Пакистан: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
13-сап: 13-сап:


{{Азия өлкөлөрү}}
{{Азия өлкөлөрү}}
[[Категория:Пакыстан| ]]
[[Категория:Пакистан| ]]

16 декабрь 2017, саат 17:52 учурдагы нуска

Пакыстан.

Пакыстан, Пакыстан Ислам Республикасы (Ислами Жумхурие Пакистан) – Түштүк Азиядагы мамлекет. Түштүк-батышынан Иран, батышынан, түндүк-батышынан Ооганстан, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Ындыя менен чектешет. Түштүгүн Арап деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км2 (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 190,3 млн (2012; калкынын саны боюнча дүйнөдө 6-орунда). Борбору – Исламабад шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмырга, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакыстан рүпийи.

Пакыстан – Бириккен Улуттар Уюмунун (1947), Эл аралык өзөктүк энергетикасы боюнча агенттиктин (1957), Эл аралык валюта фондунун (1950), Бүткүл дүйнөлүк Соода уюмунун (1995), Интерпол (1952) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

Пакыстан федерациялык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш демократиялык республика. Мамлекет башчысы – президент. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011) Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент. Ал эки палатадан турат: төмөнкү (Улуттук ассамблея) жана жогорку (Сенат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр башында турган өкмөт. Пакыстанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Пакыстан мусулман лигасы, Пакыстан элдик партиясы, Пакыстан коммунисттик партиясы ж. б.

Колдонулган адабияттар