу рельефинин тиби боюнча бийик, орто бийик, жапыз тоолорго бөлүнөт. Бийик тоолорго (2500 мден жогору) байыркы мөңгүлөрдүн издери жана азыркы мөңгүлөр, цирктер, төрлөр, тепши сымал капчыгайлар, аскалуу зоолор, орто бийиктеги тоолорго (2000-3000 м) кенен капчыгайлар, кууш кырлар, жапыз тоолорго тегизделген денудациялык жондор, шиленди толгон таманы кенен өрөөндөр мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө чакан тектон. ойдуңдар (Желаргы, Окторкой, Көк-Жар-Суу жана башка) кездешет. Адырлары кокту-колоттуу, жондору жайык чоң дарыя өрөөндөрү менен айрым бөлтөктөргө бөлүнүп турат. Кыргыз Ала-Тоосу — геологиялык түзүлүшү боюнча мегантиклиналь. Тектоникалык жаракалар аркылуу түндүгүндө Чүй мегасинклиналынан, түштүгүндө Талас, Суусамыр жана Кочкор синклиналдык түзүлүштөрүнөн бөлүнүп турат. Эң байыркы (кембрийге чейинки) метаморфизмделген кристаллдуу сланец, кварцит, гнейс тоо тектери Кыргыз Ала-Тоосунун фундаментин түзүп жатат. Анын үстүндө бурчтук келишпестик менен каледондун синклиналдык структуралык кабатынын жанартоо жана чөкмө тоо тектерден турган калың катмарлары орун алган. Эпикаледондун структуралык кабаты (девон-пермдин) порфирит-туф жана чөкмө, көбүнчө кызыл түстүү, континенттик жана континенттик-деңиз формацияларынан турат. Кембрийге чейинки жана төмөнкү палеозойдо пайда болгон гранитоид интрузиялары кеңири тараган; айрым жерде габброиддер кезигет. Палеозойдун аягында пайда болгон сиенит менен гранит-сиениттер кыйла кичирээк массивдерди түзөт. Палеоген-неоген чөкмөлөрү тоо этегиндеги адырлар тилкесин түзөт. Кыргыз Ала-Тоосунун чегинде узак убакыт бою коргошун рудасы казылып алынган (Борду кени), азыркы учурда карапалык сырьё (Ак-Суу кени), кооз таш (КызылОмпол сиенит кени) кендеринин өнөр жайлык мааниси бар. Алардан башка күкүрт колчеданынын (Ачыкислоташ кени), таш туздун (Желди-Суу кени) жана табигый курулуш материалдарынын кендери, ошондой эле полиметалл, жез кендери белгилүү. Ысык-Ата менен Аламүдүн минералдуу арашан сууларынын базасында дарылоо мекемелери иштейт. Ак-Суу (Жар-Таш) минералдуу суусу ичүү үчүн өнөр жайда чыгарылат. Климаты мелүүн континенттик, бийиктик боюнча өзгөрөт. Январдын орточо температурасы -4...-5°Сден (тоо этегинде)-20...-25°Сге чейин (4000-4500 м бийикте), июлдуку 20-23°Сден(тоо этегинде) 0-5°Сге чейин (кыр бөлүгүндө). Жылдык жаан-чачын этектеринде 300-400 мм, кырына жакын 800-1000 мм. Кыргыз Ала-Тоосунда (голоцендик) жалпы аянты 520 км2ге жеткен 582 мөңгү бар. Анын 483 (жалпы аянты 471 км2) түндүк капталында, 99 (49 км2) түштүгүндө. Көбү борбордук бөлүгүндө (Кара-Балтадан Шамшыга чейинки аралыктагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 300 км2ге жетет). Ири мөңгүлөрү: Топ-Карагай (аянты 6,4 км2), Кең-Төр (10,0 км2), Голубин (9,4 км2), Туюк (8,5 км2), Чоң-Төр (6,1 км2). Кар чегинин бийиктиги 3750-4100 м. Суулары Чүй, Нарын жана Талас дарыясынын алабына таандык. Ири суулары түндүк капталында: Ысык-Ата (жылдык орточо чыгымы 7,2 м3/сек), Аламүдүн (6,3 м3/сек), Кара-Балта (5,3 м3/сек), Сокулук (5,2 м3/сек) жана башка; түштүк капталында: Каракол (чыгыш; 4,8 м3/сек), Көкөмерен, Суусамыр жана Караколдун (Таластын алабы) куймалары. Булар мөңгү жана кар сууларынан куралат. Апрель — май айларында кирип, август-сентябрда тартыла баштайт. Кыргыз Ала-Тоосунун топурак жана өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт.

Түндүк капталына кургакчыл талаа жана талаа (700-1000 м бийикте, ачык коңур топурактуу келип, ак шыбак, камгак, эбелек, ак кылкан жана башка өсүмдүктөр өсөт), кара коңур топурактуу талаа (1000-1600 м; бетеге, шыбак, карындыз, буудайык, караган жана башка), шалбаалуу талаа (1600-1900 м; кара топурактуу келип, бетеге, шыраалжын, буудайык, дүйүм чөп жана башка), токойлуу талаа-шалбаа (1900-2700 м; каралжын тоо-токой, тоо-шалбаа топурактуу, тескей беттеринде карагай, күнгөйүндө арча, аларга жанаша шалбаа өсүмдүктөрү, четин, кайың, тал, бадалдар — бөрү карагат, ит мурун, ак чечек жана башка), субальп (2700-3100 м), альп шалбаасы (3100-3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Түштүк капталдарында дарак өсүмдүктөрү кездешпейт. Анда тоолуу талаа ландшафты (2300-2900 м бийикте) орун алган. Тоо этегинде таштактуу жарым чөл ландшафты (1700-2300 м) бар. Башка ландшафттык алкактар түндүк жагына окшош, бирок кургакчыл келип, алардын чектери 300-400 мге бийигирээк. Жаныбарлары: сүлөөсүн, карышкыр, элик, тоо эчки, суусар, түлкү, бүркүт, ителги, улар, кекилик, чил, куш, арс чычкан, ач күсөн жана башка Кыргыз Ала-Тоосу негизинен жайыт катары пайдаланылат. Сарала-Саз, Суусамыр жана башка белгилүү жайлоолору бар. Тоо этектериндеги жана ички өрөөндөрүндөгү түзөң жана бир аз жантайыңкы жеринин көбү айдоого пайдаланылат. Тоонун түндүгүндөгү райондор түштүк капталдарындагы өрөөндөр жана жайлоолор менен Шамшы, ЫсыкАта, Ала-Арча, Сокулук ашуулары аркылуу байланышат. Төө-Ашуудагы тешкен тоо аркылуу Бишкек — Ош автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар